Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Кыргызстандын акча-насыя саясаты кризисти башынан кечирүүдө. Бул сом менен насыя берүүнүн чектелишинен, сомдун күчүнүн кетүүсүнөн байкалып турат. Мындай абалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Азыркы жүргүзүлүп жаткан саясат канчалык туура? "Азаттыктын" бул суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов жооп берди.

“Азаттык”: Республиканын финансы, банк системасынын абалына кандай баа бересиз?

Султанов: Кыргыз валютасы Орусиянын рублине, башка мамлекеттердин акчасына караганда туруктуудай көрүнүп турат. Бирок ошол эле учурда бизде абдан көп тобокелчиликтер бар. Ошондуктан буга чейин Улуттук банк саясатты жаман алып келген жок.

Бирок акча-насыя саясатына өзгөртүү киргизилбесе, келечекте кыйын болот. Себеби Улуттук банк акча-насыя саясатын жүргүзгөндө фундаменталдык экономикалык көрсөткүчтөргө таянышы керек. Бизде бул жагынан абал жакшы эмес. Төлөө, соода балансыбыз кескин начарлап баратат. Орусиядагы кризиске байланыштуу мигранттардан акча которуулар төмөндөй баштады.

“Азаттык”: Улуттук банк өз насыясынын үстөгүн 11% жеткирди. Бул коммерциялык банктарда сом менен насыянын үстөгүнүн 30% чыгышына алып келди. Ал эле эмес, сомдун туруксуздугуна байланыштуу көпчүлүк коммерциялык банктар сом менен насыя берүүнү чектешти. Экономика, соода эмне болот?

Орусияда рублдин арзандашы Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө

Орусияда рублдин арзандашы Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө

Султанов: Улуттук банк биздин валютанын туруктуулугун кармайм деп, накталай сомдун көлөмүн азайтканга аракет жасап жатат. Кайсы товардын көлөмү аз болсо, ал ошончолук кымбат болот. Бул экономиканын мыйзамы.

Улуттук банк бул жерде эки нерсени салмактап көрүш керек: биз сомдун туруктуулугун кармайбыз, инфляцияны ошонун эсебинен төмөндөтөбүз деп, экономикага чоң сокку уруп алышыбыз мүмкүн. Эгерде экономика өспөй калса, анда сомду кармаганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан Улуттук банк кыска мөөнөттүү саясатты эмес, узак мөөнөттүү, 3-5-жылдык саясатты иштеп чыгып, ошонун негизинде иш жүргүзүү керек.

Эгерде күнүмдүк саясат менен сомдун курсун кармап туралы дей берсек, анда өзүбүздүн резервди коротуудан башка эч нерсеге жетише албайбыз. Мына, жыл башынан бери 100 млн. доллардан ашык интервенция жасадык. Ошондуктан биз тобокелчиликтерди эске алып, узак мөөнөттүү саясатты иштеп чыгышыбыз керек. Ошонун ичинде үстөк пайыз боюнча саясат өзгөчө орунда турат.

“Азаттык”: Мындай саясат коммерциялык банктарга да сокку урат да?

Султанов: Ооба, коммерциялык банктарга да сокку. Мен бул жагынан эмнеге көңүл бурат элем? Азыр Улуттук банк коммерциялык банктарга карата саясатын өзгөртүшү керек. Ал базарын ачып, башка банктардын киришине да мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Конкуренцияны күчөткөнгө шарт түзүү керек. Улуттук банк болсо өзүнүн базарын жабык кармап турат.

Азыр үч-төрт банктын Кыргызстанга киргиси келет. Бирок кире албай турат. Эгерде ошолор кирип кетсе, атаандаштык күчөп, үстөк пайыздарды төмөндөткөнгө шарт түзүлмөк. Улуттук банктын көзөмөлдөө саясатында да жетишпестиктер көп болуп жатат.

Экспорт көбөйүп, импорт азайса...

“Азаттык”: Улуттук банк жалаң интервенция жасоо менен сомдун курсун кармоого аракеттенүүдө. Албетте бул жалпы туруктуулукту сактоо максатында жасалууда. Бирок сомду жалаң гана интервенция менен сактоо туурабы, дегеле ал мүмкүнбү?

Султанов: Улуттук банк резервди качан колдонушу керек? Качан чайкоочулук басым, сезондук таасирлер болгондо Улуттук банк өзүнүн резервин колдонуп, туруктуулукту сакташы керек. Кескин секириктерге жол бербөө зарыл. Секириктер болгондо экономиканы жүргүзүү кыйын болот. Бирок фундаменталдык себептер күчтүү болсо, анда Улуттук банк улуттук валютаны кармай албайт.

“Азаттык”: Сиз айткандай, фундаменталдык абал начар. Соода балансында тескери сальдо дээрлик төрт эсеге жакын. Мына ушундай шартта резервди чача берүү канчалык туура?

Ош базары

Ош базары

Султанов: Ошон үчүн мен бир жарым жыл мурун Жогорку Кеңештин комитетинде маселе көтөрө баштагам. Акыркы убакта төлөө балансы абдан начарлай баштады, мамлекет аны оңдоого саясат жүргүзө башташ керек, экспортту көбөйтүп, импортту азайтуу керек деп эскерткем. Улуттук банк менен өкмөттүн биргелешкен саясаты болушу керек. Анткени Улуттук банк жалгыз аны ишке ашыра албайт. Азыр өкмөт экономикалык саясатты өзгөртүп, ишкерликке жол ачуусу шарт.

“Азаттык”: Мындай шартта сомдун чыныгы баасын базар аныктап алыш керек деген саясат жүргүзүү керекпи, интервенция менен эле алек боло бербей?

Султанов: Интервенциянын көлөмүн кыскартуу керек. Эгерде ушундай темп менен жүрө берсек, жылдын аягына чейин резервдин төрттөн бир бөлүгүн коротуп салабыз. Анда кийинки жылдары абдан чоң кыйынчылыкка туш болобуз. Ошондуктан тобокелчиликке салбай интервенцияны төмөндөтүп, улуттук валютанын накта курсунун жогорулашына, накта баасын алышына жол беришибиз керек.

Карызы бардын көйгөйү көп

“Азаттык”: “Алтын сом” киргизүү идеясына кандай карайсыз?

Султанов: Алтын менен валютанын байланыштыруу идеясынан 1970-жылдары баары баш тартышкан. Себеби алтын менен валютанын байланыштыруунун негизи эмне болчу? Канча валюта айланууда болсо, ошончо алтының резервде болушу керек. Кыргызстанда алтындын резерви аз да. Анда бизде акчанын көлөмү кескин төмөндөп кетиш керек. Эгерде акчанын көлөмү кескин төмөндөп кетсе, анда экономикага, социалдык чөйрөгө сокку болот. Ошондуктан бул туура эмес көз караштардын бири деп ойлойм.

Бишкектеги элиталык үйлөрдүн бири

Бишкектеги элиталык үйлөрдүн бири

“Азаттык”: Тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60% жакындап баратат. Республика дагы карыз алууда. Албаса бардык инфраструктуралык долбоорлор токтоп калат. Ага бийлик жол бербейт. Эл аралык валюта кору тышкы карыздын көлөмүн көбөйтпөгүлө деп жатат. Ага тыюу салган мыйзам да бар. Кандай кылабыз?

Султанов: Карыздарды жалаң гана улуттук ички дүң продукцияга байлаган туура эмес. Ошол мыйзам кабыл алынып жатканда айткам. Мисалы, кээ бир мамлекеттер бар ИДПсынан карыздары көп. Карыздарды негизи бир нече параметрлерге байлашат. Маселен, ички дүң продукцияга, бюджеттин чыгаша бөлүгү канча, төлөө балансы кандай, экспортуң канча - ушунун баары эске алынат.

Эгерде мамлекеттин экспорттук дарамети күчтүү болсо, анда карызын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү чоң. Андай шарта тышкы карызды көбүрөөк алганга болот. Башкача айтканда, биз алган инвестиция экспортту көбөйткөнгө кетиш керек. Ошондой учурда тышкы карыздын көбөйүшү оорчулук туудурбайт. Экспортту көбөйтүүгө жумшабасак, анда тобокелчиликтер келип чыгат.

“Азаттык”: Бизде азыр насыялар инфраструктурага гана жумашалып жатат да?

Султанов: Мамлекеттин инфраструктурага акча сарптаганы жакшы. Мамлекет инфраструктуралык долбоорлор менен гана алек болушу керек. Ал экономиканын башка чөйрөлөрүнө көп кирбеши керек. Ал жакта жеке ишкерлерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш зарыл.

Ишкерликти жүргүзүү боюнча Дүйнөлүк банктын рейтинги бар. Ал боюнча 2010-жылга чейин 42-орунда элек. Азыр эми дээрлик 100-орунга чыгып калыппыз.

Ишкерликти жасоо боюнча Дүйнөлүк банктын рейтинги бар. Ал боюнча 2010-жылга чейин 42-орунда элек. Азыр эми дээрлик 100-орунга чыгып калыппыз. Канчалык реформалар жасалбасын, азыркы кезде ишкерликти жүргүзүү Кыргызстанда кыйын болуп калыптыр. Ошону эске алышыбыз керек.

Азаттык”: Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2016-2017-жылдары экономикада оор абал болот деп билдирди. Бажы биримдиги ошончолук кыйынчылык алып келеби?

Султанов: 2016-2017-жылдары чын эле кыйын болот. Бирок бул Бажы биримдигине кирүү себебинен эмес. Биз Бажы биримдигине киребизби, кирбейбизби Орусиядагы кризис бизге сөзсүз таасирин ​тийгизет. Анткени Орусия биздин негизги экономикалык, соода өнөгүбүз.

Мигранттардын акча которуулары негизинен Орусиядан келет. Биздин экспорттун көпчүлүгү, алтынды кошпогондо, 40% жакыны Орусияга кетет. Демек бул биздин негизги базар. Эгерде негизги базарда чоң кыйынчылык болуп жатса, Бажы биримдигине киребизби, кирбейбизби сөзсүз таасирин тийгизет. Тескерисинче, Бажы биримдигине кирүү менен шартыбыз бир аз жеңилдейт. Анткени алар Өнүктүрүү фондун түзүүгө жардам берип жатат, андан тышкары биздин мигранттарга жеңилдик берилүүдө. Мунай заттарына экспорттук төлөм киргизген жок. Ушулардын эсебинен бир аз болсо да утушка ээ болобуз. Эгерде кирбесек, анда Орусияда болуп жаткан кыйынчылык андан да терс таасир этмек.

Көз караштар дал келишкенде...

“Азаттык”: “Бир бол” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” менен бириккени жарыяланды. Идеялар жакын деген менен айырмачылыктар оркоюп көрүнүп турат. Маселен, Адахан Мадумаров президенттик бийликти, Алтынбек Сулайманов парламенттик системаны жактайт. Биригүү кандай абалда?

Султанов: Кайсы жагынан көз караштарыбыз бир? Биринчиден, биз баарыбыз улутчулдук эмес, мекенчилдикти алдыга коебуз. Бул жагынан көз караштарыбыз бир.

Экинчи жагынан, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги локомотиви экономика. Экономиканы өстүрүүгө, ишкерлерге негизги көңүл бурулушу керек. Бул жагынан көз караштарыбыз бир.

Кыргызстандын негизги өнөктөштөрү ким болушу керек дегенде алар сөзсүз коңшулар болуш керек. Башкача айтканда, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай. Бул жагынан да көз караштарыбыз бир.

Мыйзамдуулук биринчи орунда туруш керек. Тартип дегенде эң биринчи кезекте мыйзамдуулук деп түшүнүшүбүз керек. Бир гана ушул максаттарды ишке ашырууда кайсы механизмдерди, форманы көбүрөөк колдонобуз дегенде айырмачылык чыгууда.

Чындап айтканда парламенттикти жактагандар президенттик бийлик болсо эле катуу тартип, жеке адамдын бийлиги орноп калат, ал кетпей коет деп ойлойт. Тарыхты карап көрсөк, дүйнөдө парламенттик системада турган өлкөлөрдө кайсы бир партия көп жыл бийликте калып, өзүнүн программасын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк алган учурлар көп кездешет.

Президенттик системада турган АКШда президент эки мөөнөттүн ичинде алмашат. Бир туруп демократтар келет, бир туруп республикачылар келет. Ошондуктан биздин ортобузда кайсы система ыңгайлуу деген талкуу жүрүп атат. Эгерде биз күчтүү бийлик түзөбүз десек, анда эки системанын ортосунда мунаса табышыбыз керек.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG