Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Сомдун наркы жана баркы


10-май - кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгарылган күнү. 18 жыл илгери КМШ мейкиндигинде биринчи болуп киргизилген улуттук акчанын азыр наркы жана баркы кандай?

1993-жылдын 10-майында КМШ ичинде алгачкылардан болуп Кыргызстан улуттук акчасын жүгүртүүгө салуу менен чындап эгемендүү мамлекет экенин далилдегендей болгон.

Сом Кыргызстанды гиперинфляциядан сактап калган

Экономист Гүлшайыр Отунчиеванын айтымында, союз кулагандан соң өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыш үзүлүп, анын айынан инфляция ээ бербей, башкача айтканда, акчанын кунсузданышына алып келген.

- Ошол бузулган себептен гиперинфляция келип чыккан. Деңгээли 1350%га чыккан. Инфляция абдан жогору болуп бараткандыктан, бул экономикага терс таасирин тийгизип, дефолтко алып келиши мүмкүн болчу. Ошон үчүн Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп рубль аймагынан чыгып, өзүнүн улуттук акчасын кабыл алган.

Кыргыз экономикасы коңшуларына караганда чабал саналса да, кыргыз сомунун куну Казакстандын тенгеси менен Өзбекстандын сумуна караганда жогору бойдон кармалып келатканы кызык. Бирок сомдун сапаты көпчүлүк кардарлардын сынына туш болууда. Банкноттор бир нече жолу жаңырганы менен кыргыз акчасы бат керектен чыкканын белгилеп жүрүшөт.

Он сегиз жылда төрт жолу өзгөргөн сом

Улуттук Банктын накталай акчалар боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Эмил Курманалиев 18 жылдык өмүрүндө сомдун жүзү төрт жолу өзгөртүлгөнүн айтат:

- Өткөөл мезгилде алгачкы пайда болгон банкноттор бул 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор. Экини баскычта 1994-жылы чыгарылган, турукташтыруу мезгилинин банкноттору. Анда коргоо элементтери талаптарга жооп берген. 1993-2000 жылдары үчүнчү кезектеги банкноттор. 1 сомдон 1000 сомго чейинкилер. Андан кийинкиси 4-баскычтагы банкнот.

Экономист Азамат Акелеев акча жасалгаларынын бат-баттан өзгөртүлүп турушуна каршы. Анын пикиринде, мында кандайдыр бир кызыкчылыктар жатышы мүмкүн.

- Улам эле алмашып атат да акчалар. Мисалы, Америка доллары ошол бойдон турат. Башка мисалы еврону алалы. А биздики болсо башынан баштап 3-4 жолу алмашылып келатпайбы. Ошон үчүн бул тез-тез алмашуу бирөөлөргө керекпи деген ой пайда болот да.

Бирок мындай пикирге Улуттук Банктын кызматкери Эмил Курманалиев өз жүйөөсүн каршы коюп, акча жасалгаларын ооштурууда жаңы коргоо белгилери кошулуп, демек жасалма акча жасоого каршы белгиленген мөөнөт ичинде өткөрүлүп турарын айтат:

- Эл аралык уюм - Интерполдун көрсөтмөсүнө ылайык, 8-10 жылдын ичинде катары толугу менен өзгөрүшү керек. Ошонун негизинде жеке эле биздин Улуттук Банк эмес, башка өлкөлөрдүн Улуттук Банктары да ар бир 8-10 жылда банкноттук катарды толугу менен алмаштырып турат, же болбосо жаңы коргоо элементтерин киргизип турат.

Сомдун сапаты канааттандырабы?

Улуттук акчага байланыштуу карапайым тургундардын көз караш, пикирлери мындайча:

Садабү Мырзабаева, пенсионер: 50 сом менен 20 сомдун, 500 сом менен 100 сомдун айырмасы жок. Базарга барып соода кылып калсаң, картайган киши, же көзүң жетпесе, акчаны түсүнөн биле албай, утулуп калчудайсың да.

Бакыт Асылбеков, акча алмаштыруучу жайдын кызматкери: Өтө чоң, анан ошого байланыштуу чөнтөккө батпай, эзилип, формасын жоготуп, бузулуп кетип атат да. А сапаты жагынан болсо Казакстандын акчасына караганда жакшы.

Салмоорбек Дыйканов: Биздин акча мага жагат. Мисалы үчүн казактардыкы, өзбектердики жакпайт мага. Өзүбүздүкүнөн өтөрү жок.

Азыр Кыргыз банкнотторунун жалпы саны 13. Эң кичинеси 10 тыйын болсо, чону 5000 сом номиналындагы банкнот. Алардын беттеринде кыргыздын улуттук белгилери, сыймыктанар аймак-жайлары жана чыгаан уул-кыздарынын элестери түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG