Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Мурдагы чайкана мектепке айландырылды


Июнь коогасында өрттөлгөн Оштогу мектептердин бири, 2010-жылдын 18-июну.
Июнь коогасында өрттөлгөн Оштогу мектептердин бири, 2010-жылдын 18-июну.

Июнь коогасында өрттөнүп кеткен Оштогу Хамза атындагы мектептин окуучулары мурдагы чайкананын имаратында окуй баштады.

Июнь коогалаңы учурунда Ош шаарындагы Амир-Темир кичирайонунда жайгашкан Хамза атындагы орто мектеп ичиндеги окуу жабдыктары, китептери, эмеректери менен кошо өрттөнүп кеткен. Бул мектептин окуучулары сентябрь айынан бери шаардагы башка мектептерге барып, окуп атышкан.

16-февралдан тарта Амир-Темир кичи районундагы башталгыч класстын окуучулары мурдагы чайхананын имаратында окуй башташты. Бул башталгыч мектеп шаардагы Ленин атындагы орто мектептин филиалы катары ачылды, аталган орто мектептин директору Адыл Тургунов “Азаттыкка” башталгыч мектеп жөнүндө маек куруп берди.

- Июнь окуясынан кийин Хамза атындагы орто мектепте окуу толугу менен жүрбөй калды беле?

- Ооба, анткени ошол коогалаңда мектептин көп бөлүгү күйүп кеткен, анын ичиндеги окуу китептери, окуу жабдыктары, парта-доскалар да өрттөнгөн. Сентябрда жаңы окуу жылы башталган учурда шаардык билим берүү башкармалыгы балдарды башка мектептерге бөлгөн.

- Кайсы мектептерге барып окуп атышты?

- Шаардык №1, №49, №47 орто мектептерге, Горький атындагы, Карл Маркс атындагы мектептерге бөлүнүшкөн. Ошол жактарга барып окуп атышты. Көп деле алыс эмес деңизчи, бирок жаш балдарга барып-келүү бир аз кыйынчылыкка турат экен.

- Хамза атындагы орто мектепте канча бала окучу эле?

- Жети жүздөй бала окуйт эле. Аларга отуздан ашык мугалим билим беришчү. Алардын ичинен 22си Ленин атындагы орто мектепте иштеп атышат, калган дагы 15 мугалим бүгүнтөн тартып ачылган филиал мектепте иштеп атышат. Мугалимдер баары жумуш менен камсыз болушту.

- Ошол өрттөнүп кеткен Хамза атындагы орто мектептин ордуна мурдагы чайкананын имараты оңдолуп-түзөлүп, мектепке айландырып берилген экен. Бул мектепте балдар үч нөөмөт менен окуп атышат деген маалыматтар бар...

- Кээ бир класстар үч нөөмөт, айрымдары эки нөөмөт менен окуп атышат. Ошентсе да алыска барып окугандан көрө, Беш-Кепе айылында жашаган балдар үчүн кирип-чыгып окуу жеңилирээк. Мурдагы чайкананы болсо да кайра башталгыч мектеп кылып жаңылап берүү өтүнүчү менен ата-энелер шаардык мэрияга, билим берүү башкармалыгына кайрылып, алар макулдугун беришкен. Шаардык мэрия, шаар кеңеши, билим берүү башкармалыгы атайын чечим чыгарып, балдар билим алуусу үчүн толук шарттарын түзүүгө да көмөктөштү. Эл аралык уюмдардан да жардам болду, ЮНИСЕФ уюму класстарды актап-сырдоого, эмеректерди сатып алууга жана башка иштерди бүтүрүүгө чоң жардам берди. Азыр бул мектепте балдардын толук билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

- Демек бул мектепте жалаң башталгыч класстын балдары гана окуп атышкан экен да?

- Ооба, 250 бала окуйт, башталгыч класстын балдары. Чоң класстардын балдары башка мектептерде окуп атышат.

- Хамза атындагы орто мектепти кайра калыбына келтирүү маселеси качан чечилчүдөй?

- Хамза атындагы мектеп шаардагы эң эски мектептердин бири болчу. Аянты 0,57 сотик эле. Мектептин бир жагында чоң Увам каналы агат, бир жагынан чоң жол өтөт. Ошондуктан ал мектепти ошол эле ордуна кайра жаңылап салууга уруксат берилген жок. Анткени азыркы талап боюнча мектептин жалпы аянты 1-1,5 гектар болушу керек экен. Ошондуктан бул мектепти башка кеңири жерге, жаңылап куруу тууралуу мамлекеттен акча-каражат бөлүнгөн, кийинки жылдары курулушу башталат деген үмүтүбүз бар.

- Демек жакынкы жылдары мурдагы эски мектептин ордуна жаңы заңгыраган, балдар билим алуусу үчүн бардык шарттары бар мектеп туруп калышы толук ыктымал турбайбы?

- Ооба, биз да ошентип үмүттөнүп атабыз. Мурдагы чайкананын имаратынан жаңыланган мектептин ачылышына 16-февралда президент Роза Отунбаеванын түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Виктор Черноморец келип катышты, Жогорку Кеңештин депутаттары келишти, алар дагы элге жакын арада Хамза атындагы орто мектепти чоңойтуп куруп берүү тууралуу сөздөрүн айтып кетишти. Бул маселе эми парламентте каралып, жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилиши мүмкүн.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG