Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жоолук маселесинин жоромолу бүтө элек


Жоолук боюнча Кыргызстанда жыл сайын эле талаш-тартыш чыгат
Жоолук боюнча Кыргызстанда жыл сайын эле талаш-тартыш чыгат

Жоолукчан окуучу кыздарды мектепке киргизбеген директорлорго аймактык билим берүү мекемелери эскертүү берип жатат.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Аталган институт ушул тушта хижабчан окуучуларга байланыштуу 10дой арызды териштирүүдө.

Ал арада Билим берүү министрлиги окуучулардын формасына байланышкан маселени чечүү жолдорун издеп жатат.

Кыргызстанда жыл сайын окуучу кыздардын жоолук салынышы боюнча талаш-тартыш чыгат.

“Мутакалим” мусулман аялдар коомдук бирикмесине быйыл Нарындагы Жумгал районунун Байзак айылынан 10дой окуучу кыздын ата-энесинен арыз түшкөн экен. Алардын бири, Жүзүм аттуу айым 6-класстагы кызы мектепке алгач жоолукчан барганда кодулашканын айтып берди:

Билим берүү министрлигинин алдындагы акция, 19-сентябрь, 2011-жыл
Билим берүү министрлигинин алдындагы акция, 19-сентябрь, 2011-жыл
- Быйыл кызыбызды жоолук салып, мектепке жиберсек эле деректир “салынбасын, чечип келсин, же болбосо артка салынсын” деп айткан. Анан биз арыз жазганбыз. Андан бери деректир унчуга элек. Менин жолдошум азыр дааватка кеткен. Мектепке жоолук салынып барган кыздардын көбүнүкүн азыр алдыртып салышты. Азыр эки эле кыз салынат. Биз болсо такыр эле алдыртпай койдук. Кызыбызга атасы “жоолук салын, бул кыз баланын парзы” деп салдыртып койгон, анан өзү деле макул болуп эле салынып алган.

“Мутакалим” уюму жумгалдык жоолукчан окуучулардын арызын Акыйкатчы институтуна жолдогон. Азыр эми бул маселеге акыйкатчы Бакыт Аманбаев өзү баш болуп киришүүдө. Аманбаев мугалимдер мектептеги жобону өлкөнүн Баш мыйзамынан жогору коюп, окуучулардын укугун чектеп жатат деп билдирди:

- Кыргызстандын Баш мыйзамынын 32-беренесинде "ар бир жаран абийир жана дин тутуу эркиндигине ээ" деп так жазылган. Ар бир бала билим алуу укугуна ээ. Ал кандай кийип келсе да билим алышы керек. Бул жерде жоолук салынды, же салынбады деген маселе эмес, башка өңүттөн караш керек. Мына ошол конституциялык укуктун корголушу жөнүндө сөз болуп жатат. Мектепте атайын форма менен келсин, кыска кийбесин дегендей ар кандай эрежелер болушу мүмкүн. Ал мектептин деңгээлиндеги ички жобо. Бирок ал жоболорго караганда жарандардын конституциялык укугу жогору турат.

Аманбаев азыр 10го жакын мектепке байланыштуу арыз текшерилип жатканын, эки мектептин башчысы эскертүү алганын кошумчалады. Эскертүү алды деген Бишкектеги Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин деректири Азаткан Чекирбаева жоолук боюнча маселе чыкты деген маалыматты четке какты:

- Биздин мектеп 2010-жылы ачылган. Ошондон бери эле үстү ак, асты кара деген форма менен эле окуп жатышат. Балдарды өтө деле кыйнабайбыз. Кара-Жыгач жаңы конушундагылардын дээрлик 80 пайызы келип-кетип жашаган квартиранттар. Турмуштары өп-чап. Жөн гана ак-кара кийип келгиле деп эле коёбуз. Аны деле бузуп, жоолук салынып, мусулманча кийинип келем деп дегеле мага бир кыз кайрылган эмес.

Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев мектепте окуучу кыздарга бир байлам жоолук менен келсе болорун айтууда. Андан сырткары мектеп формасын бир жолго коюу боюнча түзүлгөн жумушчу топ ишин аяктап калганын белгиледи:

- Өзүнө жарашыктуу үстү ак, асты кара мектеп формасын кийсин, анан хижаб эмес, кичинекей бир байлам чакан жоолук салынсын дегенбиз. Бул Конституциянын да, мектептин да эрежесин да бузбайт. Андан сырткары форма боюнча жумушчу топ түздүк. Форманын үлгүлөрүн карап, талдап жатабыз. 30-январда бул ишти жыйынтыктайбыз. Ага ата-энелер, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, кыскасы баары кирген.

Окуучу кыздардын жоолук маселеси Кыргызстанда жыл сайын көтөрүлөт. Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун тушунда кыздарга мектепке жоолукчан келгенге уруксат берилген болчу.

XS
SM
MD
LG