Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Финансы министрлиги суу алдында сүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар бассейн кызматына жарыялаган тендерди кайра кайтарып алды. Буга коомчулуктун сын-пикири себеп болду.

Бул мекеме-ишканалардын керектөөлөрүнө байланышкан тендерлерди кайтарып алуу боюнча алгачкы факт эмес. Ошондуктан коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган Мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук портал оң баага татууда. Бирок бул механизм коррупциялык кызыкчылыктын кендирин кесет дегенге дагы эле кепилдик бере албай турат.

Кресло, планшет...

Кайра чакыртылып алынган тендерде суунун алдында сүзүү шарты бар бассейн беш метр тереңдикте, 25 метр узундукта болсун деген талап бар эле. Бул бассейн 15 кишиге ылайыкталмак.

Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын сайтына тендер жарыяланары менен социалдык тармактарда сынга кабылган бул тендерди Финансы министрлиги дароо кайтарып алды.

Мурдараак коомчулуктун сынына Финансы министрлигинин 284,6 миң сомго он кресло жана 228 миң сомго эки планшет сатып алары тууралуу маалыматы кабылып, планшетке тендер да токтотулган. Бул тууралуу кийинчерээк финансы министри Адылбек Касымалиев өзү маалымдап, бирок ар бири 28 миң сомдон ашуун турган креслолор чет мамлекеттерден келген коноктор үчүн зарыл экенин белгилеген.

Кресло демекчи, өткөн жылы Жогорку Кеңеш 2,5 млн. сомдон ашуун акчага 120 кресло сатып алары жөнүндө маалымат электрондук сатып алуулар порталына жарыяланган соң коомчулуктун нааразычылыгына кабылган. Көп өтпөй бул тендер да жокко чыгарылган болчу.

Мурдагыга салыштырмалуу жеңилдеди, кагаздар азайды. Бирок жеңүүчү кандай тартипте аныкталары белгисиз бойдон калып жатат.

Кыргызстанда электрондук сатып алуулар порталы ишке киргенине бир жылдан ашты. Мамлекеттик сатып алуулар аталган портал аркылуу жүрө баштагандан бери коомчулук мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынчу керектөөлөргө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ушул тапта назарда турган сатып алуулардын бири – Экономика министрлиги тарабынан дээрлик 1 млн. сомго улуттук колориттеги сувенирлерди сатып алуу боюнча жарыяланган тендери болууда.

Электрондук порталдагы маалымат боюнча, Экономика министрлиги классикалык стилдеги жана улуттук колориттеги шахмат, нарды оюндарын, кийизден жасалган пано, улуттук оймосу менен териге түшүрүлгөн сүрөт, улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн флешкарт жана башка сувенирлерди сатып алмакчы.

Министрликтин иш башкармалыгынын башчысы Медер Казыбеков бул сувенирлер бир жылга сатылып алынарын “Азаттыкка” билдирди:

- Мындай улуттук колориттеги сувенирлер чет мамлекеттерге чыкканда, ар кандай ишкерлик форумдар болгондо чет өлкөлүк өнөктөштөргө тартуулоо үчүн керек болот. Улам бир иш-чара болгон сайын бириндетип сатып албай, тендер жарыялап туруп, жалпы бир жылга сатып алалы деп чечкенбиз.

Жеңүүчү кантип аныкталат?

Бюджеттен акча төлөнүүчү бардык сатып алуулар боюнча маалыматтар интернетте ачык жарыяланып, мамлекеттик мекемелердин керектөөлөрү ачыкка чыга башташы көпчүлүктүн кубаттоосуна арзыды. Бирок порталды жөн эле иштетпей, тендердин жеңүүчүсүн аныктоону да автоматташтыруу керек деген пикирлер арбын.

Жакында эле порталда жарыяланган тендерлердин бирине катышкан ишкер, “ИнтерАзияконсалтинг” ишканасынын жетекчиси Бакыт Бекмуратов жеңүүчү жең ичинен деле аныкталып калуусу ыктымал деп шекшийт:

- Күрп-Сай ГЭСинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча 20 млн сомдук тендерге катышканбыз. Бүгүн ачылды. Үч ишкана катышыптырбыз. Мурдагыга салыштырмалуу жеңилдеди, кагаздар азайды. Бирок жеңүүчү кандай тартипте аныкталары белгисиз бойдон калып жатат. Мына, бүгүн ачылды, бирок жеңүүчү бир-эки жуманын ичинде аныкталат дешти.

Тендердин жабык жактары

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук портал коррупцияны ооздуктоо максатында киргизилген. Бирок портал толук максаттуу түрдө иштебей жатат деген пикирлер да бар. ЖИА Бизнес биримдигинин төрагасы Умбриэль Темиралиев сайттын ачык болгону жакшы, бирок башкы маселе анын кандай иштеп жатканында деген пикирде:

- Мамлекеттик сатып алуулар ачык, коомчулуктун көз алдында болгону жакшы. Бирок кеп аны кантип иштетип жатышкандыгында. Көбүнчө андагы тендерлер мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда илинет же болбосо, майрам, дем алыш күндөргө туштап жарыялашат. Бул дагы ишкерлерибиздин тендер тууралуу өз убагында маалымат алуусуна кедергисин тийгизет. Экинчиден, документтер баары туура болуп, өз убагында жетишип эле тендерге катышкан күндө да, андан утуп чыгуу оор. Анткени, кээ бир министрликтерде мурдатан иштешип, кызматташып жүргөн ишканалар бар. Көбүнчө аларга артыкчылык берилерин байкадык.

Иллюстрация

Иллюстрация

Темиралиев тендердин жеңүүчүсү адилет аныкталган күндө да, аны жарыялаган ишканалар ортодон пайда алып калууга аракет кылган көрүнүштөр да бар экенин кошумчалады:

- Дагы бир көйгөй – төлөө дисциплинасы. Эгерде бир ишкер тендерди утуп, убагында сүйлөшүлгөн баа менен кызмат көрсөтүп же товар жеткирип берсе, акчасын алуу аябай оор болуп жатат. Ал министрлик “акча которула элек, тигил жактан келе элек, бул кой кое элек” деп чойгон учурлар көп. Минтип чойгондун бир себеби - ортодон пайда үмтөткөнү. Мындай көрүнүш албетте, ишкерлерди иренжитет. Ал ишкер экинчи андай министрлик же мекеме менен иштегиси келбейт. Төртүнчү көйгөй – тендер боюнча жасалган иштин аки-чүкүсүн каза берүү. Кайсы бир мекеменин тендер ойнотулган учурдагы жетекчиси кызматтан алынып калса, анын мурунку иштерин чукуп, ал ортодо тендерге катышып, кызмат көрсөткөн ишкерлерди да кошо чукуп кыйнап жиберип жатышат.

Электрондук сатып алуулар порталында мамлекеттик мекемелер түрдүү кызмат көрсөтүүлөргө, буюм-тайымдарды сатып алууга тендер жарыялашат. Анын ичинде оңдоп-түзөө иштеринен тартып, кагаз, калем, белек-бечкек, айтор бардык бюджеттен каржыланган сатып алуулар бар. Алсак, ушул тапта электрондук порталда Чоң-Алай айыл аймагында 385тен 400гө чейин жолбун итти жана мышыкты атуу үчүн суммасы 60 миң сомдук тендер илинип турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG