Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Өспүрүм кыздарды сойкулукка тартуу күчөдүбү?


Социлогиялык иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда интернеттеги порнографиянын таасиринен улам өспүрүмдөрдүн интимдик турмушка эрте аралаша баштаганы байкалган.
Социлогиялык иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда интернеттеги порнографиянын таасиринен улам өспүрүмдөрдүн интимдик турмушка эрте аралаша баштаганы байкалган.

Иликтөөлөр интернеттеги порнографиялык сайттар жашы жете электердин психикасына терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында өспүрүмдөр арасында сойкулук күчөшүнө алып келип жатканын көрсөткөнү айтылууда.

Мындай абалды “Эл пикири” социологиялык борбору жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөн. Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова Кыргызстанда өспүрүм кыздардын денесин сатуу өнөкөтү кадыресе ири ишкердиктин түрүнө айланганын айтып чыкты.


Интернеттеги порнография көйгөйү

Өспүрүмдөргө интернеттеги порнографияны көрсөтүү аркылуу аң-сезимин ууландырып, коммерциялык секске тартуу абдан оңой. Аларга порнографияны көрсөтө беришип, психикасына терс таасир тийгизишет...
Жылдыз Теңизбаева

Жаштардын өнөктөштүгү долбоорунун алкагында “Эл пикири” социологиялык борбору он эки жаштан он алты жашка чейинки тогуз жүз алтымыш өспүрүмдүн интернеттеги порнографияга кызыгуусун сурамжылаган. Анын жыйынтыгында суралгандардын сексен сегиз пайызга жакыны түнкүсүн интернет клубдардан порнографиялык сайттарга кирип, интернеттеги тааныштыруу кызматтарынан колдонушаарын айткан.

Ошондой эле изилдөөнүн жүрүшүндө интернеттеги порнографиянын таасиринен улам өспүрүмдөрдүн интимдик турмушка эрте аралаша баштагандыгы байкалган. “Эл пикири” социологиялык борборунун өкүлү Жылдыз Теңизбаева өспүрүмдөрдү сойкулукка тартуу үчүн порнографияны колдонушаарын белгиледи:

- Өспүрүмдөргө интернеттеги порнографияны көрсөтүү аркылуу аң-сезимин ууландырып, коммерциялык секске тартуу абдан оңой. Алар өспүрүмдөрдүн ишенчээктигинен жана көп нерсеге кызыгуусунан пайдаланышат. Аларга порнографияны көрсөтө беришип, психикасына терс таасирин тийгизишет. Жыйынтыгында өспүрүмдө көргөн нерсесин колу менен жасоо гана калат.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда порнографиялык видео тасмага же фотого тартып, аны интернетке койгон учурлар катталган эмес. Бирок жаш өспүрүмдөрдүн интернеттеги порнографиялык сайттардан колдонуу өнөкөтү күчөп кеткен.
Ош базарынын айланасында жаш өспүрүм кыздарды сатып, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө ыңгайлашкан беш-алты атайын жай бар экендиги белгилүү. Муну милиция деле билет. Бирок чара көрбөйт...Ширин Айтматова


Ички иштер министрлигинин башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын өспүрүмдөр боюнча бөлүмүнүн өкүлү Нурлан Абдылдаев порнографиянын таралышына шарт түзгөн интернет клубдардын жоопкерчилиги мыйзамда каралбай калгандыгына токтолду:

- Бизде интернет клубдардын кожоюндарынын жоопкерчилиги мыйзамда көрсөтүлбөй калган. Ошондуктан порнографияны жайылтканы үчүн жоопкерчилиги каралбагандыктан бул багытта чектөөлөрдү киргизүү кыйынчылыгы бар. Жашы жете электер каалаган порнографиялык сайттарга кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Мыйзамда так көрсөтүлбөгөндүктөн бул жерде жоопкерчиликти кароо жагы көз жаздымда калып кетип жатат.


Өспүрүмдөрдү сойкулукка колдонуу


Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова өспүрүм кыздардын денесин сатуу менен алектенгендерге карата чара көрүлбөй жаткандыгын көтөрүп чыкты. Ал баш калаадагы Ош базарынын айланасында, мейманканаларда жана сауналарда өспүрүмдөрдү сексуалдык тейлөө үчүн колдонуу өнөкөтү күчөгөндүгүн мисал келтирди:

- Ош базарынын айланасында өспүрүм кыздарды сатып, сексуалдык кызмат көрсөтүүгө ыңгайлашкан беш-алты атайын жай бар экендиги белгилүү. Муну милиция деле билет. Бирок чара көрбөйт. Буга бир мисал келтирсем болот. Бир сойку аял өзүнүн он төрт жаштагы кызын денесин сатууга мажбурлаган. Аны кийин милиция кармап алып, ал бечара кызга жардам бергендин ордуна аны андан ары иштетишип, тасмага тартып алышып, жаш кыз менен жаткандардан акча сындырышкан. Мындан ички иштер органдарынын бүтүндөй бир бизнес секторуна айлангандыгы көрүнүп турат.
Жаш өспүрүмдөрдү сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлады деген конкреттүү фактылар каттала элек. Бирок эми биз деле угуп калабыз, ушуга окшогон фактылар болуп жаткандыгын...
Нурлан Абдылдаев


Ошол эле учурда парламентте ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Ширин Айтматованын айткандарын төгүнгө чыгарып, милиция өспүрүмдөрдүн сойкулугун калкалабай тургандыгын белгилеген болчу. Бирок ушул кезге чейин жаш өспүрүмдөрдү сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо учурлары боюнча кылмыш иштери жокко эсе. Рейддердин жүрүшүндө 14-16 жаштагы өспүрүм кыздар кармалышканы менен алардын көпчүлүгү денесин сатууга мажбурлаган адамдарга каршы көрсөтмө беришкен эмес.

ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Нурлан Абдылдаев өспүрүмдөрдү сойкулукка тарткан бир дагы факты каттала электигин айтты:

- Жашы жете электерди сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлады деген конкреттүү фактылар каттала элек. Бирок эми биз деле угуп калабыз, ушуга окшогон фактылар болуп жаткандыгын. Бирок иликтей келгенде ага окшогон кылмыштардын бети ачылбай калат. Анткени мына ошол сойкулук менен алектенип жүрүшкөн өспүрүм кыздар көпчүлүк учурда өздөрү кызыкдар экендиги көрүнүп калат.

Өспүрүмдөрдү сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлоого каршы Кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелер каралган. Бир катар өлкөлөрдө болсо жашы жете электер менен интимдик катнаш кылгандарга карата катаал жаза чаралары белгиленген.

XS
SM
MD
LG