Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

“Арай көз чарай” талкуусунда чакан насыя чын эле турмушту оңдоого өбөлгө болуудабы деген суроо ортого салынды.

Талкууга “Бай түшүм” микрокредиттик компаниянын кызматкери Кубанычбек Бакиров жана эксперт Максат Королуев катышты.





“Азаттык”: Кубанычбек мырза, бүгүнкү күнү “Бай түшүм” компаниясы берген насыя акчанын үстөгү канча?

Бакиров: Микрофинансылык сектор Кыргызстанда 1995-жылы пайда болду. 16 жылдын ичинде биздин коомчулук үчүн көзгө, сөзгө илинээрлик жетишкендиктер болду деп айта алам.

Кредиттик портфелдин жалпы суммасы бүгүнкү күндө 17 млрд. сомдон ашык жана кардарлардын жалпы саны 400 миң адамга жетти. Бул 400 миң адамды минималдуу алганда же иш орду менен, же өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу дегенге барабар. Эгер ар бир үйдө 3-4 адам иштеген болсо, бүгүнкү күндө микрофинансылык сектордун жардамы менен 1 млн. 200гө жакын адам иш менен камсыз болду.

“Азаттык”: Сиздерде насыянын эң төмөнкү жана эң жогорку пайызы канча?
Жоопкерчилик эки тарапта тең болуш керек. Кардар кредит алып атканда бүт мүмкүнчүлүгүн эсепке алып, биздин шарттарды жакшы изилдеп, келишимдин шарттарын окуп, кол коюп, анан алыш керек.

Бакиров: Биздин эң төмөнкү үстөк пайызыбыз жылына 27 пайызды түзөт. Бир айлыкка эсептесек 2,25 пайыз. Бул ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык үстөк насыянын түрүнө жараша болот. Эң кымбаты 35 жылдык пайыз. Бир айлыгы 2,9, башкача айтканда айына 3 пайыздан арзан. 35 пайыздык насыялар чет өлкөдө иштеп жана бизнес жүргүзүп жаткан жарандар үчүн жана жеке түрдө муктаждык кредиттер үчүн.

“Азаттык”: Максат мырза, азыр Кубаныч мырза айтып кеткен пайыздар менен кредит алып аткан адамдын үмүтү акталабы? Канчалык деңгээлде пайда көрөт?

Королуев: 30 пайыз бул кымбатыраак болот. Эгер бизнести жакшы жүргүзсөңөр, 100 пайыз бир жылга алсак 70 пайыз таза киреше калат. Кымбат болгону менен жакшы иштетсеңиз бул керектүү нерсе.

“Азаттык”: Кубаныч мырза, сиздердин компания чет өлкөлүк инвесторлордон канча пайыз менен аласыздар?
Эгер ар бир үйдө 3-4 адам иштеген болсо, бүгүнкү күндө микрофинансылык сектордун жардамы менен 1 млн. 200гө жакын адам иш менен камсыз болду.

Бакиров: Мен финансылык бөлүмдө иштебегендиктен адашып калуудан коркуп, бул суроого түз жооп бере албайм. Мен биздин кардарларга сабаттуулукту каалайт элем, жоопкерчиликти бир эле микрофинансылык ишканаларга жүктөшпөсүн.

Биз кардарлар менен тең ата сүйлөшөбүз. Жоопкерчилик эки тарапта тең болуш керек. Кардар кредит алып атканда бүт мүмкүнчүлүгүн эсепке алып, биздин шарттарды жакшы изилдеп, келишимдин шарттарын окуп, кол коюп, анан алыш керек.

Королуев: Жеке компаниялар пайызды эч качан түшүрбөйт, алар кирешеге иштейт. Мамлекеттин ролу – атаандаштыкка шарт түзүү. Канчалык көп микрокредиттик институт болсо, ошончо төмөн проценттик үстөк болот. Он жыл мурун бир жылга 48 пайыз болчу. Азыр банктарда 20дан 25 пайызга чейин.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG