Линктер

Кыргызстандын 2016-жылдын алты айындагы социалдык-экономикалык абалы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда көп көрсөткүчтөр боюнча төмөндөп кеткен.

Өлкө өндүрүшүнүн өйдөлөй албай, салык ойдогудай чогулбай, инвестиция илгерилебей жатышынын негизги себеби эмнеде? Өкмөттүн экономикалык программасы, ага жараша аракеттери эмне үчүн байкалбайт? Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши өлкө экономикасына эмне үчүн өбөлгө боло албай жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана экономика боюнча серепчи Мейманбек Абдылдаев катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, 2016-жылдын алты айында Кыргызстандын ички дүң продукциянын көлөмү 176 миллиард сомдон ашып, реалдуу өнүгүү темпи 97 пайыз болуптур, өткө жылы бул көрсөткүч 106 пайыз болгон. Мындай төмөндөөнүн негизги себептерин өкмөт эмнеден көрөт?

Данияр Иманалиев: Буга бир нече себептер бар. Өндүрүш тармагы бир аз төмөндөп кетти. Калган тармактарда өнүгүү бар. Мисалы, айыл чарбасында 2,9 пайыз, кызмат көрсөтүү тармагында 2,1 пайыз өсүш бар. Мен экономиканын бардык тармагында өсүш жок дегенге кошулбайм.

Өндүрүштүн төмөндөп кетишине алтын өндүрүү кыскарып кеткени себеп болду. Айталы, “Кумтөрдөн” былтыр 8 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлсө, быйыл 5 тоннанын тегерегинде болуп калды. Мындан сырткары курулуш тармагы да ылдыйлап кетти. Анын да бир топ себептери бар.

“Азаттык”: Мейманбек мырза, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине эки жыл болуп калды, бул уюм өлкө экономикасына өбөлгө болбой, тескерисинче, жолтоо болуп чечилбей жаткан көйгөйлөрү көбөйдү деген пикирлер айтылууда. Кыргызстандын экономикасынын төмөндөшүнө ушул фактор себеп болгон жокпу?

Мейманбек Абдылдаев: Сырткы факторлор, албетте, таасирин берет. Азыр бүткүл дүйнө жүзү боюнча экономика басаңдоодо. Америка, Европада, Орусияда да төмөндөөдө.

Экономиканын басаңдашына саясат да өз таасирин тийгизүүдө. Орусияда жүргөн мигранттардын Кыргызстанга келген акчасы азайды эле, анын да өз залакасы болууда. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине киргенибиз стратегиялык жактан туура чечим болгон. Бирок акыркы эки жылда бюрократиялык тоскоолдуктар көп болууда.

Экономикабыздын өнүгө албай жатышынын эң негизги себеби структуралык реформалардын жасалбагандыгына байланыштуу. Качанкыга чейин эле “Кумтөрдү” карап отурабыз? Экономикага салым кошо турган башка реалдуу секторлорду өнүктүрүү боюнча эмне үчүн иштебейбиз?

Айыл чарбасында эки пайыз өсүш деп жатпайбызбы. Бул өскөн жок деген эле сөз, жөн эле арифметикалык катанын негизинде эле жазылып калган нерсе. Реалдуу өсүү деген 10-20 пайызды түзөт. Ушундай кризистик мезгилде көп реформаларды жасап алсак болмок. Ошондуктан өндүрүшкө кредиттерди өз убагында, тезирээк берип аларды колдош керек болчу. Өкмөттө, каржы маселелерин чече турган министрликтердеги жетекчи кадрлардын чабалдыгынан да көп нерсе аксап жатат.

“Азаттык”: Данияр мырза, биз ЕАЭБ уюмунан эмне пайда көрүп жатабыз, даярдыктарыбыз бүттүбү, бүгүн биз кайсы деңгээлдебиз?

Данияр Иманалиев: ЕАЭБ боюнча айтсак, биздин үчүнчү мамлекеттер менен болгон чек араларыбыздагы төрт өткөрмө пункттары талапка ылайык толугу менен жабдылып бүттү. Жети ветеринардык лабораториябыз да толугу менен курулуп бүттү. Фитосанитардык көзөмөл былтыркы ноябрь айынан бери алынып салынган. Кыскасы, Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен кызматташуу боюнча техникалык даярдыктарыбыз бүттү десек болот.

Мындан сырткары биздин ири ишканаларыбыз ЕАЭБ өлкөлөрүнө эркин соода кылууга реестрлерден өтүп жатат. Мисалы, айыл чарбасы боюнча эле 18 ишкана атайын талаптарга ылайык реестрден өтүштү. Эми алар Орусия, Казакстан, Беларустун аймагында өз продукцияларын эркин киргизип, эркин сата алышат. Ошого карабай ветеринардык көзөмөл жагында бир аз маселелер бар, четинен чечилип жатат.

“Азаттык”: Мейманбек мырза, 2016-жылдын алты айында өлкөдө салык жыйноо 4 пайызга төмөндөп кетиптир, Бишкек шаары 10 пайыз ылдыйлаптыр. Бул эмне салыкчылардын жакшы иштебегендигиненби же салык төлөй тургандардын азайып кеткениненби?

Мейманбек Абдылдаев: Өткөндө “Куликов” тортун чыгаргандар продукциябызды Казакстанга чыгарчу элек, азыр алып бара албай калдык деп айтып жатышат. Анткени алардын товарларына караганда биздин товарлардын экспорттук мүмкүнчүлүгү начарлап кеткен.

Биз сомубуз бекем, туруктуу деп мактанып жатпайбызбы, бул экспортко тоскоолдук кылууда. Сомду бекемдейбиз деп жатып, экспортту азайтып алдык. Анан инвестиция жок болсо, жаңы жумушчу орундары ачылбаса, өндүрүш жок болсо салык кайдан келет? Ошондуктан салык жыйноонун азайып кетишине биринчиден, административдик уюштуруу иштеринин начарлыгы, экинчиден, салык төлөй тургандардын азайып кетиши себеп болушу мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG