Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Жээнбеков: Үч дүкөнгө эскертүү берилди


Монополияга каршы агенттик ири соода жайларды, дүкөндөрдү текшерип чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.

- Текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берсеңиз. Эгерде мыйзам бузуулар катталса, мыйзамга ылайык кандай чаралар көрүлөт?

- Биз ушул жылдын 11-октябрында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов менен бирге Бишкек шаарындагы базарларды, чоң соода түйүндөрүн кыдырып чыктык.

Таанышуу учурунда айрыкча соода түйүндөрүндө бир топ мыйзам бузуулар, же соода жүргүзүүнүн эрежелерин бузуулар катталган. Өкмөттүн жыйынында ошолорду жоюу боюнча бизге тапшырма берилген. Ошонун негизинде биз комиссия түзүп, шаарда жайгашкан “Народный”, “Бета сторес”, “7 дней” деген соода борборлорун кыдырып, алардын иштери менен таанышып чыктык.
Дүкөнгө тапшырып, сатуу укугуна ээ болгону үчүн 4 миң сомдон 19 миң сомго чейин акча алып аткандыгы, жыл сайын ар кандай иш-чараларды өткөрдүк деп 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча алып аткандыгы тууралуу арыздар бар болчу.

Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүүнүн эрежелери бар, ал 2011-жылдын 2-августунда толуктоолор, өзгөртүүлөр менен дагы бир жолу кабыл алынган.

Текшерүүнүн натыйжасында соода жүргүзүүнүн эрежелерин бузуулар аныкталды. Мисалы, “Народный” соода түйүндөрүндө бир топ мыйзам бузуулар бар экен.

Бул жерде товар өткөрүүчүлөр, же биздин ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн өкмөткө жана бизге кайрылган арыздары текшерүүгө негиз болду. Алар өздөрүнүн арыздарында “Народный” соода түйүндөрүндө товар өткөргөн мезгилде муздаткычты орнотсо, ага миң сомдон, андан тышкары сатылган товардан 10 пайызга чейин акча алып койгондугу, текчелерин ижарага бергени үчүн ар бир катарына миң сомдон алгандыгы, андан сырткары дүкөнгө тапшырып, сатуу укугуна ээ болгону үчүн 4 миң сомдон 19 миң сомго чейин акча алып аткандыгы, жыл сайын ар кандай иш-чараларды өткөрдүк деп 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча алып аткандыгы тууралуу арыздар бар болчу.

Бул фактыларды биз каттоого алдык, акт түзүлдү. Мындан ары мындай мыйзам бузууларды токтотуу боюнча “Бета сторес”, “Народный”, “7 дней” дүкөндөрүнө кат жүзүндө эскертүү берилди, жетекчилерин чакырып, агенттикте сүйлөшүү жүргүздүк.

- “Бабанов текшергени барганда “Народныйдын” босогосунан ары өткөрбөй койгону үчүн эле өч алып жатат” дегендей сөздөр бар.

- Биз үч соода түйүндүн башчыларын чакырып сүйлөштүк. Текшерүүлөр жүрүп жатканда ушундай сөздөр болоорун билгенбиз. Биринчи күнү Бабанов менен чогуу барганда ушундай мамиле болгон. Ушундай сөздөр болбошу үчүн биз өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, соода түйүндөрүнүн башчыларын да чакырып, ошолор менен чогуу текшерүүнү жүргүздүк. Андай дооматтарды негизсиз деп эсептейм, мындай сөз болушу мүмкүн эмес, текшерүү ачык-айкын жүргүзүлдү.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG