Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Эмгек келишимдин кадыры кризисте билинди


Орусиядагы кризистин эпкини кыргызстандык тигүүчүлөрго да тийди. Сүрөттө: Кыргызстанда тигилген кийимдер, Якутиянын базарында сатылып жатат. 2013-жыл

Орусиядагы кризистин эпкини кыргызстандык тигүүчүлөрго да тийди. Сүрөттө: Кыргызстанда тигилген кийимдер, Якутиянын базарында сатылып жатат. 2013-жыл

Кыргызстанда тигүү тармагында жумуш берүүчү менен тикмечилердин ортосундагы эмгек келишиминин жоктугу соңку кездери чоң көйгөй жаратып келет.

Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеген аялдардын тобу бир жарым айдан бери айлык акысын алалбай жатканына нааразы. Алардын арасында студенттер, жалгыз бой энелер, кош бойлуу аялдар да бар. Маянаны беребиз деген убада ишке ашпаган соң, алар тигүүчү цехтин ээлери менен араздашууга чейин барып, эми айлыктан куру калабызбы деп кооптонуп жатышат.

Алды 25-30 миң сомго чейин аласабыз бар деген кыздар маянасын өндүрүп алуу максатында тийиштүү органдарга кайрылып, эч биринен жарытылуу жооп алган эмес.

"Биздин укукту ким коргойт?"

Он жылдай бул тармакта иштеген Айгүл Чыныбаева Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн тартып, бир топ мекемелерге барышканы тууралуу буларды айтып берди:

- Шартыбызды айттык, жакшы эле күттүк. Бүгүн, эртең деп келе жатканына 15 күн болду. 15 күн бою баарыбыз ээрчишип алып, болгон жерди кыдырдык, суукта тоңдук. Кайсы жерге барбайлы, эки-үч саат эшикте күттүрүп коюшат. Орой мамиле жасап, шылдың кылышат. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө, прокуратурага, Финполицияга бардык. Баары эле бири-бирине түртүп салат. Алар бюджеттин гана укугун коргой алабыз, жеке менчикте эмгек келишимсиз укугуңарды коргой албайбыз деп бизди түртүп, өздөрүнөн алыстатып жатышат.

Бишкектеги тигүү цехтердин бири

Бишкектеги тигүү цехтердин бири

Көп жылдан бери тикмечи болуп иштеп келаткан жалгыз бой эне Махабат Байгазиева негизинен тигүүчү цехтерде эмгек келишимин түзүү деген түшүнүк жоктугун иштин шарттары өз ара оозеки макулдашуу негизинде жүрөрүн белгилейт. Мунун зыяны күнүмдүк жумушта сезилбегени менен талаш-тартыш учурунда эмгек укугунун тебеленишине шарт түзүүдө.

- Жок дегенде өкмөттөн бизге окшогондорго шарт түзүп, укугубузду тебелегендерге чара көрө алабы? Биз үчүн мыйзам болобу? Биз дагы мамлекетке, Соцфондго акча төлөп, кийин пенсияга чыгышыбыз керек. Биз эч жерде каралбайбыз. Силер мамлекетке акча төлөбөйсүңөр дейт. Анысы туура. Бирок биздин укугубузду анда ким коргойт?

Аялдар даттанган цехтин технологу Канатхан Касымова менен байланышканыбызда ал цехтин ээси Дастан Боромбаев Москвада сооданын жайын билгени кеткенин, аны менен айлыкты берүү туурасында сүйлөшкөнүн, акча эки-үч күндүн ичинде берилип калышы мүмкүндүгүн айтып, кыздардын дооматын четке какты.

- Айлык акыны бериш керек болчу. Аны Орусиядан которо элек. Кыздар цехтин ээси менен сүйлөшкөн. Ал жактан акча келсе берем, келбесе кайдан берем? Ээси Москвага соодадан кабар алып келейин деп кыздарга айтып кеткен. 1-1,5 ай акча болбойт, аванс берем деген болчу. Аванс берген.

Кааласа тикмечи бир жума иштейт, айлыгын алып, башка цехке кетип калат. Ошол эле бир кийимдин фасонун башка цех беш сомго кымбат тигип жатса, тигүүчүлөрдүн бригадасы ошол жакка оойт. Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ансыз бул маселе чечилбейт.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Эркебек Ырысбергенов аялдардын арызы кабыл алынганын, бирок ал иштин каралар-каралбасын тергөөчү чече турганын билдирди:

- Бизге мындайлар толтура кайрылат. Тергөөчү бул боюнча иш козгой албайт, сотко кайрылгыла деп чечим чыгарып берет. Ошол боюнча алар сотко барат, тергөөчүнүн токтомун тиркеп туруп, өздөрү акчабызды бербей жатат деп арыз жазсын, түшүнүк каттарын соттун канцеляриясына бериш керек. Ошентип экинчи инстанцияга кетти деген болот. Анан сот кайра бизге тапшырма берет, карагыла деп. Ошондон кийин участкалык милиция ал кишини сотко алып келет.

"Көмүскөдөн чыгаруу зарыл"

Жеңил өнөр жай ассоциациясынын төрагасы Фархат Төлөгөновдун айтымында, мындай көрүнүш негизинен көмүскө иштеген цехтерде болот. Эмгек келишимин түзбөй иштөө тикмечилер эмес, ошол эле жумуш берүүчүлөрдүн өзүнүн ишине дагы кедергисин тийгизерин белгилеген адис, бул маселени чечүү өтө татаал деген пикирде:

- Келишим жок. Кааласа тикмечи бир жума иштейт, айлыгын алып, башка цехке кетип калат. Ошол эле бир кийимдин фасонун башка цех беш сомго кымбат тигип жатса, тигүүчүлөрдүн бригадасы ошол жакка оойт. Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ансыз бул маселе чечилбейт.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек эмгек келишиминин жоктугун, башынан эле келе жаткан көмүскө иштөө системасынын тескери эпкини өзгөчө азыркы кризис маалында көбүрөөк сезиле баштаганын белгилейт. Ал өкмөт ишкерлердин ачык-айкын иштөөсү үчүн шарт түзүп бермейин мындай көрүнүштөр боло берерин, анын кесепетин карапайым жарандар эле тартарын айтууда.

- Мунун эң чоң негизи себеби, өлкөдө Соцфонддун төлөмдөрүнүн көлөмүнүн чоңдугу. Анткени бир ишкер ишин ачыктап, Соцфонддун төлөмдөрүн толук төлөйм десе, ал абдан чоң каржылык жүктү көтөрөт, чыгаша көп болот. Ошондуктан ал ишинин белгилүү көлөмүн ачып, калганын катып келет. Ооба, мунун баары кризис шартында тереңдеп жатат. Биз канча жолу Соцфондго кайрылганбыз, укпай келет. Негизи эле бизде жеке сектордо мындай маданият калыптана элек. Биринчиден, жумушка кирип жаткан адам эмгек келишимин түзүүгө аракет кылбайт. Ошондой шарт менен жумушка орношпойт. Качан гана жанагыдай талаштар чыкканда эмгек келишими маселеси калкып чыгат.

Кыргызстанда өндүрүштө иштегендердин 38% ушул тармакта эмгектенгендер түзөт. Расмий маалыматтар боюнча, 2014-жылы Кыргызстанда 3000дөн ашуун чакан жана ири тигүү ишканалары иштеп турган. Тигүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстандагы тигүү өнөр жайынын өндүрүшү 50% азайган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG