Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Борбор Азиядагы билим берүү боюнча форум


Кыргызстанда билим берүү мугалимдер менен окуу китептеринен тартыштыган өксүүдө

Кыргызстанда билим берүү мугалимдер менен окуу китептеринен тартыштыган өксүүдө

Бишкекте бүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү боюнча жетинчи форуму ишин баштады. Форум ЮНИСЕФтин колдоосунда өтүп жатат.

Форумду Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев ачып, өз сөзүндө ушу тапка өлкөдө билим берүү жаатында кандай ийгиликтер жана калпыстыктар болуп жаткандыгы тууралуу да учкай маалымат берип өттү.

- Акыркы кезде Кыргызстанда мамлекеттик бюджет эсебинен билим берүүгө каражат бөлүү эки эсеге көбөйдү. Ошондой эле мектептерди куруу иштерине акча 42 эсе, башкача айтканда, баш-аягы миллиард сомго көбөйдү. Жыл сайын 100 миллион сом мектептерди өндөп-түзөөгө бөлүнүп жатат. Мунун баары баардыгына тең билим берүү жана анын сапатын көтөрүүгө багытталган ыраттуу иш-чаралар жыйынтыгы тууралуу кабар берет.

Форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн билим берүү жаатындагы адистер чакырылып, ошондой эле ага эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышып жатат.

Үч күнгө созула турган бул иш-чара алкагында Борбор Азиядагы беш өлкөдө жүргүзүлгөн “Билим бардыгы үчүн” эл аралык декларациясын ишке ашыруу боюнча мониторинг жыйынтыгы, билим берүү системасын децентралдаштыруу жана каржылоо, өзгөчө жардамга муктаж балдардын билимге болгон укугун камсыздоо маселелери каралмакчы.

Ошондой форум алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү балдарга эртелеп билим берүүдөгү көйгөйлөр ортого салынмакчы.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тим Штаффер билдиргендей, билим берүүдө, өзгөчө балдарга эртелеп билим берүүнү артыкчылык багыт катары коюу абзел:

- Дүйнө жүзү боюнча билимге инвестиция салуу болуп көрбөгөндөй жыйынтыктарга алып келүүдө. Балага кичинесинде билим берүүдө бир доллар жумшалса ал сөзсүз турдө 7 доллар болуп кайрылып келээрин буга чейинки тажрыйба жана атайын илимий изилдөөлөр көрсөтүп жатат. Андыктан бул өтө маанилүү.


ЮНЕСКОнун Кластердик Бюросунун башчысы Инна Мельникова форумдун ачылышында Борбор Азиядагы билим берүү системасында структуралык өзгөррүүлөр жүргөнү менен ал керектүү жыйынтыктарга алып келбей жаткандыгын белгиледи:

- Мындай өзгөрүүлөр дайым эле пайдасын алып келе бербейт. Кээ бир убакта структуралык өзгөрүүлөрдү уюштуруудагы өзгөрүүлөр менен алмаштырыш керек. Бирок бул жерде да абдан кылдаттык менен сереп жүргүзүш абзел. Министрликтер менен билим берүү мекемелеринин ишин баалоодо сабаттулук менен критерийлерди аныкташ керек. Биз бул үчүн жардам беребиз. Бул билим берүүдө көзгө көрүнө турган жыйынтыктарды баалоо үчүн керек.

Форумдун эртеңки жыйынында өзгөчө жардамга муктаж майып балдардын билимге болгон укугун камсыздоо маселеси боюнча талкуу жүрмөкчү.
XS
SM
MD
LG