Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Жаңы башталган 2014-жылы кыргыз экономикасынын абалы, анын өсүү ыргагы ириде өлкөдөгү саясий кырдаалга көз каранды деген пикирлер басымдуулук кылууда.

Расмий эсепте аяктаган жылдын жыйынтыгы менен экономикадагы өсүш 10 пайызга жетет деп күтүлүүдө. Акыркы эсептер ушул айдын ортосуна барып билинмекчи. 2013-жылы жеңил өнөр жай тармагы артка кетти, ошол эле учурда курулуш тармагы жана айыл чарбасы жанданды.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 2013-жылы курулуш тармагы 28% өстү. Ал эми чыныгы иш жүзүнөн алып карасак деле 2013-жылы бир эле Бишкекте 100дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр курулду жана курулуш жүрүп жатат. Мындай көрүнүш Советтер союзунун тушунда, калкты массалык түрдө турак - жай менен камсыз кылуу жылдарында да болгон эмес:

- Бишкекте жүздөн ашуун көп кабаттуу үй курулуп жатат. Курулуш тармагындагы мындай көрсөткүч союздун тушунда да болгон эмес. Мунун баары жеке акчага туруп жатат, бул жерде 4 млрд. доллардын айланасындагы акча иштеп жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, курулуш тармагындагы өнүгүүгө сырттан келип жаткан инвестициялардын салымы чоң. Ошол эле учурда курулуш тармагы өкмөттүн колдоосу жок эле өнүгүп жатканын көз карандысыз экономисттер баса белгилешет.

Экономист Бактыбек Турдубаевдин айтымында, курулуштун өнүгүп жатканына эң ириде ишкерлердин салымы чоң:

- Курулуш тармагынын өнүгүүсүнө өкмөт тараптан эч кандай колдоо болгон жок. Мына азыркы күндө бир эле Бишкекте жүздөн ашуун көп кабат үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Мындай курулуш союздун тушунда да болгон эмес деп атышат, бирок ал кезде мамлекет каржылап, турак-жайларды мамлекет курчу. Азыр болсо тармак жалаң жеке ишкерлердин күчү, демилгеси, акчасы менен өнүгүп жатат. Демек суроо-талап болгону үчүн сунуш да өсүп жатат.

Ошентсе да курулуш тармагы азырынча борбор калаа Бишкекте гана өнүгүп, башка аймактарда жылыш дээрлик жоктугун айтпай кетүүгө болбойт. Июнь окуясынан кийин мамлекеттик дирекция тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдү эске албаганда, Ош, Жалал-Абад шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн массалык курулушу дээрлик жокко эсе.

"КG групп” курулуш компаниясынын башкы директору Имамидин Ташовдун пикири боюнча июнь окуясынан кийин атайын мамлекеттик дирекция тарабынан Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жүргүзүлгөн иштердин курулуш тармагынын өсүшүнө тиешеси жок:

- Болжол менен 80% курулуш Бишкекте жүрүп жатат. 2010-2011-жылдары Ош менен Жалал-Абадда да көп кабаттуу үйлөр курулду. Бирок аны июнь окуясынан кийин атайын бул шаарларды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдү курулуш тармагынын өнүгүп жатканы деп айтууга болбойт. Жеке, коммерциялык көз карашта башка аймактарда тармак Бишкектегидей өнүккөн жок.

Ошентсе да сыртта жүргөн мигранттардан келип жаткан акча негизинен курулуш тармагына салынып жатканы өзгөчө элет жеринде билинүүдө. Статистикалык маалыматтарга ишенбөөчүлүк болбогону менен муну базар өзү далилдеп жатат, курулуш материалдарынын кымбаттап жатканы ага суроо-талаптын чоңдугун көрсөтүүдө.

Мигранттар демекчи, Улуттук банктын маалыматы боюнча 2013-жылдын он айында сыртта жүргөн кыргызстандыктардан дээрлик 2 млрд. доллар келип түшкөн, анын 98% Орусиядагы мигранттар жиберген акча.

Айыл чарбасында да өсүш байкалат

2013-жылы Кыргызстандагы дагы бир өнүккөн тармак катары айыл чарба айтылууда. Бул жерде эксперттердин көпчүлүгү дыйканчылыкта өнүгүү бар экенин, түшүм мол болгонун белгилесе, айрымдары гана мал чарбасын эсепке албаганда дыйканчылык баягыдай эле артта калып жатканын айтышат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү жана дыйкан-малчыларга жардам берүү үчүн өкмөт акыркы жылдары үстөк пайызы аз өлчөмдөгү насыяларды берүү, лизингдик негизде айыл чарба техникалары менен камсыздоо аракеттерин жүргүзүп келатат. Базарлар жана соода түйүндөрүнүн ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономарев бул эң ириде дыйкандар үчүн чоң колдоо болду деп эсептейт:

- Өнүгүү айыл чарбасында болду деп айтар элем. Акыркы эки жылдан бери жеңилдетилген насыялардын берилиши, лизинг системасы менен кошумча техникалардын келип жатышы, үрөн жагынан аз да болсо жардам берилип жатышы – айыл чарбасына жакшы саамалыктарды алып келди. Оор эмгек азайып, түшүм арбыды деп айтсак болот. Бул саясат мындан ары да улана берчү болсо, анда айыл чарбасындагы позитивдүү жылыштарга алып келет. Бирок айыл чарбасын жеке фермерлерди кооперативдерге бириктирүү менен дагы көбүрөөк ийгиликтерге жетишмекпиз.

Сергей Пономаревдун маалыматы боюнча, 2013-жылы Кыргызстандагы сүт иштетүүчү 11 ишкана өндүргөн азыктарын Казакстанга сатууну кайрадан жандантты. Маалым болгондой, 2011-жылы коңшулаш Казакстан Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды себеп кылып, эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан болчу.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы эгиндин түрлөрүнөн, жашылча-жемиштерден түшүм мол алынды. Алсак, жыл аяктай Таластагы дыйкандар 100 миң тонна төө буурчак жыйнаганы тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев журналисттерге билдирди:

- Айыл чарбасында көрүнүктүү өсүштөр болду. Дыйкандар абдан жакшы түшүм, киреше алышты. Бул жерде албетте, өкмөттүн гана эмес, аба ырайынын да жагымдуу болушунун таасири бар. Бир эле Таластагы төө буурчакты алалы. 100 миң тонна түшүм алынды, орточо эсеп менен килосу 2 доллардан сатылды. Дыйкандардын чөнтөгүндө 200 млн. доллар акча калды. Элде жашоо-турмушун жакшыртууга, келечегине инвестициялоого акча пайда болду.

Жоомарт Оторбаев 2013-жыл туруктуу экономика параметрлеринин үстүндө иштөөгө шарт түзгөн алгачкы жакшы жыл болду деп белгиледи.

Өткөн жылы айыл чарба тармагында болгон өсүүгө мамлекеттин эч кандай тиешеси жок деген пикирлер да бар. Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү, “Кенч” акционердик коомунун теңтөрагасы Элдар Абакиров айыл чарбасы дыйкандар менен малчылардын ишти жаңыча алып барып жатканына байланыштуу өнүгүүдө деп бекемдейт:

- Айыл чарба быйыл өнүгүүнүн жолуна түштү деп айтууга болот. Түшүм мол алынды, дыйкандар түшүмүн толугу менен жыйнап жетишти, кардын алдында калган эч нерсе болгон жок. Мисалы, мен билгенден Токмоктогу дыйкандар жүгөрү айдап, 1 гектар жерден 10 тоннага жакын түшүм алышты. Мунун баарына дыйкандар өздөрү изденип, жакшы эффективдүү үрөндөрдү издеп, аны өстүрүүнүн технологияларын өздөштүрүү менен жетишти. Атүгүл айыл чарба техникаларын да дыйкандар алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөн өздөрү алып келип, пайдаланышууда. Ооба, 2013-жылы кыргыз өкмөтү Түркиядан алынган насыя акчадан айыл чарба техникаларын апкелип, дыйкандарга тараткан. Бирок анын кандай шартта, кимдерге берилгени тууралуу маалымат жок.

Ылдыйлаган экономика: Тигүү жана тоо-кен тармактарында

Өткөн жылы кыргыз экономикасындагы төмөндөөлөр тууралуу кеп болгондо тигүү тармагы биринчи орунда экени айтылууда. Андан кийин тоо-кен тармагы.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги текстиль тармагы акыркы үч жылдан бери көрүнүктүү өнүгүп келатканын белгилегени менен, көз карандысыз эксперттер кыргызстандык тигүүчүлөр 2013-жылы чыгаша менен чыкканын, өндүргөн продукцияларын сатууда кыйынчылыктарды көргөнүн белгилешет.

Кыргызстандагы базарлар жана соода түйүндөр ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев тигүү тармагынын солгундашы Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенине байланыштуу болду деген пикирде:

- Тигүү тармагы ылдыйлады. Мунун объективдүү себептери бар, анткени 2011-жылы Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр үчүнчү өлкөлөрдүн, тагыраак айтканда, Кытай менен Түркиянын товарларына катуу көзөмөл коюп, базарларга киргизбей жаткан учурда, Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сатуунун көлөмү кескин жогорулаган. Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу менен Кытай, Түркиянын товарларына баягыдай катуу көзөмөл жок болуп, Кыргызстанда тигилген товарлар алар менен атаандаша албай калды. 2012-жылдын жарымынан тартып, өткөн жылы да тигүү тармагы төмөндөөнүн гана үстүндө болууда.

Сергей Пономаревдун айтымында, тигүү тармагындагы төмөндөөгө өкмөттүн тиешеси жок.

Кумтөрдө 4% өсүш

Тоо-кен тармагындагы төмөндөөлөр тууралуу да эксперттердин пикирлери кайчы кетүүдө. Айрымдары быйыл Кумтөрдө былтыркыга караганда өндүрүш жакшы иштегенин белгилеп, ошондой эле казакстандык инвесторлор Бозумчак алтын кенин иштетүүнү башташты деген пикирлерин айтышса, кээ бирлери саясий себептерден улам Кумтөр алтын кенинин айланасында түзүлгөн абал, Жерүй, Андаш алтын кендеринин иштетилбей турушу, Иштамберди алтын кени жергиликтүү элдин кийлигишүүсү менен токтогону, түштүктөгү алтын кендерин иштетүү лицензияларына ээ болгон айрым ишканалардын ушул эле себеп менен иш баштай албай жатканын айтышууда.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл Кумтөр алтын кенинде 4% өсүш болду. Ал эми Кумтөрдү кошпой эсептегенде быйыл Кыргызстанда экономикалык өсүш 6% ашты, экөөнү кошкондо 10% айланасында болот. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул Кыргызстан үчүн өтө чоң көрсөткүч деп белгиледи:

- 10-11% экономикалык өсүш дүйнө жүзү боюнча жогорку көрсөткүч, ал эми Кыргызстандын тарыхында 3% инфляциянын шартында мындай көрсөткүч болгон эмес. Экономикага 5 млрд. доллардын айланасында инвестиция салынды. Биз жеке инвесторлорго Кыргызстанда иштесе болорун көрсөтө алышыбыз керек. Сырттан кирген инвестициялардын көлөмү эки эсе көбөйгөнү да Кыргызстанга ишеним пайда болгонун көрсөтүп турат.

2014-жыл: Акча менен бизнес туруктуулукту сүйөт

Ошентсе да өлкөдө саясий туруктуулук болмоюнча экономика өнүкпөйт, инвестиция келбейт деген пикирлер жаңырган 2014-жылкы экономиканы божомолдоо учурунда көбүрөөк айтылууда. Кооптондурган башкы нерсе – Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин кабыл алынбаганына байланыштуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын ыктымал курчушу болуп жатат.

Кыргыз экономикасынын жаңы жылдагы акыбалы тууралуу боолгологон адистер бир ооздон “акча менен бизнес туруктуулукту сүйөт” деген мааниде, көп нерсе саясий туруктуулуктан көз каранды экенин айтышууда. Андан тышкары экономиканы алдыга жылдыруу үчүн мамлекеттик башкарууну реформалоо зарылчылыгын белгилегендер да бар.

Көз карандысыз Minchenko Consulting компаниясы Кыргызстанды сырткы инвесторлорго кызыкдар өлкө катары Борбор Азияда акыркысынан алдыңкы, тагыраак айтканда, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстандан кийинки орунда турарын жазып чыкты. Компаниянын иликтөөсү боюнча Кыргызстанга инвесторлор ички жана тышкы тобокелчиликтер арбын болгону жана ресурстук кепилдик төмөн болгону үчүн акча салуудан чочулашат. Ал эми инвесторлор үчүн бирден бир ыңгайлуу жагы өлкөдө ишкерлик кылууга эркин шарттар бардыгы, мыйзамдар башка өлкөлөргө караганда катаал эмес, ачык болгону белгиленген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG