Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Фермер Сооронбаев күйүүчү майдын кымбатташына кабатыр


Акыбай Сооронбаев: оруп-жыюу учурунда жардам болгон жок
Акыбай Сооронбаев: оруп-жыюу учурунда жардам болгон жок

Расмий маалыматтар боюнча акыркы айда сырттан алып келинген күйүүчү май 26% кыскарган. Казакстан жыл сайын эгин оруп-жыюу учурунда күйүүчү майды экспорттоого квота киргизери маалым.

Оруп-жыюу кызыган учурда минтип күйүүчү май таңкыс жана кымбат болуп жатышы Кыргызстандык дыйкандарга кандай көйгөй жаратып жатканы тууралуу Ноокендеги “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Ноокенде күйүүчү майдын баасы бүгүн канча сом болуп жатат?

- Дизелдик күйүүчү майдын 1 литри 34-36 сом болуп жатат, баалар сапатына жараша айырмалуу. Мисалы, “Газпром” ишканасынын май бекеттеринде кымбатыраак, калган май бекеттерде арзаныраак болгону менен сапаты бир аз начар.

- Бензин маселесичи?

- Бензиндин баасы да 36 сомдон 39 сомго чейин. Жакында эле 93-95-үлгүдөгү бензиндер таңкыс болуп, 10-20 литрден гана сатылып, баалар 40-42 сомго чейин көтөрүлүп кеткен эле.

- Азыр айыл чарба жумуштары кызуу жүрүп жаткан учурда күйүүчү майдын тартыш болуп жатышы ишти тездик менен бүтүрүүгө тоскоол болсо керек?

- Албетте сөзсүз тоскоолдук тиет, тийип жатат. Буудай орум башталган учурда дизелдик күйүүчү майдын баасы литрине 40 сомго чейин чыкты, ал да бардык май бекеттерде жок, тартыш болду. Бул да быйыл буудайдын түшүмү жылдагыдан азыраак болушуна терс салымын кошпой койгон жок.

Күйүүчү май, жер семирткичтер да кымбат болду, аны жылдагыдан үч-төрт эсе кымбат сатып алууга аргасыз болдук. Мындан дыйкандардын мээнетинин кайтпай калуу коркунучу күтүлүп атат. Өткөн жылы оруп-жыюу учурунда дизелдик күйүүчү майдын литри 20-22 сомдун айланасында болчу, азыркы баа менен айырмасы тилекке каршы өтө эле чоң.

- Эгин оруп-жыюу учурунда дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоого көмөктөшүү тууралуу сөз берип жаткан. Натыйжа барбы?

- Жок, оруп-жыюу учурунда жардам болгон жок. Айдап-себүү учурунда жардам болгон, дизелдик күйүүчү майды литрин 25 сомдон алганбыз.

- Баалардын кымбат болушу сиздер алган түшүмдүн өздүк баасына да кошулабы?

- Албетте өздүк нарктын кымбатташына алып келет. Анын үстүнө быйыл ар кандай себептер менен бардык эле эгиндин түшүмү жакшы болбой атат. Кургакчылык болду, чөп такыр эле болбой калды, эгиндин түшүмү былтыркыдан караганда бир топ эле төмөн, бул болсо баалардын өсүшүнө терс таасирин тийгизип атат. Пахтанын абалы да ушул.

- Дыйканчылыкка күйүүчү май, жер семирткичтерди кымбат баада сарпталганы менен аягында түшүм арзан болуп, мээнеттери кайтпай калган учурлар да болуучу. Быйылкы божомолдор кандай болуп жатат, анткени буудайдын алды орулуп-жанчылып, базарга чыга баштады болуш керек?

- Азыр Ноокен районунда буудай оруу аяктап калды. Базарда буудайдын 1 килосу 13-14 сом болуп атат, бирок буудай өтө аз, саткан кишиден алган киши көп. Баары эле “буудай алат элем” деп чуркап жүрүшөт.

- Мисалы, сиз 1 гектар буудай аянтынан канча түшүм алдыңыз?

- 29 центнер алдым. Жылдагыга караганда быйыл түшүм 10 центнерге аз болду. Быйыл дан менен ун кымбат эле болот окшойт. Бул азыртадан эле белгилүү боло баштады, дыйкандарда сатууга ашыкча дан жок.

- Өкмөт ишкерлер менен ар кандай жолугушууларды өткөрүп атканы кабарланып жатат. Мына ошондой жолугушууларда аларга кайрылып, күйүүчү майды, жер семирткичти арзаныраак баа менен берип, көмөктөшүүсүн сураса болобу?

- Биз жергиликтүү бийликтерге айтып атабыз. Райондук акимчиликке, айыл чарба департаментине айтып келе жатабыз, бирок азырынча жыйынтык жок.

Райондо “Кыргызнефтегаз” ишканасы күйүүчү май, бензин чыгарат, бирок анын да жардамын дыйкандар көрө албай атабыз. Жер семирткичти жеке ишкерлерден сатып алабыз, баасы болсо өткөн жылкыдан үч эсе кымбат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG