Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Соода жайлардын салыгы сол чөнтөккө солондубу?


"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат.
"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат.

Кыргызстандагы ири базарлар боюнча айрым салык кызматкерлерге кылмыш иш козголду.

29-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы салыкчылардын айынан өлкө казынасына миллиондогон сом түшпөй калганын айтып чыкты. Салык кызматы болсо дооматты негизсиз деп эсептейт.

Соңку кездери "Дордой", "Мадина" жана "Кара-Суу" өңдүү базарларда соода да жайлаганы маалым.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Дордой” базарын үч ай иликтеген экен. Кызматтын жетекчиси Бактыбек Ашыровдун билдиришинче, анын жыйынтыгында салыкчыларга “кызмат укугунан аша чапкан” деген айып менен кылмыш иш козголду:

- Биз базарда көптөгөн ишкерлер патентке акча төлөбөй турганын анализдеп чыктык. Муну Эсеп палатасы да тастыктады. Буга салык кызматкерлери өздөрү жардам берген. Биз аларга кылмыш иш козгодук. Биздин эсеп боюнча, маселен, 2012-жылы "Дордой" базарынан эле 280 миллион сом түшкөн эмес. Салыкчылардын айынан кээ бир ишкерлер такыр эле салык төлөгөн эмес, кээ бирлери теңин эле төлөгөн. Ушундай эле иштерди "Мадина", "Кара-Суу" базарларында жүргүздүк. Азыр анын тыянагын чыгара элекпиз, ага да юридикалык баа берилет. Чет өлкөлүктөр тууралуу да айтса болот. Соода кылууга уруксат алып, бир айга гана патентке акча төлөп коюп, калган айга төлөбөйт. Салык төлөбөгөн чет өлкөлүктөр да көп экенин аныктадык. Биз бул багытта ишибизди улантып жатабыз.

Салыкчылар мындай дооматты четке кагып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын эсебине ынабай жатат. Салык кызматынын башкы инспектору Муратбек Жамакеев кылмыш иш козголгондор тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн айтууда:

- Эгер кылмыш иш козголсо, ошол инспекторлор иштен убактылуу кетиши керек болчу. Азыр жумуштан бирөө да четтетиле элек, анан булар кантип айтып жатканы түшүнүксүз. Бизге ушул инспекторго иш козголду, иштен четтеткиле деген бир да расмий кат келе элек.

Ушул жазда Салык кызматы "Дордой" базары боюнча жумушчу топ түзгөн болчу. Ага аталган кызматтан сырткары Каржы министрлигинин, Бишкек шаар бийлигинин жана базар администрациясынын өкүлдөрү кирген. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү кошулган эмес дейт Жамакеев:

- Биз булардан кандай кылып текшердиңер элек десек, кечинде барып эле санап койгонбуз дешти. Андай болбойт да. Контейнерлердин иштеп атканы, иштебей турганына караш керек болчу деп биз булар менен талашканбыз. Февраль айында "Дордой" 25 миллион сом салык төлөчү, биз мартта рейд кылып текшере баштаганда эле 29,5 миллионго чыккан. Андан бери көтөрүлүп отуруп 32 миллион сомго чыкты. Бирок биз 34 миллионго чейин салык чогултса болот деп жатабыз. Анан орто жолдо балким адам колдуу болуп кетип жатабы? Эгерде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызмат ошондой салыкчыларды кармаса камаш керек деп атабыз. Биз өзүбүз деле андай кызматкерлерге сөгүш жарыяладык, кээ бирлерин алмаштырдык, бирок дагы деле адамдык фактор барбы деп жатабыз.

Бишкек шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы, “Дордой базары” ишканасынын мурунку төрага орун басары Аманбай Кайыпов Казакстан менен Орусия Бажы биримдигине киргенден тарта базарларда соода жайлаганын айтууда:

- Мурун эл товарды унаа менен ташычу, кийин айласы кеткенде кол менен ташыганга өттү. Бул соода кескин азайды дегенди билдирет. Азыр соодагерлер өтө көп кыйынчылыктарды көрүп жатат. Баягыдай соода жок. Казакстанга товар өткөрүү кыйын болуп калды. Эгер Бажы биримдигине өтсөк, реэкспорт андан бетер кыйындайт. Көп контейнерлер жабылып жатат, кээ бирлери кампа эле болуп калды.

"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат. Былтыр казынага 314 миллион сом төккөн. Бирок өкмөт башчы салык көлөмү аз экенин айтып, сынга алган эле.

XS
SM
MD
LG