Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Кыргызстанда мамлекеттик органдарга акча эсептешүүлөрдүн баарын улуттук валюта - сом менен гана жүргүзүү талабы коюлууда.

Муну өкмөт сомдун курсунун туруктуулугун сактоого карата көрүлгөн чара деп түшүндүрүүдө. Кыргыз акчасынын кунунун кетишине эмне себеп болууда? Улуттук банктын интервенциялары эмне үчүн кырдаалды турукташтыра алган жок?

"Арай көз чарай" талкуусуна экономика жана өнөр жай министринин орун басары Данияр Иманалиев, ЖИА бирикмесинин мүчөсү, экономика илимдеринин кандидаты Нурлан Атабаев катышты.

"Азаттык": Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда доллардын курсу жыл башынан бери 29 пайызга жакын кымбаттады. Жыл башында доллардын курсу расмий 58 сом болсо, учурда 75 сомго чыкты. Сомдун долларга болгон курсу 79 сомго чейинки рекорддук көрсөткүчкө чыгып, асмандап кетти. Мунун себебин кыргыз өкмөтү, Улуттук банк эмнеден көрүп жатат?

Данияр Иманалиев: Бул кырдаал жеке эле бизде эмес, кошуна өлкөлөрдө болууда. Мисалы, казактын теңгесинин рублга болгон девальвациясы, былтыркыга караганда аларда ушул күндөрү абал оор болууда. Эң негизги себеби - дүйнөлүк экономикалык кризис.

Экинчиси - мунайга болгон дүйнөлүк баанын кескин төмөндөшү. Мисалы, 30-ноябрга бир баррель мунайдын баасы 44 доллардын тегерегинде сатылууда. Былтыр 68 доллар болгон, андан мурунку жылдары 100 доллардан ашык болчу. Анын баары бизге өз таасирин тийгизүүдө.

"Азаттык": Сиз сырткы факторлорду айтып жатасыз. Бирок Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлардын шылуундук аракеттери да сомдун курсуна тескери таасир берип жатканын айтты. Буга кошуласызбы?

Данияр Иманалиев: Бул дагы абдан туура маселе. Финансылык теориядан карап көргөндө бүгүнкүдөй кырдаалда эл дүрбөлөңгө алдырып коюшу мүмкүн. Мунун айынан бизнеске кереги барбы, же жокпу, жасалма акча алмаштыруулар көбөйүп кетиши ыктымал. Ал дагы курска таасирин тийгизет. Мисалы, бир банктын казыначысы жетекчилик менен макулдашпай туруп эле курсту көтөрүп жиберген экен, анын айынан Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда шылуундар андан пайдаланып кетти деген пикирлер болуп жатпайбы.

"Азаттык": Ошондон улам акча алмаштыруучу жайларды жоюу, аларды банктардын алдына кайрадан уюштуруу идеясы канчалык ишке ашчу демилге?

Нурлан Атабаев: Доллардын бүгүнкү абалына экономикадагы он жылдап келаткан жагдай түрктү болду. Бүгүнкү шылуунчулуктар болбогондо 75 сомго чыкпайт эле деген туура эмес. Акча алмаштыруучу жайларды жоюу менен маселе чечилбейт. Эгер кескин жоюп, жаап салсак ого бетер дүрбөлөңгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Улуттук банк ойлонуп, акырындап чечиш керек.

Данияр Иманалиев: Бизде акча алмаштыруучу жайларды бир маалда эле жоюп салуу маселеси жок. Алардын ишин лицензиялоо, иштерин тартипке келтирүү, жөнгө салуу максатында банктардын алдына алып келүү идеясы чыгууда. Болбосо, акчаны жасалма чыгарып, шылуундук кылгандар токтобой жатпайбы.

Муну биз тобокелчилик дейбиз, коомчулук менен көп талкуулашыбыз керек. Мисалы, кошуна өлкөлөрдөгүдөй жоюп койгондо жашыруун акча алмаштыргандар да көбөйүп кетиши мүмкүн. Канткен күндө да бул маселени жөнгө салышыбыз керек.

"Азаттык": Сомдун курсун сактап туруу боюнча Улуттук банк жыл башынан бери 25 жолу интервенция жасады. Бирок туруштук бере албай жатат го?

Данияр Иманалиев: Бул маселе боюнча дүйнөдө эксперттер ар кандай пикирде. Кайсы убакта интервенция жасаш керек, кошуналарда кандай абал болуп жатат, байкап турабыз. Бизде интервенция кыска мөөнөттүү секириктер болбошу үчүн жасалат. Башкача айтканда, дүрбөлөңгө жеткирбей басаңдатыш керек. Бул жагынан өкмөт менен Улуттук банктын позициясы бир, мен аны колдойм. Ал эми узак мөөнөттүү секирикте өкмөт фундаменталдуу, стратегиялык маселелерди карайт.

Нурлан Атабаев: Кыргызстанда жылдан жылга импортубуз көбөйүп, экспортубуз азайгандан азайууда. Улуттук банктын стратегиялык саясаты эски боюнча келатат. Биз акыркы 20 жылда доллардын курсун түшүрөбүз, бааны туруктуу сактайбыз деп эле келатабыз.

Улуттук банк доллар сатат, сомду алат. Экономикада сом азайса эмне болот? Анда банктарда пайыздык ставкалар көбөйөт. Банктарда акча болбосо инвестиция болбойт, инвестиция болбосо өндүрүш жок. Ал эми өндүрүш болбосо жумушчу орун жок. Жумуш болбосо товар чыкпайт. Товар чыкпагандан кийин жумушчулар миграцияга кетет. Эмне кылуу керек? Экономиканы өнүктүрүү деген программа иштеш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG