Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Каражатыңызды кандай сарптайсыз?


Кыргыздар тапкан каражатынын көпчүлүгүн той-аштарга сарптаары көптөн бери айтылып келет.

Кыргыздар тапкан каражатынын көпчүлүгүн той-аштарга сарптаары көптөн бери айтылып келет.

"Азаттык" бул жолу кыргызстандык үй-бүлө капчыгына түшкөн каражатты кандай сарптаарын талкууга алды.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев, орточо турмушта жашаган үй-бүлө мүчөсү, ишкер Гүлжан Мамбетакунова, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Асылбек Жооданбеков жана «Кутбилим» гезитинин редакторунун орун басары Мелис Сулайманов катышты.

Кайсы муктаждык биринчи орунда?

«Азаттык»: Жалпысынан кыргызстандык үй-бүлө капчыгына каражат маянадан ишкерликтен, пенсия, пособиеден, чарбачылыктан, мисалы мал, дыйканчылык, анан мигранттардан түшүп турат экен. Ошол келген каражатты кыргызстандык үй-бүлө кантип кармашы керек, кантип бөлүштүрүшү керек? Пландоо барбы?

Гүлжан айым айтсаңыз, өз тажрыйбаңызда кандай, адатта үй-бүлөдө түшкөн каражатты кантип бөлүштүрөсүздөр?

Гүлжан Мамбетакунова: Мисалы жолдошум бюджеттен айлык алат, кызым иштейт, эки балам студент, өзүмдүн чакан бизнесим бар, «Берекет грантта» соода түйүнүбүз бар, ошону иштетебиз. Бардык жерде эле, мамлекеттик иштеби, үйдөбү, же ишкерликтеби сарамжалдык менен туура бөлүштүрсө туура жолго түшөт го деп ойлойм.

«Азаттык»: Сиздин үй-бүлөдө кандай, силерге жетиштүүбү? Кайсы муктаждыкты биринчи планга коёсуздар?

Гүлжан Мамбетакунова: Бизде биринчи эле тамак-аш. Үй-бүлөгө келген акча каражатты жолдошум менен кеңешип, бала бакырабызга ачык айтып, бул айда мындай кылалы, тигинин тоюна баратабыз, ага мынча алып баралы деп ачык-айкын кеңешип, анан иш кылабыз. Алыбызга жараша бөлүштүрөбүз.

«Азаттык»: Чоң пландоого анчалык каражат жетпейби?

Гүлжан Мамбетакунова: Анча каражат жетпейт.

«Азаттык»: Орточо үй-бүлөнүн мүчөсү катары Гүлжандын ою ушундай болду. Ал эми Кыргызстандагы 100 бай адамдардын катарында тизмеде бир топ жылдар катары менен аталып келген ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев, үй-бүлө кирешесин кантип пайдаланат болду экен деген суроо туулуп атат. Акча кармоо боюнча сизде кандай эреже бар?

Бегалы Наргозуев: Жүз бай жөнүндө айтканда бир аз апыртылып айтылса керек, ошол тизме боюнча бир топ талаш-тартыштар бар. Ал эми биздин үй-бүлөдө 20-30 жыл мурун акчаны мен кармап жүргөн учурлар болгон, бара-бара үй-бүлөлүк, чарбалык жумуштар, акчаны кармоо өтүп кетти келинчегиме, мен бизнеске, инвестицияга тийиштүү акчалар менен гана алек болуп калдым. Андан башка дагы бизнестин чакан багытын келинчегиме бөлүп берип койгом, ал ушул багытта өзү аракеттенип, шугулданып көрсүн деп. Ушул жагы дагы келинчегимди менден каражат жагынан көз карандысыз кылып, азыр өзүнчө чарба жүргүзөт десем болот.

«Азаттык»: Сиздердин үй-бүлөдө келинчегиңизден тышкары бала-бакыраңыз, тууган туушкандарыңыз бар. Сиздерде каражат тартыш болгон учурлар барбы?

Бегалы Наргозуев: Акча тартыш болсо балдарыбыз апасынан, же менден сурайт. Көбүнчө балдарды өзүбүздүн бизнеске аралаштырып иштеткенге аракет кылабыз, айлыкты да өзүбүздүн ишканадан алышат. Өтө муктаж болгонун байкай элекмин.

«Азаттык»: Азыр муктаждык жок деген үй-бүлө өтө сейрек учурайт. Сиздин бизнесиңиз чоң болгон үчүнбү, же каражатты туура бөлүштүргөн үчүн деп ойлойсузбу?

Бегалы Наргозуев: Бул салыштырмалуу нерселер. Күндөлүк тиричиликке, тамак-аш, кийим-кечеге муктаж эмеспиз. Ал эми чоң чыгымдарга акча жетишсиз болуп калган учурлар көп эле болот. Мисалы инвестиция кылайын деп, кайсы бир чоң бизнестерге кошулайын дейсиң, ошондо каражат жетишпей калган учурлар көп болот. Ал эми күндөлүк тиричиликке кудайга шүгүр, азырынча эл катары баары эле жетиштүү болуп атат.



«Азаттык»: Бюджеттик мекемеден каражат алып, ошонун эсебинен жашаган адам, Мелис мырза айтсаңыз, сиздерде үй-бүлө бюджети кантип бөлүштүрүлөт, акчаны кантип кармайсыздар?

Мелис Сулайманов: Гүлжандын сөзү элге жакыныраак болду. Себеби бюджетти бөлүштүргөндө үй-бүлөлүк кирешеге канча акча кетет, негизгиси ошондон кетет. Азыркы Кыргызстандын шартында орто эсеп менен жакшы жашаган үй-бүлөнүн каражаты үй-бүлөдө беш киши болсо 20 миңден кем болбош керек. Бул бир айдан экинчи айга жеткирүү маселеси. 5-7 миң алган кишинин бюджеттик каражатын эсептебей эле коюш керек, ал жетпейт. Биздин үй-бүлөдө, мисалы мен айлык, премия алгандан тышкары келинчегим иштейт. Балам кичине базардан аракет кылат, бирок пайдасы деле жок.

Негизги акчаны мен кармайм, бир айга канча акча түшсө бөлүштүрөм. Көбүнчөсү унду, кум шекерди каптап алып коём. Акчасы көптөр дүкөнгө барып 200 граммдап алат. Картошканы мен 8 сом кезинде алгам. Ошондо албасам, азыр 30 сомдон алмакмын. Ошондон да утуштар бар. Кийим-кечени пландаганда биз мындай пландайбыз. Мисалы баарыбыз эле дубленка кийгибиз келет. Бирок айтабыз, быйыл сен дублёнка кийе албайсың, куртка менен чыгасың деп. Ар бир нерсени пландоо керек. Кыргызды куруткан нерсе бул аш-той. Мисалы кээ бир тойлордо 100 доллардан деп айтышат, менин чамам жок, баралбайм деп айтам. Таарынсаң таарын деп 2 миң сом менен барам. Ошондой нюанстар бар.

«Азаттык»: Ушундай учурда сиз жек көрүндү болуп калбайсызбы?

Мелис Сулайманов: Мисалы менин унаам «Пассат». Өткөндө жолдош балам «Мерседес» алып келди, көрүндүк деп миң сом бердим. Башка бералбайм дедим. Качан «Мерседес» аласың дейт. Менин каражатым жеткенде «Мерседес» минем дедим. «Пассаттын» ремонту арзан, бензинди аз ичет, жөнөкөй унаа.

Кыргыздарда финансылык сабаттуулук төмөн

«Азаттык»: Келерки суроону Асылбекке бергени турам. Асылбек Жооданбеков чет өлкөдө жашап, окуп келген. Үй-бүлөлүк бюджетти пландоо деген эмне экенин азыр байкоо жүргүзүп келген жарандардын бири экен. Асылбек мырза айтсаңыз, чет өлкөдө каражатты үй-бүлөдө кандай пайдаланышат экен?

Асылбек Жооданбеков: Мен өзүм жашап келген Түркия, анан Американын мисалында алсак. Түркия салыштырмалуу азиялык өлкөлөрдөн стандарты жогору. Ал эми Америка болсо жашоо стандарты абдан жогору өлкөлөргө кирет. Ошондуктан тилекке каршы Кыргызстандын жашоо деңгээлин, маянанын деңгээлин алар менен салыштыра албайбыз. Мисалы ошол эле АКШда жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин алган айлыгы жылына 80 миңден 120 миң доллардын айланасында. Демек айына 10 миңдин айланасында айлык алышат. Биз жогорку окуу жайдын мугалимдери катарында бир жарым ставкадан ашык иштесек да 10 миң сомдун, же 200 доллардын айланасында гана айлык аласың. Ошондуктан биздеги мугалимдер бир канча жерде өзүнүн адистиги боюнча иштегенге мажбур.

Ошол жакта бизден абдан эле көп суммадагы айлыкты алгандыгына карабастан, өтө үнөмдүү пайдалангандыгын байкадым. Ал жакта финансылык, каржыны коротуу боюнча элдин абдан сабаттуулугун байкайсыздар. Мисалы мен уга элекмин, Кыргызстанда өлкөнүн масштабында бюджет боюнча, финансы боюнча адистер бар атайын биздин мамлекеттик мекемелерде дегенди. Ал эми үй-бүлө боюнча финансалык кеңешчи деген адистер бизде жокко эсе. Ошондуктан, менин оюмча, рыноктун калыптануу шартында сөзсүз түрдө мыкты финансылык кеңешчилер чыгыш керек.

«Азаттык»: Бул жерде дагы бир маселе бар. Мисалы акча кармоонун 12 эрежеси, 20 эрежеси деп жүрөт. Акча кармоо боюнча эрежелер сакталганда, алардын бир эрежеси карыз бербе деген эреже. Кыргызстанда көпчүлүк каражаты аз үй-бүлөлөрдө көп учурда карызга муктаж болот, карызга отуруп калат. Сиздердин үй-бүлөдө кандай, карыз аркылуу кырдаалдан чыкса болобу?

Гүлжан Мамбетакунова: Карыз алып кырдаалдан чыгуу бул өтө эле кыйналган учурда болбосо, эртели-кеч ал акчаны бериш керек, колдон келсе карыз албаганга аракет кылыш керек.

Асылбек Жооданбеков: Мисалы, Мелис мырзадай болуп мен да бюджеттик мекемеде иштейм, келинчегим да бюджеттик мекемеде иштейт. Балдарыма, өзүмө кененирээк там салганга аракет кылып атам. Карыз алба деш керек, бирок бүгүнкү күндөгү биздин айлык маяна күнүмдүк мутаждыктарды канааттандырууга гана жетет. Бирок мен өкмөт башчыларынан, өзгөчө Бабановдон күтүм атам, бюджеттик мекемелердеги кызматкерлерге арзандатылган, аз пайыздагы кредит берүү боюнча. Себеби бүгүнкү күндө жанагыдай айлык маяна менен үй куруш мүмкүн эмес.

«Азаттык»: Чет өлкөдө кандай экен, карыз алуу деген бар бекен?

Асылбек Жооданбеков: АКШ жөнүндө сөз кылсак, тамак-аш менен кийим-кече өтө арзан. Бирок турак-жай, саясат маселесине келгенде абдан кымбат. Мисалы турак-жайлар 100-140 миң доллардан, андан жогору. Демек ошондой учурларда аларда сөзсүз кредит берүүчү мекемелер бар, арзандатылган 25-30 жылга чейин кредит алышат алар.

Капчыкты каккан каада-салт

«Азаттык»: Бегалы мырза, сиз карыз бересизби, сизден карыз сураган кишилер көппү?

Бегалы Наргозуев: Эреже жөнүндө айтып кетпедиңизби, байуунун эрежелери кыргыздын менталитетине туура келбейт. Эгерде байыйм десең, колуңда дайыма акча жүрсүн десең эч кимге, жакын туугандарыңа да карыз бербе деген атайын постулаттар бар. Бизде көп деле тажрыйба жок. 20 жылдан бери акча жасоонун, байуунун жолун издеп келатат кыргыздар. Ага чейин биз социалисттик системада жашап келгенбиз, анда башка баалуулуктар болчу. Менден карыз сурагандар аябай эле көп болот. Колдон келишинче жардам бергенге аракет жасайм, баарына мүмкүнчүлүк жок. Карыз сурагандар чын-чынына келгенде аябай көп.

«Азаттык»: Айрым учурда тойго барыш үчүн, же той өткөрүш үчүн карыз алган учурлар болот. Ушул жагдайды ким кандай баалайт болду экен?

Бегалы Наргозуев: Эң чоң проблеманы туура көтөрүп атасыз. Асылбек да жакшы айтты, кыргыздарды жакырланткан той-аштар деп ойлойм мен. Бул жөнүндө көп эле айтылып келатат, парламенттен да сөз кылып келатышат. Бирок проблема дың боюнча бузулбай турат. Жылына 1 миллиардан 2 миллирад долларга чейин кыргыздардын тапкан дүйнөсү той-аштарга кетип атат. Миң атйкан менен болбойт экен. Бул салт-санаага айланып калгандан кийин өтө татаал болуп атат. Өздөрүнүн дүйнөсүн чачып жиберишет. Сиз айткандай, той-аштарга барыш үчүн коңшу-колоңдордон карыз алып баргандарды көп эле көрүп жүрөбүз. Ошондон тажап жүргөндөрдү деле көрөбүз, тажап жүрсө деле бул салт уланып келатат. Мен өзүм, (баклим бул жаман сапатым болушу мүмкүн) тойлорго барганды жаман көрөм. Жакын дос болуп, курсташ, классташ таарынып калбасын деп эле барып калбасам, өзүм ызы-чууну жаман көрөм. Ошон үчүн өтө аз барам.

«Азаттык»: Мелис мырза, сиздин тажрыйбаңызда ушундай болгонбу, карыз алып тойго барып, же келин алып, же небереңизге той берип дегендей окуялар болду беле?

Мелис Сулайманов: Жакында кайнимди келинчги айтат, бизди тойго чакырып атат, торпок кошушубуз керек деп. Мен айттым, сен бутуңа туралбай атып торпокту эмне кыласың, ал торпок эртең уйга айланат, торпокту кошуп алып эки колуңду мурдуңа тыгып отурасыңбы деп. Анан атасына айттым, булар жаш, тойго чакырбагыла, 5 жыл мораторий койгула, барсаңар да миң сом менен баргыла, ага таарынбагыла деп айттым. Бизде аш-тойду токтотсо деле болот. Себеби биринчи чөнтөктүүлөр, кызматта жүргөндөр, башыбызда тургандар 500-600 кишиден турган чоң той берет, анан 100-200 доллардан чогултуп барышат көбү. Анан Манастан Чубак кем беле деп бул жактагылардын бары ээрчип кетет. Ушул бизди кыйнап атат.



«Азаттык»: Аш-тойлорго элди топтошторуп чакыруу, бата алуу, же болбосо куран окутуу деген нерселердин бардыгы салтка айланып кетти да. Ошол салтты бузуш керек болуп атабы, эл ошого барабы? Кантип көндүрүш керек?

Мелис Сулайманов: Ал салтты бузуш керек. Себеби Ата-Түрк деле түрктөрдү 14-кылымдан 20-кылымга - Европага жакындатпадыбы өзү биринчи көрсөтүп. Мисалы кыргыздар шляпа менен плащ, же дублёнка кийчү беле. Мына Европанын салты келип атат. Илгери үйлөнүү тоюнда Лимузин минчү беле? Мына үйрөнүп атпайбы. Ошону элита көрсөтүш керек. Элитабыз тескери жака кетип, бардыгы эле президент болугусу келет.

Асылбек Жооданбеков: Мелис мырза күйүп, абдан туура айтып атат. Аш-тойлор эрегишүүнүн каражатына айланып калды. Бегалы мырзага окшогон колунда бар адамдар түлөө өткөрүп той берсе, башкалар дагы андан кем бекемин дегендей карызга болсо дагы кур намыс үчүн, башкалардын сөзү үчүн жашап аткан учурлар бар. Ушуну токтотуш керек. Муну мамлекеттик иш чара катары кабыл алса болот. Тажикстанда акыркы 2 жылдын ичинде токтотулду. Айрым тыюу салуунун элементтерин колдонуш керек. Анан Мелис мырза айткандай, мени карап өрнөк алат деген адамдар жупунулукту көрсөтүш керек. Мен мындай окуяга күбө болдум, Америкага барган учурда Уарем Баффет деген дүйнөдө эң бай адамдардын катарына кирген адам бар. Ошонун ишканасына студенттер саякатка барып келишти. Ал өзү өзүнүн ишканасын тааныштырып жүрөт дейт.

Биринчи орунда саламаттыкпы, же тамак-ашпы?

«Азаттык»: Ар бир үй-бүлөнүн кирешеси ар кандай. Ошол кирешени бөлүштүрүүдө ар бир үй-бүлө кайсы маселени биринчи планга коюш керек?

Бегалы Наргозуев: Күнүмдүк тамак-аш, кийим-кече күндөлүк керектелүүчү үй-бүлөнүн муктаждыгы. Азыр Асылбек мырза менин атымды атап кетпедиби, той-аштар боюнча биз аракет кылганбыз, жок дегенде мамлекеттик чиновниктер, өзү 400-500 долларга жетпеген айлык алса, анан 10 миң долларлык той берип атат. Ушундай той берип аткандан кийин алардын кирешелерин текшерүү боюнча Жогорку Кеңеште аракет кылып, токтом өткөрө албай калдык, каршылыктар көп болуп кетти.

Асылбектин финансылык кеңешчилер боюнча экинчи сунушу Кыргызстандын азыркы шартында ишке ашпай турган нерсе деп эсептейм. Себеби бизде Америка, Түркия сыяктуу орто катмардагы кишилер көп эмес. Эгер ошол мамлекеттердегидей орто катмардагы кишилер көп болсо, эгер ай сайын 10 миң доллардан айлык алып атып ошону үнөмдүү пайдаланалбай жаткан болсо, ошондо финансылык кеңешчилер кеңеш берсе болот. Анан бизде 2 миң сом, 50 доллар алып атса ага финансылык кеңешчинин кереги барбы? Ошон үчүн бул көпкө чейин бизге келбей турган нерсе.

Асылбек Жооданбеков: Азыркы сурооңузга кошумча, замандаштарга абдан кайрылып кетет элем. Мелис мырза айткандай, дублёнка - кымбат баалуу маселе, дублёнка кийбей эле кыштан чыкса болот, Кыргызстанда анча деле суук эмес, бул азиялык жылуу өлкө. Ошондуктан ата-эне эң негизги нерсеси күнүмдүк балдардын тамак-ашын толуктоо менен катар балага, анан ата-эне өзүнө инвестиция салыш керек. Ал эмне деген сөз. Ал билим, ага билим бериш керек, аны келечекке өнөр үйрөтүү менен багытташ керек. Ошондо анан салынган акча эртең кайтарым берет. Ошондуктан кыргыз күнүмдүк жалтырак, кийим-кечеге басым жасап атабыз дагы, балдарыбыздын билим алуусуна, алардын өсүп-өркүндөөсүнө, тил үйрөнүүсүнө басым жасабай атабыз.

«Азаттык»: Асылбек, чет өлкөдө кандай?

Асылбек Жооданбеков: Менин үч балам бар. Эгерде менин жашымдагы үй-бүлө тигил, же бул районго барып иштөөдө ал райондун мектебине карайт. Ошол мектеби балама татыктуу билим береби, Америкадагы окуу жайлардын ортосунда рейтинги кандай деп. Бул өсө турган өлкөнүн мисалында. Эгерде мен барып жашай турган аймакта мектептин рейтинги абдан жогору болсо, үйлөр дагы ошол жерде абдан жогору. Балдардын келечегине багыт алуусуна абдан басым жасайт. Мен ушуну байкадым.

«Азаттык»: Сурап аткан суроомдун төркүнү да ушунда болот, чет өлкөлөрдө мен иликтеп көрсөм, биринчи кезекте баланы окутууга, саламаттыкка, эс алууга, анан жеке адамдын өзүнүн өнүгүшүнө тамак-аш, каражат, азык-түлүктөн тышкары кезекте ушул турат экен. Кыргызстанда тескерисинче жылуулук үчүн акча төлөшүң зарыл болуп турса дагы, аны коё туруп, ошого бөлүнгөн акчаны тойго алып барышың зарыл болуп калат экен. Ушундай болбош үчүн үй-бүлөнүн бюджетин өзүнө керектүү кылып, саламаттык, бала окутуу, эс алуу үчүн бөлүүгө, адам жеке өзүнүн өнүгүшүнө бөлүштүрүүгө жетиши үчүн эмне кылыш керек? Эмне үчүн Кыргызстандын коомчулугу ушуга жетише албай, ушуга маани бербей атат, себеби эмнеде?

Бегалы Наргозуев: Жакшы идеяны, бюджетти туура бөлүштүрүүнү сунуш кылып атасыз. Менин байкашымча, бул багытта үгүт саясаты жок болуп атат. Мен ойлойм, ушул багытта атайын мамлекеттик органдар иштеш керек элге өзүнүн ден-соолугу үчүн, түшкөн каражатын бир жака барып эс алып келүүнү атайын пландаштырып, ушундай философияны биздин кыргыздын аң сезимине сиңдирсе жакшы болот эле деп ойлойм.

«Азаттык»: Канча убакыт талап кылынат деп ойлойсуз, мүмкүнбү?

Бегалы Наргозуев: Мүмкүн, бирок көп жылдарды, убакытты талап кылат. Менин байкашымча, балким мен жаңылып аткандырмын, ушуну салтка айландырып жиберсек жакшы болот эле деген ойдомун.

«Азаттык»: Гүлжан айым, адатта сиздин үй-бүлөдө кандай, саламаттык алдын ала сакталабы, же ооругандан кийин доктурга барасыздарбы?

Гүлжан Мамбетакунова: Саламаттыкка кам көрөбүз. Өзүм жогорку билимдүү болуп эмгектенип жүргөндөн кийин билим менен гана чоң даражага жетээрин билем. Бирок бизде Кыргызстанда бир жаман жери, таанышың болбосо жумушка орношуу деген жок болуп атпайбы, ошол бала такылдап билип турса дагы башка таанышы бар кишилер орношуп атат, ушундан улам балдардын көңүлү көп жерден калып калат.

«Азаттык»: Бул өзүнчө талкуулай турган маселе. Бирок менин түшүнгөнүмө караганда билим, саламаттык деген сиздин үй-бүлөдө алдыда турат. Бирок ушул массага айланбай атат.

Гүлжан Мамбетакунова: Мындан 20 жыл мурда рынок экономикасы башталганда дайыныбызды таппай, туш-тушка басып, кандай болорун билбей калганбыз. Азыр бир калыпка түшүп келатат. Асылбек мырза айткандай, тойдун баарын күркүрөтүп берип аткандардын баары эле оңой жол менен акча таап, оңой короткондор деп эсептейм. Мелис мырза айткандай, үйдөгү бюджетти бөлүштүрүп, бүт барын туура пайдаланып аткандар андай той өткөрөйүн деген ою жок, той берсе дагы баланын көңүлү үчүн берет.

Үй-бүлөлүк бюджетти пландоо

«Азаттык»: Мелис мырза, үй-бүлө бюджетин пландоону массалык эрежеге айландырыш үчүн эмне кылыш керек, ошого кантип жетише алабыз?

Мелис Сулайманов:
Муну турмуш өзү көрсөтөт. Себеби 10-20 жыл мурда кыргыздар ой келди эле жашап келишкен. Базар экономикасы ошого бара-бара түрткү берет экен. Илгеркидей элдин көбү эле чоң унаа мингиси келбей калды, каражатын эсептеп калды. Мен Таластын кулунмун, Таласка барсам малды көбөйтүшүп атат. Бул 10-20 жылда тескелип кетет. Бирок Бегалы мырза айткандай, элге үгүт керек, мен ошого ишенем. Сиздер туура теманы көтөрүп атасыздар. Ошону көбүрөк радио, теледен үлгү катары көрсөтүп, элди тарбиялаш керек. Ал эми жөн эле коюп койсок, 20-30 жылда кыргыз өзү жетет ошого, бул дүйнөлүк тенденция.

«Азаттык»: Асылбек мырза, сиз кандай дейсиз? Мисалы талкуубуздун калган катышучулары айтып атат, узак жылдар талап кылынат деп.

Асылбек Жооданбеков:
Ооба, элдин көзү жетип калды, Бегалы мырза да айтып атпайбы. Эң негизги нерсеси биз мамлекеттин күчүн пайдалана албай атабыз. Өзүнүн дарамети, ички жөндөмдүүлүгү менен ийгиликке жеткен адамдарды даңазалаш керек. Ийгилик бир эле күндө жаралып калган, учуп бараткан куш сымал кармап кала турган нерсе эмес да. Өзгөчө билим берүү мекемелеринин ролу абдан чоң бул жерде. Билим берүү мекемелеринин ролу, анан биздин улуттук каймак, каалайбызбы-каалабайбызбы, жаман көрөбүзбү-жакшы көрөбүзбү, бизде улуттук каймак бар. Эл түздөнө турган адамдар элди кыйшык жолго баштабай, түз, өркүндөтө, жаңыча жолго баштаса. Табитибизди, улуттук каада-салттарыбызды жоготпойлу, бирок бүгүнкү заманга ылайыкташтырышыбыз керек.

«Азаттык»: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG