Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

Импорттук товарлар тууралуу алдын ала эскертүү жобосу кайра каралмай болду.

Мындай чечимге өкмөт ишкерлердин кайрылуусунан кийин барды. Бирок ишкерлер сырттан келүүчү товардын көлөмүн, баасын бир ай мурда аныктоо оор экенин айтышууда.

Жеңилдик пайдасын аткезчилер көрүүдө

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери кыргыз-казак чек арасында биримдикке мүчө өлкөлөрдөн келип жаткан товарларга бажы көзөмөлү алынган. Ага жараша сырттан алып келинип жаткан товарлар тууралуу маалыматты ишкерлер атайын утурумдук талон толтуруу менен маалымдап турушчу.

Мамлекеттик салык кызматы бул система өзүн актабаганын ырастап, салык чогултуунун мындай ыкмасынын жылчыктары толтура экенин айтууга өттү.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мындай системадан улам аткезчилик менен товар ташуу арбыды:

товар ташып кирген ишкерлер атайын талон толтурушат.

товар ташып кирген ишкерлер атайын талон толтурушат.

- Азыркы система боюнча товар ташып кирген ишкерлер атайын талон толтурушат. Анда товардын көлөмү, ишкана же ишкердин тек-жайы: аты-жөнү, идентификациялык номери, дареги так көрсөтүлүшү керек. Талон чек ара кызматына тапшырылат, алар аркылуу бизге келет. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери февраль айына чейин 46 миңден ашуун талон толтурулган. Анын 20% ашууну жараксыз. Тагыраак айтканда, кимдир бирөө дарегин көрсөткөн эмес, идентификациялык номурун жазган эмес же акчанын көлөмүн азайтып көрсөткөн учурлар өтө көп болду. Мисалы, Казакстандан ун алып келип саткан ишкерлер бир килограмм ундун баасын үч сомдон деп көрсөткөн учурлар бар.

Мамлекеттик салык кызматы аткезчиликке жол бербөө, салыкты төлөтүү максатында сырттан алып келинген товарлар тууралуу алдын ала бир айдын ичинде маалымат берүү системасын сунуштап, бул жобо 10-марттан тарта ишке кирмек.

"Бир айдан кийин канча товар сатарымды кайдан билем?"

Бирок ишкерлер буга каршылыгын билдирип, Мамлекеттик салык кызматына, Экономика министрлигине жана өкмөт башчыга кайрылышкан. Ишкерлердин белгилөөсүндө, доллар өйдө-ылдый болуп турган учурда алып-сатыла турган товарды бир ай мурун алдын ала аныктоо мүмкүн эмес.

Казакстандан курулуш материалын ташып саткан ишкер Мухаммед Садыров товарга көбүнчө бир нече саат мурда эле буюрутма берилерин айтты:

- Мисалы, мен Казакстандагы соода түйүнүнө түштөн кийин буюрутма берсем, ал жактан эки саат ичинде жүктөлөт, эртеси таңга жуук келип калат. Жаңы сунуш кылынып жаткан системада, мен алдын ала салык кызматына маалымат беришим керек. Алар чек ара кызматына маалымат беришет. Мунун баары кагаз жүзүндө болот. Биз Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен жолугушуу учурунда маалымдоону электрондук түрдө кылууга болбойбу деп сурасак, аны карап атабыз деди. Кол менен, кагаз жүзүндө жасала турган ишке сөзсүз түрдө адам катышат. Адам катышкан жерде сөзсүз түрдө коррупция орун алат.

Кыргызстанга сырттан ташылган товардын баары доллар менен бааланат. Ал эми доллардын олку-солку болуп жатышы да товардын баасын алдын ала ченөөгө мүмкүнчүлүк бербесин ишкерлер белгилешет.

Кенемтени толтуруп, кемчилигин жоюу керек

Орусия менен Казакстанда доллар күчтөнүп, рубль менен теңге девальвация болгондон бери ал жактан келүүчү товарлардын баасы түшкөн. Бул өз кезегинде аткезчиликке кенен жол ачканын мамлекеттик салык кызматы да, ишкерлер да айтышууда.

Сырттан товар ташып саткан дагы бир ишкер Жылдызбек Базарбаев аткезчилик жол менен келген товарлар бул жакта салык төлөп, мыйзамдуу иштеген ишкерлердин ишине тоскоолдук кылып жатканын “Азаттыкка” айтты:

- Салык кызматынын жаңы киргизип жаткан системасы мыйзамдуу иштеген ишкерлерге жакшы. Эң туура жол. Биз муну колдойбуз. Анткени, салык төлөбөй, талон толтурбай товар алып кирген соодагерлер биздин соодага бут тосуп атышат. Муну жоюу үчүн бул идея жакшы. Бирок бул системаны кантип ишке киргизип, кандай жол менен ишке ашыруу керек? Кеп мына ушунда. Келе турган товар тууралуу отуз күн ичинде, отуз күндөн тартып, эки саатка чейинки убакта маалымдалышы керек. Биз кошумча сунуштадык: электрондук системасын түзүүнү. Азыр ар бир ишкер электрондук байланыш колдонот. Ал салык кызматынын расмий сайты аркылуу маалыматын тиешелүү жакка жиберсе, алар андан ары дагы тиешелүү жактарга жөнөтүшөт. Көп деле убакытты талап кылбайт. Болгону салык кызматынын сайтына ар бир ишкана үчүн өзүнчө баракча ачуу керек болот.

Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз-казак чек арасы

Жылдызбек Базарбаев ошол эле учурда сунушталып жаткан салык системасында ишкерлердин нааразылыгын туудурган кемчиликтер да бар экенин кошумчалады:

- Биринчиден, ар бир ишканага маалымдама менен алектенген атайын бир киши керек. Ал күнү-түнү ушул менен иштейт. Эгер ишкана аймактарда жайгашкан болсо, алар атайын жүгүн алып кетүү үчүн кыргыз-казак чек арасына келүүчү бир киши бекитүүгө аргасыз болот. Экинчиден, отуз күн мурун мен кандай товар апкелеримди билбешим мүмкүн. Баалар өзгөрүп атат. Мен ала турган товар ошол күнү жок болуп калуусу ыктымал. Ишкерлерден жүктү ташып келүүчү унаанын мотор номуруна чейин көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Албетте, мунун баары ашыкча. Биз алдын ала маалымдоо системасын жеңилдетүү боюнча өкмөт башчыга сунуш бергенде ушундай майда бирок, маанилүү учурларды эске алууну сурандык.

Бул маселе боюнча ишкерлер 2-мартта премьер-министр Темир Сариев менен жолугуп, маселени талкуулашкан. Соңунда өкмөт башчы алдын ала эскертүү жол-жобосун жеңилдетүү зарылдыгын белгилеп, муну Экономика министрлигине тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге кирген күндөн тартып, жаңы жылга чейинки убакта биримдикке мүчө өлкөлөрдөн кирген товарлардан алынган салыктын көлөмү 8 миллиард 228 миллион сомду түзгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG