Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Кыргыз өкмөтү ашып-ташкан дүнүйөгө салык салууну сунуштоодо.

"Арай көз чарай" талкуусуна каржы министри Акылбек Жапаров жана “Прогресс фондунун” төрагасы Адил Турдукулов катышты.

“Азаттык”: Акылбек мырза, чечмелеп берсеңиз, сиздин оюңузча кандай байлык ашып-ташкан же ашкере байлык деп эсептелет?

Жапаров: Кыргыздын каада-салтында деле илгертен кыштоого келгенде миңден ашуун кою бар байлар ортого үч жүзгө чукул коюн чыгарып, калган жакыр жашагандарды кошо кыштан чыгарчу экен.

Азыр бизди каржылык-экономикалык оор абал күтүп турат. Акыркы он жылдан бери биз байына деле, орто байга деле бирдей салык киргизип келе жатабыз. Ошондуктан, менимче, азыр ашкере байлыктан салык алууну ишке киргизүүгө мезгил келип жетти.

Мунун эки тарабы бар: ишканалардан алуу. Биздин алтын тармагынан салыкты көбөйтүү тууралуу сунушубузду парламент колдоп берди, азыр иштеп атат. Мындан тышкары мобилдик байланыш операторлоруна да ушундай эле сунуш киргизилди.

Мына “Мегаком” байланыш операторун эки жылдан бери мамлекет өзү башкарып жатканы менен салык системасы жакшы иштебегени үчүн мамлекеттик бюджетке аз акча түшүп атат. Ошондуктан биз юридикалык компанияларга же ишканаларга ашып-ташыган кирешеден салык төлөөнү сунуш кылып жатабыз.

Жеке ишкерлер боюнча жакында анализ жасап бүттүк. Кыргызстанда 131 миң үй-бүлө өтө жакырчылыкта жашайт, ошол эле учурда 130 миңге чукул байларыбыз бар экен. Ушуларга да салыктын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап атабыз. 90-100-150 миң долларлык машиненин ээси бюджетке 5 миң доллардан кем эмес салык төлөсүн деп жатабыз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Адил мырза, ашкере байлыкка салык салуу, кыргызстандык жаран бир жылда бир жолку соода менен 1 млн. сомго мүлк сатып алса, анда ал мамлекетке ошол акчанын кайдан келгенин көрсөтүүгө тийиш деген сыяктуу өкмөттүн сунуштарын кандай бааладыңыз?

Турдукулов: Эки бийликтин кетүүсүнө анын коррупцияга чырмалышып, эки жүздүүлүк кылганы себеп болгон. Мен азыркы бийлик алардан айырмаланып жатат дегенден алысмын. Ошол бойдон эле калып жатат.

Биз коррупция менен күрөшүүнүн түпкү себебин билүүгө жана ошону менен күрөшүүгө аракет жасашыбыз керек. Эгемендик алгандан баштап кыргызстандык жаран каражатты мамлекеттин жардамысыз эле, анын тоскоолдугуна карабай таап, жан багып келе жатат.

Азыркы коррупциянын совет бийлигинин тушундагыдан айырмасы – азыркы учурда мамлекет анын ошол тапкан каражатына ээ болуп, аны өзү каалагандай бөлүштүрүүгө аракет жасап жатат, мындайча айтканда баскынчылык саясат жасап жатат.

Бул жердеги экинчи маселе – жарандардын бийлик институттарына ишенбөөчүлүгү, алар өздөрү мамлекетке берип жаткан акчанын туура сарпталарына ишенбейт. Ошондуктан биз тамырынан баштап иштесе туура болмок.

“Азаттык”: Акылбек мырза, азыр бизде айрым мамлекеттик кызматкерлердин өзүнүн эмес, кагаз жүзүндө аялынын, кайненесинин же дагы башка туугандарынын бизнестери бар. Мына ушул жол менен байып жаткандар ашып-ташкан байлыгы үчүн салык төлөөгө даяр деп ишенесизби?

Жапаров: Адамдан айла качып кутулбайт. Бирок эгерде ошол адамдын акыл-эси ордунда болсо, булардын да айласын тапсак болот. Эгер аялы, кайненеси, кимиси болбосун кымбат баалуу машине айдап жүрсө салыгын төлөп койсун.

Байлар экиге бөлүнөт: бирөө сарамжалдуу бай, ал салыгын төлөп коюп анан байыйт. Экинчиси – сараң бай, мына сиздер айтып аткандар ошол ачкөз байлар. Өкмөт мына ушулардан салык өндүрүүнү көздөп жатат, өкмөттүн укуругу узун болуш керек да. Мыйзамдарды ким парламентке киргизип атат? Жалаң чиновниктер. Анткени алар мыйзамды алдын ала киргизип коюп, анан иш кылса пайдага туйтунарын билишет. Азыркы иштеп жаткан салык системасы менен биз алардан салык ала албайт экенбиз. Эгер коомчулук туура тапса биз ошол чычканга кебек алдырбаган байлардан салык ала турган ыкманы иштеп чыгалы деп атабыз.

Турдукулов: Биздин өлкө кен байлыктарга, акыл-эстүү адамдарга бай. Бирок эң өкүнүчтүүсү – ошол байлыктарыбызды туура эмес колдонуп жатканыбыз. Кыргызстандын байлыгынын баары бир ууч колго топтолуп калган. Эң жакыр адамдар менен эң бай адамдардын ортосундагы айырма азыр 20% ашып кетти.

Мен азыркы өкмөттүн кылган ишинен чыныгы стратегияны көрбөй жатам, алар маселени тамырынан эмес, жыйынтыгынан издеп жатышат. Мен президенттин коррупцияга каршы май-талкан чиновниктерди ээлеген кызматына карабай жоопко тартуу аракетин колдойм. Бул биринчи маселе, муну аягына чейин жеткирүү керек.

Экинчи маселе – коррупциялык схемаларды түп-тамырынан жоюу керек. Энергосектордогу байлыктар, АКШнын Транзиттик борборуна май ташыган системадагы сол жакка агып жаткан акчалар тууралуу биз канча какшасак да эч кандай майнап чыккан жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG