Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Жураев: Ата-энелер мектепке төлөгөн акчасын көзөмөлдөсүн


Билим берүү министрлигин байкоочу кеңешинин төрага орун басары Абубакир Жураев мектептерге төлөнүп жаткан акча-каражаттарынын сарпталышы тууралу ой бөлүштү.

- Абубакир мырза, азыркы билим берүү системасы жаңы замандын талаптарына жооп бербейт деген пикирлер арбын. Жаңылоо үчүн кандай кадамдар зарыл деп ойлойсуз?

- Мен буга кошулбайм. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өзүнүн жаңы жолун тандап алган. Буга ылайык биздеги мектептерди, жогорку окуу жайларды заманбап окуу куралдары менен камсыз кылганбыз. Эми азыркы экономикалык шартта Кыргызстандын өнүгүшү үчүн салым кошуучу кадрларды даярдоо башталган. Байкоочу кеңеш дагы балдардын жеткиликтүү билим алуусу үчүн өзүнүн көмөгүн көрсөтүүдө. Билим берүү министрлиги тарабынан быйыл билим берүүдөгү жаңы ыкмалар киргизилди. Алардын бири - 2020-жылга чейинки билим берүү стратегиясы. Экинчиси, билим берүү жеткиликтүү болушу үчүн мугалимдердин айлык акылары көбөйтүлдү, булардан тышкары ар бир окуучунун билим алуусун каржылоо маселеси да көтөрүлүүдө.

- Азыр билимдүү келечекти каржылоо тууралуу көп сөз болуп жатат. Бул кимдин милдети, ата-эненинби, мамлекеттинби же жалпы коомчулуктунбу?

- Кыргызстанда мектепте окутуу акысыз, ошондуктан каржылоонун көпчүлүк бөлүгүн мамлекет алууга тийиш. Бирок аны менен эле чектелип калбай, ата-энелер балдарынын билим алууга кызыкдар болуп, мектептерге, окуу жайларга жардам берүүсү да керек. Ошол эле учурда берилген жардамдардын, акча каражаттардын сарпталышына көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Бирок ата-энелер тарабынан мындай көзөмөл өтө эле солгун же такыр жүргүзүлгөн жери жок. Акчаны беришет, ал эми анын кайда, эмне максатта жумшалганы менен иши жок. Көзөмөл күч болсо, ата-энелер да ушул процесске катыша турган болсо, бизде билим берүү деңгээли жогору болмок.

- Мектепке бала киргизүү үчүн ата-энелер акысыз деп айтылган мектептерге да акча төлөп, ал үчүн “ыктыярдуу түрдө бергенин” жазып беришет. Бирок ошол каражат кайда сарпталганын сиздердин көзөмөл кеңеши да текшереби?

- Ата-энелер жардам бергиси келсе берсин, бул маселени биздин байкоочу кеңеш эки жолу карады. Ошол акчалардын сарпталышы айкын эмес, мектеп жетекчилери фонддун суммасы канча экенин айта албайт. Мамлекет тарабынан каржыланган ремонт иштерин фонддун эсебинен жасалды деп ата-энелерди алдап койгон учурлар бар. Жаңы окуу жылында биздин байкоочу кеңеш мектеп фонддоруна, ата-энелерден ар түрдүү себептер менен чогултулган акчалардын кайда сарпталганына дыкат көзөмөл кылабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG