Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Кумарканаларды жабууга каршы митинг


Кумарканаларды жабууга каршы митинг, 29-сентябрь.
Кумарканаларды жабууга каршы митинг, 29-сентябрь.

Кумарканаларда иштеп жан баккандар бүгүн эртелеп Жогорку Кеңеш имаратынын алдына митингге чыкты.

Жогорку Кеңеш болсо бүгүнкү отурумунда кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды.


Митингчилердин талабы

Кумарканаларды жабууга каршы митинг, 29-сентябрь.


Жогорку Кеңеш имаратынын алдында казино, оюн автомат жайларында иштегендердин демилгеси менен уюштурулган митингге чогулгандардын саны үч миңдин айланасында экенин окуя болгон жерден кабарчыбыз маалымдады. Алар кумарканаларды жабуу боюнча мыйзам долбооруна каршы экенин айтышууда. Митингчилер колдоруна "Кумарканалар жабылса мамлекеттин кирешеси азаят", "Парламент жумуш орундарын кыскартканы жатат" деген жазууларды кармап турушат. Алардын айтымында, учурда өлкө боюнча кумаркана жана оюн автоматтарын иштеткен жайларда 15 миңге чукул адам эмгектенет. Ушундай эле митинг Ош шаарында да өтүп, ага 300 чакты адам катышып жатканын аймактагы кабарчыбыз кабарлады.


Карышылыкка карабай мыйзам кабыл алынды


Сырттагы каршылык акциясына карабай Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үч окулушта тең кабыл алганын парламенттеги кабарчыбыз билдирди. Мыйзам долбоорунун автору депутат Бактыбек Жетигеновдун "Азаттыкка" маалымдашынча, аны 107 депутат колдоп беришти.

Кумарканаларды жабууга каршы митинг, 29-сентябрь.

Буга чейин казино, оюн автоматтарын жабууну келерки жылдын 1-июлунан тарта деп сунушталып жаткан. Бирок көпчүлүк 1-январдан баштап эле жабыш керектигин айтты. Эми бул мыйзам долбоору президентке жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчысы туура деп таап, кол койсо, мыйзам ишке ашырыла баштайт. Президент Роза Отунбаева мурдараак кумарканаларды таптакыр жаап салуу мүмкүн эместигин айтып, алардын ишин цивилдүү жолго салыш керектигин белгилеген.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов болсо оюн залдарын жаап, салык төлөө жагын өзгөртүү менен казинолорду калтыруу керектигин 28-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

28-сентябрда “Кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин "Ар-намыс", “Республика” жана “Ата Мекен” фракциялары колдогон.

Буга чейин кумар оюндарынан жапа чеккендердин жакындары менен жарандык коомдун активисттери да кумарканаларды жабуу талабы менен бир катар акцияларды өткөрүп келишкен. Коомчулукта кумарканаларды ордо калаадан алыс, өнүкпөгөн, шарты катаал аймактарга жылдыруу сунуштары да айтылып жүрөт.



Кумарканада иштегендер митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG