Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасаган улуттук буюмдар дүйнөлүк базарларда сатылууда. Бирок алар көпчүлүк учурда Казакстандыкы деп сатылып келет.

Бишкектин тургуну Курманбек Сартыматов тери иштетүү өнөрүнүн ээси. Кол өнөрчүлүк ишинин башында кыз-келиндердин сумкаларын, капчыктарды көбүрөөк жасап жүргөн болсо, кийинчерээк чеберчилигин кеңейтип, ат жабдыктарын толук комплект менен жасоого өткөн. Мындан тышкары суроо-буюртмалар болуп калса, чанач, сабаа, көөкөргө чейин жасап жүрөт:

- Мурда булгарыдан аял-эркектердин сумкаларын, сувенирлерди көп жасачубуз. Кийинчерээк ат жабдыктарын жасай баштадык. Буюртмаларга карап иштейбиз. Бизге эки жолу чет мамлекеттен, биринде Орусиядан кино тарткан компаниядан көчмөндөрдүн ат жабдыктарын, жаа, саадак жана башка нерселерин жасап берүүбүздү суранышкан. Кийинкисинде казакстандык киночулар да тарыхый тасма тартып атышкан экен, аларга көчмөн калк колдонгон көөнө буюмдарды жасап бергенбиз.

Биздин каарманыбыз союздун тушунда “Кыял” бирикмесинде иштеген. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы каатчылыкта дал ушул кол өнөрчүлүгү менен ирденгенин айтат. Учурда “Сымбат” деп аталган чакан ишкана түзүп, келинчеги, уулу менен чогуу иштейт.

Кыргыз ээри

Кыргыз ээри

​Ат жабдыктарын жасоодо чабылган ээрди сатып алышат, андан ары тери чаптап, анын сыртынан күмүш ж.б. баалуу металлдар менен кооздоо иштери цехте жасалат. Ээрден тышкары жүгөн-көмөлдүрүк, үзөңгү боо жана башка жасалгаларына чейин бардыгы териден даярдалат:

- Өрүмдөрдү да терини аябай ийлеп, жумшартып туруп, териден гана өрөбүз. Эч кандай жип кошулбайт. Даяр тери сатып алабыз. Биз жылкынын, малдын терисин ашатып, өзүбүз даярдайлы деген да ойлорубуз бар. Мисалы, Казакстандан тарыхый киного буюртма түшкөндө, көчмөндөр колдонгон идиштердин бардыгын чылк териден жасап бергенбиз. Терини кадимкидей жүнүн жыдытып, ашатып, анан ийлеп дегендей, баарын өзүбүз жасаганбыз.

Күмүш чапталып, асыл таш чөгөрөбүз

Маектешибиздин уулу Санжар Курманбеков зергерчилик өнөрүн үйрөнүп, ар кандай металл менен ар кандай кооздуктарды жасайт. Ал дагы Чокморов атындагы көркөм өнөр окуу жайын аяктаган. Азыр жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан жигит окуудан бош убактысында атасына кол кабыш кылат:

Териден тигилген буюмдар

Териден тигилген буюмдар

- Мен көбүнчө жасалга менен иштейм. Ат жабдыктарын, баштык жана башка нерселерди кооздоп, күмүштөн, мелхиордон жана латундан жасалга тагабыз. Ошолордун эскиздерин кагазга түшүрүү, андан күмүшкө чегерүү - кадимкидей зергерчилик иш. Жасалгаларга кээде буюртма ээлеринин каалоосу менен асыл таштарды да карматып, жасайбыз.

Чоң түйшүк, арбын мээнет менен жасалган ат жабдыктары кол эмгегинин сарпталышына, кымбат металлдар менен жасалгасына жараша бааланат. Мындай ээрлердин баасы жабдуулары менен кошо жүз миң сомдон жүз элүү миң сомго чейин. Мындай ат жабдыктары көбүнчө тартууга бергенге же чет мамлекеттерге сатууга кетет. Ошол эле учурда жөнөкөй, күнүмдүк пайдаланууга сурагандар да болот. Алардын баасы 20-25 миң сомдун айланасында.

Өз мээнетибизди өзүбүз таанытсак

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасаган эмгектер бүгүн дүйнөлүк базарларга да чыга баштады. Азырынча аз санда. Анткени, Европа жана алыскы өлкөлөрдүн базарларына чыгуу үчүн алардын талаптарына ылайык стандарттарга жооп берүүгө тийиш. Ошентсе да, алыс-жакынкы базарларда Кыргызстанда жасалган кол өнөрчүлүк жана башка улуттук буюмдар Казакстандын бренди менен сатылган учурлар көптүгү айтылат. Курманбек Сартыматовдун цехинде жасалган буюмдардын да көпчүлүгү Казакстанга сатылат. Ушундан улам, ортомчу сатуучулар буюмдарга “Кыргызстанда жасалган” деген брендди жазбай эле коюусун суранышат:

Мүйүз

Мүйүз

- Биз жазсак, саткандар “жазбай эле койсоңор” деп суранышат. Ошондуктан, өзүбүздүн “Сымбат” деген брендди гана басабыз. Биздин буюмдарды көбүнчү казактар сатып алышат дешет. Мисалы, өткөн жылы казактар тарыхый бир тасма тартып, ошого илгери көчмөндөр колдонгон тери буюмдарды, идиштерди жасап бергиле деп суранышты. Жаадан тарта чыныга чейин баарын жасап бергенбиз. Анын ичинде суу ташыган тери көнөктөн тартып, ээр-токум ат жабдыктарына чейин бар болчу. Терини өзүбүз иштетип, жүнүн жыдытып, ашатып, кадимкидей, баарын өзүбүз жасаганбыз. Жалпысы болуп, 6,5 миң долларлык буюм жасап бердик.

Курманбек Сартыматовдун “Сымбат” кол өнөрчүлүк цехинде даярдалган улуттук буюмдар көбүнчө базарлардагы, ири соода борборлорундагы улуттук буюмдарды саткан ортомчулар аркылуу сатыкка чыгат.

Байкоочулардын белгилөөсү боюнча, Кыргызстанда сырье менен жумушчу күчүнүн арзандыгынан улам жасалган буюмдардын өздүк баасы да арзан. Ошондуктан, айрым учурларда Кыргызстанда жасалган көчмөн элдер колдонгон буюм-тайымдарды казактар арзан алып кетип, өз базарларында эки эселеп кымбат сатышары айтылып жүрөт. “Кыргызстандыкын сатып ал” деп аталган коомдук уюмдун уюштуруучусу, жарандык активист Бакыт Дегенбаев бул маселеге кыргыз өкмөтү, Экономика министрлиги көңүл бурууга тийиш деп эсептейт:

- Өкмөт эл аралык, дүйнөлүк базарда Кыргызстандын имиджин көтөрүүгө аракет кылууга тийиш. Дүйнө рыногунда канчалык Кыргызстан көтөрүлүп, аброю өссө, ошончолук бизге пайдалуу. Биз жаңыдан ирденип келе жатабыз. Көп эле өлкөлөр мындай кыйын-кезеңди башынан өткөргөн. Биз дагы бул жолду басып өтүп, эл аралык деңгээлде өсүүгө убакыт келип жетти.

Жакында Евробиримдик Кыргызстанда жасалган, өндүрүлгөн, өстүрүлгөн 6000ден ашуун түрдөгү товарга жеңилдик берди. Бул деген биримдикке мүчө өлкөлөрдүн базарларына Кыргызстандын товарларына кеңири жол ачылат деген сөз. Ал үчүн Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн товарларга Европа деңгээлиндеги сапаттык сертификат алып жана башка тиешелүү талаптарды аткаруусу тийиш.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG