Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстан экономикасы быйылкы жылдын эки айында 8% өсүштү берди. Өкмөт өсүштү тоо-кен тармагы менен бекемдөөнү көздөп жаткан. Бирок мамлекет башчысы Жерүй алтын кени үчүн баштапкы баа 300 млн. доллар коюлганын сынга алды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын эки айында Ички дүң продукция өткөн жылга салыштырмалуу 8% өсүш берди. Бирок бул өсүш өткөн жылдагы төмөндөөнү толуктай албайт. Анткени 2012-жылы 2011-жылга салыштырмалуу 11% ылдыйлоо болгон эле.

Эки ай ичиндеги 8% өсүштүн булагы - Кумтөр. Кумтөрсүз ИДП 4.7% гана өскөн. Өнөр жай тармагы да Кумтөрдүн дурусураак иштөөсү менен 21% өсүш берген. Кумтөрсүз тармактын көрсөткүчү анчалык жогору эмес. Кумтөрсүз жалпы тоо-кен тармагы 2.7% ылдыйлап кеткен.

Тоо-кен тармагына өкмөт өзгөчө үмүт артып келатканы маалым. Бирок тармактагы абал өткөн жылдан бери оңолбой турат. Бийлик абалды Жерүй кенин ишке киргизүү менен түзөөнү көздөп, кенди сынактын негизинде инвесторго берүүнү чечкен. Анын баштапкы баасы 300 млн. доллар деп белгиленген.

Бирок президент Алмазбек Атамбаев мындай бааны инвестор көтөрө албай турганын айтып чыкты:

- Мына Жерүйдүн баштапкы баасы 300 млн. доллар болсун дептир. Ага да тилекке каршы өкмөт макул болуп, ушундай абалда аукционго чыгарылсын дептир. 300 млн. доллар баштапкы баасы болсо, бир да инвестор келбейт да.

Президент ошондой эле айла кетсе, Жерүйдү Кыргызалтын иштетиш керек деген оюн билдирген. Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев 300 млн. доллар жогору баа экенине кошулуп, бирок Кыргызалтын Жерүйдү иштетиши үчүн мамлекет өзү киришиш керектигин кошумчалады:

- Өкмөттүн токтому чыгып, Кыргызстан иштетүүнү өзүнө алса, анда адистерди топтош керек. Мына ошондо иштетүүгө болот. Акча табыш керек. Акчаны табууга болот. Ал үчүн күрөөгө Жерүйдүн өзүн койсо болот.

Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Жерүй боюнча сынактын убактысы да белгилене элек. Бул кендин айланасында түзүлгөн кырдаал тоо-кен тармагында кыйынчылыктар дагы эле уланып жатканынан кабар берет.

Экономиканын башка тармактарына келе турган болсок, курулуш тармагы эки айда 5.6%, негизги капиталга инвестиция 10% ашуунга өскөн.

Инвестиция демекчи, өткөн жылы Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 520 млн. доллардан ашуун болгон. Анын олуттуу бөлүгү Кытай жана Канададан келген. Эки өлкө тең 115 млн. доллардан ашуун инвестициялаган. Бул өлкөлөрдөн сырткары Британиядан 70 млн. долларга жакын, ал эми Түркиядан 20 млн. доллардан ашуун инвестиция салынган.

КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанга Казакстан 31 млн. доллар, Орусия 25 млн. доллардан ашуун инвестиция салган. Жалпысынан 2012-жылы Кыргызстанга келген түз инвестиция 2011-жылга салыштырмалуу 61% гана түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы соодасында терс сальдо сакталып кала берүүдө. Быйылкы жылдын бир айында Кыргызстандын экспорту 113 млн. доллар болсо, импорту 379 млн. долларга жетип, тескери сальдо үч эседен ашып кеткен. Тышкы соодадагы терс сальдо өткөн жылы да абдан жогору болгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG