Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Казак өкмөтүнүн атайын делегациясы Кыргызстанга келип, сугат суу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылууда. Суу маселеси эки өлкө чече коюучу көйгөйлөрдөн эмес экенин, бул маселени жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары арай көз чарай отуруп чечүүсү керек деген пикирин экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Азаттыкка” маек курган учурда билдирди.

- Суу маселеси тууралуу эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстан үчүн пайдалуу бир жыйынтыкка келиши мүмкүнбү?

- Суу жана башка маселелер өлкөлөр аралык экономикалык келишимдерге жараша болот. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү ар бир экономикалык маселелерди, анын ичинде суу маселесин бөлүп карабай, комплекстүү караса абдан жакшы болот эле.

Дүйнө жүзүндө глобалдаштыруу, чек араны ачуу, биргелешкен экономикалык, бажы, салык саясаттарын жүргүзүп жаткан кезде биз да ошол Сырдарыя, Нарын дарыя бассейндериндеги сууларды пайдалануу, электр энергиясын чыгаруу, ошол энергияны да ушул өлкөлөр арасында орток бир келишим менен пайдалануу маселесин чечмейинче мындай сүйлөшүүлөр убактылуу гана болуп атат.

Ошондой эле азыркы сүйлөшүүдө Кыргызстан Казакстанга “сен муну кылсаң мен тигини аткарам” деп кичинекей эки кишинин соодалашканындай кылып, ультиматум койбошу керек. Бул өтө эле төмөн деңгээл. Тескерисинче сууну орток пайдалануу тууралуу маселени Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын алдына коюш керек.

- Бир жылдары сууну товар катары сатуу тууралуу демилге көтөрүлдү эле. Анын аягы эмне менен бүттү?

- Бул туура эмес. Сууну товар катары сатуу – эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык согуш деген сөз.

Дунай бассейнинде канчалаган Европа өлкөлөрү турат, алар эч качан бул маселени ойлоп да коюшкан эмес. Бул чолок акыл, экономикалык билимсиз адамдардын чыгарган сөзү. Суу эч качан товар катары сатылбайт, суу ушул өлкөлөрдүн пайдасы үчүн иштетилиши керек. Мына ушуну жүзөгө ашыруу зарылчылыгы турат.

- Айрым учурларда Кыргызстандын коңшулары өздөрүнүн пайдасын көздөп, чек араны жаба коюп, күйүүчү майды сатпай, кээ бир көздөгөн максаттарын ишке ашырып алып эле жатышпайбы. Кыргызстанга келгенде суунун артынан айрым бир көйгөйлөрүн чечип алууга эмнеге болбосун?

- Бул эми эки кичинекей баланын чырына окшоп калууда. Кыргызстан Казакстанга “сен кечээ чек араны жапкансың, эми мен бүгүн суумду жабам” деген сөз пастык болуп калат.

Ошондуктан бул маселени мамлекеттер аралык деңгээлде чечүүгө аракет кылыш керек. Бул маселени комплекстүү түрдө коюу керек. “Мына биз сууну койо берели, аны койо бергенде иштетилип чыгарган электр энергиябызды алгыла” деген сөздөр болушу тийиш. Ал үчүн туруктуу экономикалык сүйлөшүүлөр болушу керек. Биз антпей эле былтыр апрель-майда жабылган чек араны, мигранттарга жасалган мамилени эскере баштасак кайра чырга алып келет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG