Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Сырттан окуган студенттер саны кескин кыскартылат


Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова.
Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова.

Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова ЖОЖдордо сырттан окуган студенттер санын кыскартуу демилгесин көтөрүүдө. Эксперттердин айтымында сырттан окутуу бөлүмү билим берүү системасындагы эң коррупциялашкан тармак катары калууда.

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда сырттан окуп билим алып жаткан 117 миңдей студент бар. 23 жаштагы Талант алардын бири. Учурда ал Орусиянын Магнитогорск шаарында соода кылат. Талант бүгүнкү күнү диплом баары бир керек деп, Бишкектеги ЖОЖдордун биринде сырттан билим алат. Ал буга чейинки кышкы - жайкы сессияларын акча берип “бүтүргөнүн” жашырбайт. Акыркы 2 жылдан бери ал Кыргызстанга келе элек.

- Сессияныбы? Эл катары эле...Сырттан окугандар кантип бүтүрөт? Акча берип да...,-дейт ачык эле Талант.

Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова жакындан тарта ЖОЖдордо сырттан окуган студенттер санын кескин кыскартууга киришет. Себеби, билим берүү системасындагы сырттан окутуу бөлүмү массалык коррупцияга жол берүүдө.

Билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө 2007-2008 окуу жылдары ЖОЖдордо билим алган студенттердин 49 % сырттан окугандарга туура келген. Ал тургай кээ бир окуу жайларда сырттан окугандар баардык студенттердин 80 % түзгөн. Түштүктөгү жогорку окуу жайларда, өзгөчө Жалал-Абад университетинде сырттан окугандардын негизги бөлүгүн мигранттар түзөт. Алар таптакыр эле сабакка келишпейт экен. Ал тургай алар кышкы-жайкы сессия маалында да окуу жайга басып келишпейт. Муну менен сырттан окуган студенттер массалык паракорчулукка жол берип жатышат.

2008-2009-окуу жылы Билим берүү жана илим министрлиги сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алынчу студенттерди санын 20% га кыскарткан. Министрлик жакынкы үч жылда сырттан билим алган жаштар жалпы студенттердин 30% гана түзүп калат деп ишендирүүдө.

Жогорку Кеңештин билим берүү боюнча комитетинин мүчөсү Жанкороз Каниметов сырттан окутуу акыркы 15 жылда билим берүү системасында коррупциянын өзөгүн түзүп келгенин айтат:

-Калоочулар абдан көп болуп кетти. Экинчиден бул - өтө арзан окуу экен. Убакытты жөн өткөрбөй эле билим алды деген атты көздөгөн окуу экен. Сырттан окуу системасы билим берүүнүн сапатын, баркын кетирип атат.

Билим министрлиги эми юридикалык жана экономикалык адистиги үчүн да сырттан билим алууну каалаган студенттер санын кыскартат. Бул, ириде, өлкөнү квалификациясы жогору адистер менен камсыздоо максатын көздөйт.

Маалымдама:

Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда баш аягы 250 миң 460 студент бар. Алардын ичинен контрак менен окугандар - 221 миң 90. Ал эми бюджеттик негизде 29 миң 370 жаш билим алат.

Күндүзгү бөлүмдө билим алган жалпы жаштар саны – 132 миң 77.

Сырттан окугандар студенттер өлкөдө - 117 миң 10.

XS
SM
MD
LG