Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

2011-жылды Кыргызстан экономикада салыштырмалуу өсүш менен жыйынтыктоодо. Кийинки жылы болсо ички саясый кырдаалга эле эмес, глобалдык экономикадагы абалга да көз каранды болмокчу.

Улуттук статкомитеттин эсебине караганда, 2011-жылдын он бир айында Кыргызстанда улуттук дүң өндүрүш 2010-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 пайызга өстү. Коогалуу жылдагы төмөндөөдөн кийин кыргыз экономикасы ыкчам калыбына келгенин эл аралык каржы уюмдар да белгилөөдө.

Эл аралык Валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе “Азаттыкка” маегинде 2010-жылдын базасы төмөн болгонуна карабастан, 2011-жылы кыргыз экономикасында оң жылыштар орун алганын, жыл жыйынтыгында өсүш 7-8 пайыз тегерегинде болорун ырастады:

- Өсүштүн кеңири чөйрөгө негизделгени жакшы жышаана. Ага тоо-кен тармагынын, өндүрүштүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен жетишилди. 2010-жылы коопсуздук маселелерине байланыштуу туризм тармагы дээрлик иштеген эмес. 2011-жылы туризм кайра жанданды.

Мындан сырткары жакшы жаңылык – Казакстан жана Орусия сындуу өлкөлөрдө да экономикалык өсүштүн уланганы, алтын баасынын кымбаттыгы, өлкөгө акча которуулардын көбөйгөнү. Биз билген маалымат боюнча өлкөгө которулган акча көлөмү (2010-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) 35 пайызга өскөн. Бул жакшы белги.


ЭВКнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Коба Гвенетадзе экономиканын аяктаган жылдагы башка оң көрүнүштөрү катары банк секторунун жанданышын, кардарлар салган депозиттердин, алган насыялардын да көлөмү өскөнүн кошумчалады. Анын айтымында, 2011-жылдын экинчи жарымына барып инфляция ыргагы да төмөндөдү. Ошентип, жыл жыйынтыгында инфляция 5-6 пайызды түзөт деп болжошууда. Улуттук статкомдун эсебинде, он бир айдын жыйынтыгында инфляция 4,6% болду.

Өсүш бар, таасири жок

Кыргызстанда экономика акыркы ирет 8 пайыздын тегерегинде 2008-жылы өскөн. Глобалдык экономикадагы кризистин таасири тийген 2009-жылы өсүш 2,5 пайыздын айланасында болгон. Коогалуу 2010-жылы экономика 1,5 пайызга төмөндөгөн.

Акыркы үч жылдан бери улуттук дүң өндүрүштүн акчалай көлөмү болгону беш миллиард доллардан кемип, же бир аз ашып жүрөт. Аяктаган жылдын жыйынтыгында деле ал, маселен, 5,5 миллиард долларга чаап чыкпайт.

Экономист окумуштуу, Бишкектеги кыргыз-орус Славян университетинин профессору Аза Мигранияндын айтымында, улуттук дүң өндүрүштүн эл турмушуна таасири ал белгилүү бир мөөнөт аралыгында туруктуу өсүп турганда гана тиет. Тилекке каршы, азырынча Кыргызстан буга жетише элек.

- Бизде мындан сырткары инфляциянын ыргагы да салыштырмалуу жогору да. Ал өткөн жылдан төмөн болгону менен жок айтууга болбойт. Албетте инфляция кирешелердин өсүүсүн жеп кетип жатат. Сиге мындай дейт элем: азырынча олуттуу өсүш жок жана болгон өсүш калктын бакыбатчылыгына таасир бере элек, башкача айтканда, анын сапаттык мүнөзү азырынча өзгөрө элек.

2012-жылга саресеп

Декабр башында Эл аралык Валюта корунда Кыргызстанга 103 миллион доллардык насыянын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси жактырылганда 2011-жылы экономиканын өсүш ыргагы жогору болгону менен алдыда өлкө үчүн бир катар, анын ичинде глобалдык экономикалык кырдаалдын начарлоосу менен байланышкан проблемалар чыгары белгиленген. ЭВКнын Бишкектеги өкүлү Коба Гвенетадзе “Азаттыкка” буларды айтты:

- Глобалдык экономикадагы төмөндөөдөн, эгер бул болсо, келүүчү башкы таасир кыргыз экспортуна керектөөнүн жана сырттан которулган акча агымынын азайышы. Анткен менен глобалдык экономикадагы өсүштүн төмөндөөсү сырьеолук товарларга баанын түшүүсү менен коштолот. Бул кыргыз экономикасы үчүн пайдалуу. Ошол эле учурда алтындын баасы анчалык арзандабачудай. Өзүңүз билесиз, алтын Кыргызстанга экономикалык өсүш, экспорт, салыктан түшүүчү киреше жагынан маанилүү.

Коба Гвенетадзе азыр эксперттер болжоп жаткандай, эгер алтын баасы аразандап кетсе, Кыргызстан кирешенин бир бөлүгүн жоготорун, бирок бул анчалык чоң болбой турганын кошумчалады.

Эл аралык Валюта корунун болжолунда, кыргыз экономикасы 2012-жылы 6%, 2016-жылга чейин орто эсеп менен 5,5 пайыздан өсөт. Бул көрсөткүч жагдайга жараша кайра каралып турмакчы.

Бирок өсүш ички саясий туруктуулук тыштан жагымдуу фактор менен коштолгондо гана камсыздалат. Мындан тышкары:
Жакшы жаңылык - өсүш кеңири чөйрөгө негизделди. Ал тоо-кен тармагынын, өндүрүштүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен болду.

- Өлкө коомдук каражатты башкаруудагы реформаны улантуусу, ал реформа мамлекеттин акчасы абдан эффективдүү пайдаланылуусун кепилдөөсү керек. Бюджетти консолидациялоо же таңкыстыкты кыскартуу зарыл. Ошондой эле банктарга көзөмөл салуу күчөтүлүп, өлкөдөгү ири жана системалуу банктарга көңүл буруу керек.

Ошентип 2010-2011-жылдары кыргыз экономикасындагы жагдай көбүн эсе ички жараяндарга көз каранды болсо, дүйнөлүк экономикада жаңы рецессиянын белгилери бардыгын эске алганда, 2012-жылы тышкы жагдайга да көз каранды болчудай. Адатта Кыргызстан глобалдык экономикадагы кризисти Казакстан жана Орусия аркылуу сезет.

"Рейтер" маалымат агенттиги декабр соңунда экономист эксперттер арасында өткөргөн сурамжылоого караганда, карыз каатчылыгына кабылган Европа 2012-жылы дүйнөлүк экономиканы ылдыйга тартканы менен ал жыл ичи экономикасы 2 пайыздан бир аз ашуу гана өсөрү күтүлгөн АКШнын жана өнүгүп келе жаткан Кытай жана Бразилиянын экономикалары эсебинен “оң нукта” кармала алат экен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG