Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Жаңы жылдан тарта уюк компанияларга салык 5 пайызга чейин көтөрүлөт. Ал эми тарифтер кымбаттайбы?

Салыктын көтөрүлүшү Кыргызстандын салык саясатындагы туруксуздугун көрсөтүп, аны менен катар инвестициялык абалына терс таасирин тийгизет дегендер да бар.

Байланыш операторлору ассоциациясынын жетекчиси Айбек Бакановдун айтымында, өкмөттүн уюк операторлорго салыкты 5 пайызга чейин көтөрүү демилгесине уюк компаниялар аргасыз гана макул болууда.

- Биз өкмөт менен сүйлөшүп, бир пикирге келдик. Бул маселе эми Жогорку Кеңеште сентябрда каралышы керек. Парламентте каралгандан кийин 2013-жылдын январынан тарта ал күчүнө кирет деген ойдобуз.

Өкмөт март айында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын, ага ылайык уюк операторлорго сатуудан түшкөн салык 5 пайызга чейин көтөрүлөрүн билдирген. Бирок ага биринчилерден болуп, Кыргызстандагы 20дай байланыш компаниялары кирген Байланыш операторлору ассоциациясы каршы чыккан. Алар бул салык тарифтерге болгон бааны да көтөрүүгө аргасыз кыларын айткан болчу. Бирок Айбек Баканов өкмөттүн сунушуна макул экенин, ошону менен бирге баа көтөрүлбөсүн айтты.

- Албетте уюк компанияларга 5 пайызга чейин кошумча салыктын киргизилип жатканы жакшы эмес. Бирок биз өкмөт менен сүйлөшүп, өз ара тил табыштык. "Эгер казынага акча керек болуп жатса, анда биз ага макулбуз" дедик. Бирок биз салыкты 1-июлдан эмес, 2013-жылдан январынан тарта көтөргүлө деп айттык. Эгер өкмөт январдан баштап салыкты көтөрсө, анда биз да уюк телефонго тарифтерди көтөрбөй турган болдук. Көпкө чейин талкуулап, сүйлөшүүлөр болду, акырында ушундай деп келиштик.

Өкмөт жүйөлөрүн келтирди

Өкмөттүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун парламентке берди. Күзүндө депутаттар аны карап, кабыл алып бериши керек. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин айтымында, байланыш тармагы кирешелүү болгондуктан, салыкты 2ден 5 пайызга чейин көтөрүү сунушу казынаны толтуруунун жолу катары каралып жатат.

Аталган министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиевдин айтымында, салыкты көтөрүү бул тармактагы изилдөөлөрдөн кийин сунушталды.

- Мамлекеттин деле максаты жөн эле салыкты көтөрүп салбастан, ишкерлерге калыстык кылалы деген ойду карманып жатат. Биздин антимонополдук департамент да муну изилдеген. Мындан тышкары, 8 уюлдук компаниянын шарттарын, отчетторун да карап, мүмкүн болушунча калыстык менен каралып жатат.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги бул салыктын кириши менен жылына 536 млн. сом кошумча каражат түшөт деп болжолдоодо. Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, өткөн жылы жалпы уюк байланыштан 1 миллиард 662 млн. 558 миң сом каражат чогулган. Бул 2010-жылы 1 млрд. 495 млн. 408 миң сомду түзгөн болчу.

Кыргызстанда 8 уюк компания бар болгону менен “Мегаком” менен “Билайн” компанияларынын бул тармактагы үлүшү 92 пайыз. Андыктан салыкты көтөрүүгө бул ири компаниялар гана туруштук бербесе, чакан компаниялардын жок болуп кетүү коркунучу жаралат дегендер да бар.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева чакан компаниялар бул салыктын киргизилиши менен бааны көтөрүүгө аргасыз болушат деп эсептейт.

- Мисалы, “Мегаком”, “Билайн” компаниялары салык көтөрүлгөндөн кийин бааны көтөрбөй коё алышат. Бирок алар менен чогуу иштеп жаткан башка уюк компаниялар тарифти көтөрбөсө, аларга тескери жыйынтык алып келет. Анткени алар 5 пайыз салыкты өзү төлөшү керек болот. Мисалы, 2011-жылдын жыйынтыгын эки гана компания киреше менен бүтүргөн, калганы чыгашада болгон.

Казына бөксөрүп, киреше азаябы?

Уюк компаниялар өкмөт бул тармактагы башка да салыктын түрлөрүн жогорулатып жатканына арызданышууда. Маселен, роуминг байланышына кошумча нарк салыгын киргизүү, жыштыкты колдонуу акысын көтөрүү жана таза киреше салыгын бир пайызга жогорулатуу сунушталган.

Таттуу Мамбеталиева салыкты 5 пайызга чейин жогорулатып, бирок сүйлөшүү үчүн баанын мурдагыдай калышы, тескерисинче, казынага түшчү каражатын көлөмүн кыскартат дейт.

- Уюк компаниялар салыкты көтөрүүгө каршы. Экинчиден, биз макроэкономикалык анализ кылганбыз. Ага ылайык, салыкты көтөрүп, бирок тарифти жогорулатпаса, казынага салык 20 пайызга чейин аз түшөт экен. Анткени уюк компаниялардын кирешеси төмөндөйт.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев чөнтөк телефон сүйлөшүүлөрүнө баа көтөрүлбөйт деп убада кылды.

- Салыкты азайталы дегенге баары эле макул. Бирок көбөйтөлү десе макул болушпайт. Анткени ар бир ишкер мамлекетти эмес, жеке өзүнүн капчыгын гана ойлойт. Ишканалардын пайдасына жана кирешелүүлүгүнө жараша салык саясатында деле адилеттүүлүк болуш керек.

Ал эми экономист Улук Кыдырбаевдин пикиринде, салыктын утур-утур өзгөрүшү өкмөттүн салык саясатындагы туруксуздугун көрсөтөт. Ал өкмөттүн бул кадамы инвесторлорду жана ишкерлерди чочутарын айтты.

- Мыйзамдар 5-6 жылдан кийин кайра өзгөрсө, өзгөргөндө да жеңил жагына эмес, оорлоп жатса, анда муну мурда билген адам башында эле инвестиция салмак эмес же ишкерчилик кылбайт болчу. Анткени бул өкмөттө туруктуу саясат, айрыкча туруктуу салык саясаты жок экен демек. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдар 10-20 жылга чейин алмашпайт. Эгерде алдап эле мыйзамдарды алмаштыра берсе, анда андай жерлерге эч бир ишкер келбейт да.

2010-жылдын башында, тагырак айтканда Бакиев бийлигин тушунда уюк компаниялар эч себепсиз эле сүйлөшүүдөн тышкары ар бир телефон чалууга 60 тыйындан тариф киргизген болчу. Бул элдин нааразычылыгын жаратып, апрель окуясынын жаралышына түрткү болгон себептердин бири катары каралып келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG