Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Кыргыз экономикасы атаандаша албай жатат


Кыргызстан экономикасы атаандаштыкка жөндөмү жагынан дүйнө мамлекеттери арасында 127-орунда.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форум 144 мамлекет боюнча талдоосунун жыйынтыгында быйыл мына ушундай тыянак чыгарды.

Өлкөдөн сурамжылоого тартылгандар бизнес жүргүзүүдөгү башкы тоскоолдуктар катары экономикалык саясаттын туруксуздугун жана коррупцияны аташкан.

Дүйнөлүк экономикалык форум түзгөн глобалдык атаандаштык индексинде Кыргызстан 2010-жылы 139 өлкөдөн 121-орунда, былтыр 142 өлкөдөн 126- орунда болчу. Быйыл 144 өлкөдөн 127-орунга жайгаштырылган.

Өзгөрүү жок

Баяндаманы даярдаган адистердин бири, Дүйнөлүк экономикалык форумдун улук экономисти Маргарита Држеник Хануздун (Margareta Drzeniek Hanouz) “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүнө караганда, Кыргызстандын орундарынын жылдан-жылга артка кетүүсү кырдаал барган сайын начарлоодо дегенди туйундурбайт, бирок изилдөөдө камтылган индикаторлор боюнча олуттуу өзгөрүү да жок.

Хануз айым кыргыз экономикасынын атаандаштык жөндөмү артпай жатышынын изилдөө көрсөткөн бир нече себептерин атады:

- Башкы алсыз жактары – институционалдык түзүлүш, мамлекеттик институттардын иштөө сапаты, мүлккө болгон менчик укугу менен байланышкан маселелер. Алсак мүлккө болгон менчик укуктун корголушу жагынан Кыргызстан 144 өлкө ичинен эң акыркылардан, 142-орунда. Өкмөт ишинин, экономикалык талаштарды чечүүчү укуктук системанын натыйжалуулугун арттыруу Кыргызстан алдыга жылуусу үчүн көңүл бурууну талап кылган олуттуу маселелерден. Макроэкономикалык абал боюнча да Кыргызстан 132-орунда кала берүүдө. Өнүгүү үчүн көңүл бурууну талап кылган дагы бир маселе – технология. Бул компьютер сыяктуу маалымат жана коммуникация технологиясы гана эмес, өндүрүш менен байланышкан технология. Өлкөгө технология алып, аны жакшыраак колдонууга көңүл буруу абзел.

Дүйнөлүк экономикалык форум тигил же бул мамлекеттин экономикасынын атаандаштык жөндөмүн аныктоодо он эки багыт боюнча жүздөн ашуун көрсөткүчтөргө көңүл бурат. Алар боюнча эки башка булактан алынган маалыматтарды колдонот.

Биринчиси - эл аралык уюмдардын статистикасы, экинчиси - өлкө ичинде бизнести башкаруучулар менен жүргүзүлгөн сурамжылоо.

Козголбогон коррупция

Сурамжылоого тартылгандарга бизнес жүргүзүүдө көйгөй жараткан башкы факторлор кайсылар деген суроо узатылган.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун улук экономисти Маргарита Држеник Хануз сурамжылоонун Кыргызстандагы жыйынтыктары тууралуу мындай дейт:

- Биз бизнестин башкаруучуларын сураганыбызда, алар айткан эки башкы фактордун бири – бул саясаттын туруксуздугу. Башкача айтканда, өкмөттүн экономикага тиешелүү саясаттын туруктуулугун камсыздай албаганы. Саясаттын туруктуулугу - бизнестин алдыга план түзүүсү үчүн маанилүү. Алар айткан экинчи фактор, коррупция, айкындуулуктун жоктугу. Бул эки фактордун ар бирин суралгандардын 17% же чогуу караганда 34% аташкан.

Маргарита Држеник Хануз айрым көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда бир аз жылыш бардыгын, бирок ал жалпы турумду оңдогудай жетиштүү болбой жатканын кошумчалады.

Маселен мыйзамсыз төлөмдөр жана пара көрсөткүчү боюнча Кыргызстан былтыркы 140-орундан быйыл 137-орунга көтөрүлгөн.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун изилдөөсүндө Борбор Азиядан Кыргызстандан тышкары Казакстан менен Тажикстан камтылган. Бирок алардын туруму Кыргызстандыкынан алдыда. Казакстан 144 өлкө ичинен 51-орунга, Тажикстан 100-орунга жайгаштырылган.

Экономикасынын атаандаштык жөндөмү жагынан дүйнөдө биринчи орунда Швейцария турат, экинчи орун Сингапурга ыйгарылган. Кошмо Штаттар 7-орунда. Эски совет аймагынан Орусия 67, Кыргызстан айрым реформалар боюнча үлгү алууну көздөгөн Грузия 77-орунда.

Бишкектеги “Промотанк” консалтинг компаниясынын башчысы Азамат Акелеев Кыргызстандын эл аралык рейтингдери оңолбой жатканын кардиналдуу өзгөрүүлөр жоктугуна байланыштырат:

- Менимче төмөн рейтингдерди кардиналдуу өзгөрүүлөр жок болгонунан улам алуудабыз. Ошондой эле инвесторлор үчүн бизде терең өзгөрүүлөр жүрүп жатканын ачык каңкуулаган белги болбоду жана бүгүнкү күндө андай маалымат үчүн негиз да жок болуп турат.

Кыргызстандын эл аралык индекстердеги рейтингдерин көтөрүү маселеси мурдагы өкмөттүн жыйындарынын биринде каралып, анда кээ бир учурларда эл аралык уюмдар тарабынан объективдүү эмес маалыматтар колдонулуп жаткандыгы айтылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG