Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Кыргызстанда саясый туруктуулук көп тил билүүгө да жараша болоору тууралуу Бишкекте өткөн өлкөнүн билим берүү тармагындагы тил саясатын талкуулаган эл аралык конференцияда айтылды.

Жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы биримдикти сактоо үчүн өлкөдө жашаган этностук топторун тилдерин жерибестен, билим берүү тармагында көп тилдүүлүктү камсыз кылууга чакырды.


Тил маселеси ашкере саясатташып кетти


Өлкө башчысы акыркы учурда Кыргызстанда жашаган улуттардын тилине байланышкан маселелер ашкере саясатташып, анын айынан кыргыздарда да, улуттук азчылыктарда да нараазылыктар күч алып жатканын белгиледи:

- Бүгүн бул маселе эки тараптын тең нараазычылыгын жаратууда. Өлкөдөгү улуттук азчылыктар өз эне тилинин колдоно албай жатышканына, же ага жетишинче көңүл бурулбай жактанына нараазы болушат. Ал эми кыргыздар болсо кыргыз тилинин мамлекеттик тил деп Баш мыйзамда көрсөтүлүшүн жөн гана кожокөрсүндүк үчүн жасалган иш катары санашып, анын азыркы абалына канаатанбайт. Бизде азыр дал ушундай көп түрдүү көз караштар менен ар күн сайын кездешүүдөбүз.

Президент өлкөдөгү мектептерде улуттук топтордун тилин жерибестен, көп тилдүү билим берүү азыр абдан зарыл экенин да кошумчалады.

Буга чейин Ош шаарынынын мэри Мелис Мырзакматов өзбек тилиндеги мектептерди кыргыз тилине өткөрүү демилгесин көтөргөн болчу.

Өлкөнүн билим берүү министри Канат Садыков мындай аракеттер көп тилдүү билим берүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт:

- Бул нерселер өзбек улутунун өкүлдөрүнүн чын дилинен айтылып жатабы, же абалды карап туруп ушундай акыбалда болуп калдык, жок дегенде ушуга баралы деген чечимиби? Мына ушуларды изилдеп туруп саясатыбызды жүргүзүшүбүз керек. Муну менен катар өзбек улутундагылар өз пикирин бийлик өкүлдөрү менен катар бейөкмөт уюмдарга, эл аралык уюмдарга ачыгыраак билдирсе гана мындай кадамга барышыбыз керек.


Бала бакчалардын төрт пайызы гана кыргызча


Билим берүүдө эки-үч тилди мыктылап үйрөтүү каралганы менен аймактарда орус тилин үйрөтүүнүн жакшы жолго коюлбаганы айтылып келет. Нарын облусунун губернаторунун орун басары Салтанат Эсенаманова кийинки муун орусча билбей калып жатканына кейийт:

- Бизде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча көйгөй жок. Бирок алыскы аймактардагы балдар орус тилин билбейт. Орус мектептерде болсо мугалимдер жетишпейт. Мугалимдер орусча сүйлөй албаган учурлар бар.

Канткен менен кыргыз тилин өнүктүрүү жагы аксап жатканына көңүл көбүрөөк бурулду. Маселен, Бишкектеги бала бакчалардын 4 пайызы гана кыргыз тилинде. Өлкөдө кыргыз тилинде билим берген орто мектептердин санынын көп болгону менен андагы билим берүүнүн сапаты өтө төмөн.

Президенттин этностук, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеванын билдиришинче, өлкөдөгү орус тилдүү мектептерде билим алууну каалагандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө.

Мамлекеттик тилдин билим берүү тармагында мындай кодулоого тушугуп жатканын профессор Замира Дербишова төмөндөгүчө түшүндүрөт:

-20 жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жасап жаткан саясатыбыз туура эмес. 20 жыл ичинде биз тилди даңазалоо менен сырткы көрүнүштөрүн көрсөтүүгө көңул бурдук. Чын-чынына келгенде тилибиз үй-бүлөлүк тил, көчөнүн тили болуп келе жатат. Ар бир тилдин өнүгүшүнүн көрсөткүчү анын илимий пайдубалы, билим берүү тили катары өнүгүү шартына жараша болот. Биз болсо муну эстен чыгарып койдук.

Кыргызстанда жалпы 2197 орто мектеп иштейт. Алардын 1410у кыргыз мектептери болсо, 201и орус, 121и өзбек, 3өө тажик тилинде жана 462 мектеп аралаш тилде билим берет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG