Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Быйылкы жылы өлкө экономикасында калыбына келүү жараяны жүрүп, дурус өсүштү камсыз кылып жатат. Бирок абалды турукташтыруу үчүн антикризистик өкмөт түзүү сунушталууда. Бюджет тартыштыгы, ага кошул-ташыл улуттук валюта сомдун курсунун төмөндөй башташы чочулатуучу жагдайлардан болуп кала берүүдө.

Акыркы апталарда сомго басым күчөп, ал АКШ долларына карай күчүн жоготуп баратат. Андай басым шейшемби күнү катуу болуп, сом долларга карай дээрлик бир сомго арзандады. Мисалы, дем алыш күндөрү бир доллар 46 сомдун тегерегинде болуп жатса, шейшемби күнү 47 сомдон ашып кетти. Улуттук банк бул күнү 20 млн. 900 миң доллар интервенция жасап, кырдаалды бир аз турукташтырып калды.

Сомго карай басым ар тараптан болууда. Ал биринчиден, Европадагы кризистин айынан доллардын бекемделишине байланыштуу болсо, экинчиден, Кыргызстандын тышкы соодасында эбегейсиз өлчөмдө тескери сальдо сакталып калышына байланыштуу болууда.

Маселен, быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча экспорт 1 млрд. 442 млн. доллар болсо, импорт 3 млрд. долларга жетип барган. Натыйжада 1.5 млрд. доллардан ашуун тескери сальдо түзүлгөн. Мындай абалды эмгек мигранттарынын акча которуулары бир кыйла жумшартып жатат. Алар тогуз айда Кыргызстандагы жакындарына 980 млн. доллар которушкан.

Бюджеттин тартыштыгы, айлык акылар көбөйтүлүшү, мына ошолордун негизинде инфляциялык күтүүлөр да сомдун курсуна таасир эткен факторлордон болуп калууда. Экономист Сапар Орозбаков сомдун курсунун төмөөдөсүнө сезондук фактор да таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сомдун курсунун түшүү себебин мындай түшүндүрдү:

- Менин оюмча, биздин сомдун курсунун азыркы түшүүсү сезондук факторго байланыштуу. Себеби айыл чарба продукциясын экспорттоо жазында, жайында көбүрөөк болот. Кышында биздин экспорттук потенциал азайат. Бирок импорттун потенциалы көбөйөт. Анткени биз күйүүчү майларды башка жактан алып жатабыз. Ошон үчүн импорт көбөйүп, экспорт азайып жатат. Анын айынан сомдун курсу төмөндөп жатат. Бирок бул убактылуу нерсе.

Бюджеттеги тартыштык маселесин аны келерки жылга которуу, үнөмдөө аркылуу чечилиш мүмкүндүгүн айткан Жоомарт Оторбаев, Каржы министрлиги корголгон беренелерди каржылап, ал эми башка беренелер боюнча үнөмдөө болуп жатканын кошумчалады.

Өлкөнүн финансы тармагында татаалдык бар экени белгилүү. Ал бюджеттин 22 млрд. сомдук тартыштыгына байланыштуу экени маалым. Тартыштыктын айынан капиталдык салымдар азайып, ал эмес медицина кызматкерлерине маяна кечеңдеп берилгени, мугалимдердин айлык акылары азайганы байкалууда.

Бишкекте медицина кызматкерлерине айлык акыларды берүү кечеңдеп жатканын депутат Ташболот Балтабаев тастыктады:

- Биз 15-ноябрда талкуу кылганда айлык акылардын кечеңдеши боюнча фактылар чыкты. Бишкек шаарында өнөкөт болгондой эле айлык акылар кечеңдеп берилип жаткан экен. Башка жерлерде саат-сааты менен берилүүдө.

Өкмөт бюджет тартыштыгын Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан алына турган насыя менен жабууну көздөп келген. Бирок анын берилиши ушул кезге чейин ачык болбой турат.

Саясий эксперттер мындай шартта антикризистик өкмөт түзүп, катаал чараларды көрүүнү сунуштап жатат. Алар Греция жана Италияда өкмөт башына антикризистик менеджерлер келгенин мисал катары келтиришүүдө.

Ал эми экономисттер быйылкы жылдын тогуз айындагы 9% өсүш былтыркы жылдагы кескин төмөндөөдөн кийинки калыбына келүү экенин, келерки жылы өсүш басаңдап калыш мүмкүндүгүн, ал эмес дүйнөлүк кризис Кыргызстанга терс таасирин тийгизерин эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG