Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Үмөталиев: мамлекеттин бизнеске көзөмөлү күч


Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Өкмөт коррупцияны ооздуктоо аракеттери жемишин бере баштаганын билдирди. "Кыргызконцепт" ишканасынын жетекчиси, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сиздин баамыңызда, өкмөт көрүп жаткан чаралар чындап эле жемишин берип, коррупциянын деңгээли азайдыбы?

Эмил Үмөталиев: Кээ бир иштер жемишин берүүдө, бирок системалык түрдө толук ишке аша элек. Биринчиден, Конституциябызды азырынча өзгөртпөй келатканыбыз, аздыр-көптүр, идеалдуу болбосо да саясий плюрализмдин орун алып турганы көбүрөөк жемишин берип атат.

Кээ бир жетишкендиктерибиз бар. Антикоррупциялык уюмдар түзүлдү. Анын баары толугу менен коррупциянын жок болушуна алып келген жок. Бирок айрым эпизоотикалык, техникалык, тактикалык шарттарда кээ нерселер оңолуп жатат. Ошон үчүн такыр эле жемишин берген жок деп айта албайбыз. Өзгөртүлүп, оңолуп жаткан иштер бар. Бирок толугу менен жоюлганына күбө болгон жокпуз.

“Азаттык”: Ишкерлердин көбү текшерүүлөрдүн саны азайганы менен, бейрасмий текшерүүлөрдөн жабыркап келатканын айтышат. Мисалы, үй курам десе, фирма ачам десе, ошол жерден коммуникация өткөрүүгө, электрге төлөшү керек. Мамлекет ушул маселени кантип чечет?

Эмил Үмөталиев: Илимий сөз бар – deregulation. Бул – мамлекеттин кийлигишүүсүн кескин түрдө азайтуу. Мамлекеттик кызматкерлердин, мамлекеттик уюмдардын санын азайтуу зарыл. Анын баарын бейөкмөт уюмдарга жана жарандык коом уюмдарга өздөрүн өзү тейлегендей кылып тапшырып берүү зарыл.

Мындан тышкары мамлекетти бизнестен, ишкерлерди мамлекеттен ажыратуу керек. Совет доорунда мамлекет бүт мүлктү, чарбаны ээлеп турганда кандай күчкө ээ болсо, бүгүнкү күндө да ошондой таасирге ээ. Көп менчик элге таратылып бергендей көрүнөт. Бирок мамлекеттин көзөмөлү жана үстөмдүгү ошол бойдон эле турат. Ашыкча күч, ашыкча көзөмөл сакталып кала берүүдө.

Экинчиден, мамлекеттин колунда өтө көп бизнес бар, экономиканын үлүшү бир топ. Алар монополдуу шартта болгондуктан баары бир башкалардын жолун тороп, кийлигише беришет, кантип башкалардын жолун буусак деп ойлоп чыга беришет. Бизнесменди саясаттан бөлүш керек. Өлкөгө кызмат кылабыз деп барган саясатчылар элдин көзөмөлү алдында бизнесин тапшырып берип, алардан баш тартыш керек.

“Азаттык”: Кызыкчылыктар кагылышы болбош керек деп жатасызбы?

Эмил Үмөталиев: Ооба, алар бийликке келип алган соң башкаларга ошондой коррупциялык схемаларды, тоскоолдуктарды түзө беришет. Ошентип эгерде биз демократиялык жол менен коррупцияны жоёбуз десек, анда бийликке барган адамдардын баары элдин алдында өз бизнесинен баш тартканына күбө болушубуз керек.

“Азаттык”: Кыргызстанда ишкерлер үчүн башка өлкөлөргө салыштырмалуу мыйзамдар абдан жакшы жазылганын эксперттер белгилешет. Анда эмнеге мыйзамдар иштебей жатат деп ойлойсуз?

Эмил Үмөталиев: Толугу менен иштебей жатат. Кээ бир мыйзамдарды жакшы баштап, жазып койгону менен, бирок толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттин көзөмөлүн жоюш керек. Мамлекеттин мүлктөрүн аягына чейин улутташтыргандын ордуна кайрадан менчиктештирип, элге таратып берүү керек. Сот системасын, укук коргоо органдарын реформалоо зарыл.

“Азаттык”: Бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдар менен кызматташтыгы жакшырдыбы?

Эмил Үмөталиев: Менин байкашымча жакшырган жок. Биз мындан да тыгыз иштешкен жылдар болгон. Акыркы кезде демократиялык өлкөлөр менен мамилебиз бузулгандан бери бизнес ассоциациялары, уюмдары менен мамлекеттин кызматташуусу төмөндөп кетти. Саясатка мурдагыдан да бай жана бизнес кызыкчылыгы бар адамдар келди. Алар өзүнүн кылган ишин өз бизнес саясатынан айырмалагысы келбей турат. Эгерде ушуну жоё алсак, анда коррупциялык схемаларды да азайтмакпыз.

XS
SM
MD
LG