Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Өкмөт башчы Темир Сариев финансы-экономикалык багыттагы программасын жарыялады. Акча-насыя саясатын кардиналдуу өзгөртүүнү көздөгөн өкмөт башчынын программасын аткарууга убакыт жана мүмкүнчүлүк болобу? Реформалар турмушка ашырыла баштаса кандай тобокелдер чыгышы мүмкүн?

Темир Сариевдин программасы 2017-жылга чейинки мөөнөттү камтыйт. Ошондуктан парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча кайсы партия жеңишке жетишип, кандай коалиция түзүлөрү азырынча белгисиз болуп турганда, Темир Сариевдин орто мөөнөттүк программасынын канчалык зарылдыгы бар деген суроо туулат.

Экинчи жагынан Темир Сариев өкмөт башчылыктын тагдыры келечектеги шайлоонун жыйынтыгына жараша чечилерин билсе да, экономикалык программасы жана көз карашы бар экенин жарыялап коюну эп көргөндөй. Өкмөттөгү булактар мына ушул версиянын чындыкка жакын экенин тастыкташууда.

Программанын өзүнө келе турган болсок, ал тезис түрүндө жазылып, мурунку программалардан айырмаланып акча-насыя саясатын өзгөртүүнү көздөйт. Маселен, азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан акча саясаты импортту колдоого багытталган, аны биз экспортту колдоого карай өзгөртүшүү керектиги белгиленген. Мамлекеттик макроэкономикалык саясат инфляцияны ооздуктоого эле эмес, экономикалык өсүштү да камсыздоого багытталышы көрсөтүлгөн.

Экономика министрлигинин алдындагы макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев Темир Сариевдин программасын жалпы өкмөттүн программасы экенин белгилеп, бул программаны аткарууга өкмөттүн кирише албастыгын жокко чыгарбайт:

- Эми азыркы өкмөт бул программаны аткарууга чечкиндүү кирише албайт. Анткени 4-октябрда боло турган шайлоо буга жол бербейт. Ал шайлоодо кайсы партия келет, кайсы күчтөр коалицияга барып, өкмөттү түзөрүнө жараша болот. Бул программа эми келерки өкмөткө негизги багыттарды көрсөтүү болмокчу.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев өкмөт башчы Темир Сариевдин акча-насыя саясатын өзгөртүп, аны экспортту колдоого карай буруу максаты туура дейт:

- Биз накталай сомдун көлөмүн азайтып, инфляцияны ооздуктайбыз деген туура эмес. Инфляция азыраак көбөйсө эч нерсе эмес. Негизгиси экономика иштеш керек. Инфляциядан коркуп эле накталай сомдун көлөмүн азайтабыз десе, анда экономиканы жок кылып алабыз.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев акча-насыя, валюта саясатын экспортту колдоого АКШ, Кытай өңдүү ири мамлекеттер пайдаланып жүргөнүн, экономикасы алсыз Кыргызстан андай саясат жүргүзүүгө чамасы келеби деп шекшинет.

Кыргызстандын Улуттук банкы жана өкмөтү жүргүзүп келаткан макроэкономикалык саясат инфляцияны ооздуктоо жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоону көздөйт. Мындай саясат республика эгемендүүлүк алгандан кийин эл аралык финансылык уюмдар тарабынан сунушталган. Эгемен Кыргызстан мезгилинде 24 өкмөт башчы алмашса да бул акча-насыя саясат өзгөртүлбөй келатат. Бул саясатты аткаруу үчүн Улуттук банк валюта резервин чачып, мамлекеттин акча базарында накталай сомдун көлөмүн кыскартууга аракеттенип келатат.

Ошондуктан Темир Сариевдин экономикалык программасын ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын саясатын өзгөртүү жагын макулдашуу керекпи маселеси чыгат. Анткени Темир Сариевдин программасында инфляцияны ооздуктоо эмес, экономикалык өсүшкө артыкчылык берүүгө басым жасоо мына ошону талап кылат.

Кыргызстан экономисттеринин ичинде акча-насыя саясатын жүргүзүүнү эки түрү боюнча талаш-тартыштар бар. Экономист Эркин Сакиев Кыргызстандын Улуттук банкы АКШнын Резервдик системасы сыяктуу эле республика экономикасын аз үстөк пайыздуу жана узак мөөнөттүк насыя менен камсыздап, экономикалык өсүшкө салым кошуш керек дейт.

Ал эми Улуттук банк негизги милдети катары жогоруда айтылгандай макроэкономикалык туруктуулукту жана сомдун курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөөнү көрөт. Темир Сариев бул саясатты өзгөртө алышы көп жагынан күмөндүү.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG