Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Жемайел: Доллардан баш тартуу ыктыярдуу жүрүшү керек


Эдвард Жемайел

Эдвард Жемайел

Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдвард Жемайел Улуттук банктын республиканын каржы-акча базарын турукташтыруу боюнча жасап жаткан аракеттери менен демилгелерине түшүндүрмө берди.

«Азаттык»: Кыргызстандын Улуттук банкы доллар курсун кармап туруш үчүн эки жылдын ичинде 750 миллионго жакын доллар сатыкка чыгарды, бул валюта резервинде турган каражаттын үчтөн бирине жакын акча. Ансыз деле чакталуу резервди минтип бөксөртүштүн зарылдыгы бар беле, ансыз деле доллар кымбаттап атпайбы?

Эдвард Жемайел: Кыргызстандын Улуттук банкы жүргүзүп жаткан акча саясаты көп колдонулчу ыкма, себеп дегенде, валюта курсу базар шартына жараша такай өзгөрүлүп турат. Бул сырттан болчу кооптуу жагдайлардын мизин кайтарып, эл аралык валюта резервин сактоо жана да атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Андан сырткары мындай саясат акчалардын кескин түшүп кетишине жол бербеш үчүн Улуттук банкка ыкчам жол табууга, акча базарына чет эл валютасын керектүү учурда чыгарып турууга мүмкүнчүлүк берет.

«Азаттык»: Эгер Кыргызстан сомду ээн-жайкын коё берип, доллардын токтоосуз кымбаттай беришине жол ачып койсо кандай болор эле? Мындайдын экономикага тийгизчү таасири болобу?

Эдвард Жемайел: Жана мен айтпадымбы, базардын шартына жараша чыккан акча курсунун артыкчылыктары бир топ. Ал биринчи иретте экономиканын сырттан келчү капыс жагдайларга ыңгайлашына, эл аралык резервди сактоого, реалдуу сектордун атаандаштыкка жарамдуулугун сактоого мүмкүндүк берет.

«Азаттык»: Кыргызстан бийлиги менен Улуттук банк административдик чараларды колдонуп, өлкө экономикасын доллар басымынан алып чыгуу аракетин пландаштырууда. Мисалы, жеке банктарды доллар менен берилчү кредиттерин сомго күчтөп котортууда, ошондой эле доллар менен карыз берүүлөрдү чектөө киргизилгени турат. Мындай аракеттерди акыл-эстүү, ишке аша турган нерселер дешке болобу? Ушинтип доллар басымын азайтуу мүмкүнбү?

Эдвард Жемайел: Биз андай пландарды маалымдоо каражаттарынан гана окудук. Тилекке каршы, бул тууралуу пикир айтыш үчүн бизде кенен жана так маалыматыбыз жок.

Ал эми экономиканы доллар үстөмдүгүнөн азайтуу боюнча эң ыктуу жолдор тууралуу айта турган болсок, бул жаатта баарын басым-кысымсыз, өз каалоосу менен жасаган өлкөлөр гана ийгиликке жетишкенин белгилей кетким келет. Алар доллар менен берилген карыздарды, кредиттерди улуттук акчага валютанын базар баасында, өтүмдүү алмашуу курсу боюнча жүргүзүшкөн. Бул зыяндардан жана кошумча чыгымдардан сактайт.

«Азаттык»: Жеке секторго административдик кысым кылбай, доллар басымын азайтуунун кандай натыйжалуу ыкмаларын Эл аралык валюта кору сунуштай алат?

Эдвард Жемайел: Доллар басымынан кутулуунун эң өтүмдүү каражаты туруктуу макроэкономикалык чөйрө болуп саналат. Анын ичине терең ойлонулган, ырааттуу ишке ашырылчу салык саясаты кирет, ал ишенимге арзыган акча саясатын камтыйт, банк секторунун иши мыкты болушу абзел. Буга кошумча өлкө калкынын мамлекеттик институттарга ишенимин арттырган реформаларды жүргүзүш зарыл.

XS
SM
MD
LG