Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги 2017-жылдан баштап Билим берүү академиясынын ишин токтоткону жатат. Билим берүү тармагынын өкүлдөрү академия жабыла турган болсо мектептин окуу китептеринин мазмуну төмөндөп, башка өлкөлөрдүн авторлоруна көз карандылык күчөйт деп кооптонушууда.

Билим берүү академиясын жабууга эмне себеп болду? Мугалимдердин билимин жогорулатуу аракети кантип ишке ашат? Окуу китептердин сапатын кайсы мекеме текшерет?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Билим берүү жана илим министринин орун басары ​Токтобүбү Ашымбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчиси Абакир Мамытов жана педагогика илимдеринин доктору, Билим берүү кызматкерлери конгрессинин төрагасы Жангороз Каниметов катышты.

“Азаттык”: Токтобүбү айым, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз билим берүү академиясын эмне үчүн жапканы жатат? Кыргызстанга илимдин негизинде жазылган окуу китептери жана аларды ишке ашыруу ыкмаларын аныктаган илимий мекеменин кереги жокпу?

Токтобүбү Ашымбаева: Биринчиден, Кыргыз билим берүү академиясын жабуу жөнүндө өкмөткө токтомдун долбоору киргизилген. Бирок ал жерде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу жана кайра даярдоочу республикалык институтту түзүү жөнүндө гана маселе бар. Ал эми Кыргыз билим берүү академиясын жоюу тууралуу мамлекеттик үч органдын тапшырмасы бар. Алар президенттин алдындагы Билим берүү кеңешинин рекомендациясы, өкмөттүн парламентте бекитилген программасы жана Коопсуздук кеңешинин чечими. Бул документтерде Кыргыз билим берүү академиясын реформалоо боюнча чечимдер камтылган, анын негизинде реформалоо аракети жүрүп жатат, бирок биротоло жоюп салуу маселеси жок.

“Азаттык”: Азыр менин колумда Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык системаны жоюу кадамдарынын деталдуу планы турат. Анын 45-пунктунда Кыргыз билим берүү академиясы 2017-жылдын 30-февралында жоюлсун деп турат.

Кыргызстандагы мектептердин бири

Кыргызстандагы мектептердин бири

Токтобүбү Ашымбаева: Негизи Коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде иш план бекитилген, анда техникалык каталар кеткен. Ал эми өкмөткө киргизилген токтомдун долбоорунда республиканын аймагындагы мугалимдердин билимин жогорулатуучу жана кайра даярдоо институтун түзүү жөнүндө гана кеп бар. Кыргыз билим берүү академиясынан мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча функциясы алынган.

“Азаттык”: Абакир мырза, министрликтин академияны жабуу чечимин кандай кабыл алдыңыздар? Ага негиз берди деген жагдайларга макулсуздарбы же башка бир себептер барбы?

Абакир Мамытов: Бизге коюлган дооматтарга таптакыр макул эмеспиз. Алар негизинен төртөө: биринчиси, коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышы. Биз коррупция деген түшүнүктү акча менен байланыштырабыз. Ар түрдүү сөздүктөрдөн да карап көрсөңүздөр, академия аркылуу чоң акча өтпөйт, айлык маяна жана коммуналдык төлөмдөргө гана каражат берилет. Бизди текшерген укук коргоо органдары да мындай кине койгон эмес. Бул дооматка биз таптакыр макул эмеспиз. Экинчиси, кызыкчылыктардын кагылышы. Бул кандайдыр бир деңгээлде бизде орун алып келген. Анткени, китеп жазылганда мурдагы автор менен кийинки жаңы автордун ортосундагы пикир келишпестик, кээде өз продукциясын коргоо ж.б.иш-аракеттер болгон. Бул талкууланып, эксперттик курамды кеңейтип, сырттан да кишилерди тартуу менен бул позицияны жоюуга аракет кылган элек. Бирок 2016-жылдан баштап академиянын эксперттик функциясын Координациялык кеңешке алып кетти, ошондуктан бул дооматтын да 2016-жылдан баштап бизге тиешеси жок, анын жаңы курамын түзүп алышты. Канчалык деңгээлде туура болгонун убакыт көргөзөт, ага да макул эмеспиз. Үчүнчү доомат – бул билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшү деп атышат. Биздин уставда белгиленгендей, КРБА билим берүүнүн сапатына эмес, мазмунуна жооп берет. Билим берүүнүн сапатына билим берүүчү мекемелер, мектептер жооп беришет. Алардын ар биринин түздөн-түз окуу процессин уюштурган өзүнүн жамааты бар, ошолор жооп беришет. Ал эми биз тараптан иштелип чыккан программалардын сапаты төмөн болсо коллегия эмне үчүн бекитти деген суроо туулат. Жаңы муундагы предметтик стандарттарды, базистик окуу планын иштеп чыгып, былтыр, 2015-жылдын сентябрь айында, бекиттик. Бул убагында макулдашылган соң, арадан убакыт өткөн соң, коюлуп жаткан дооматка түшүнбөй турабыз. Акыркы 4-доомат – бул тапшырылган миссиясын такыр аткарбай калды деген доомат. Биздин эң негизги эки миссиябыз бар: биринчиси- илим изилдөөлөрдү уюштуруу, экинчиси- адистик чеберчиликти жогорулатуу. Экинчи миссия алынды. Ал эми илимге ким баа берди деген суроо туулат. Бизге баары эле сыртынан баа берип келе жатышат. Бул окуя 2014-жылдан башталды. Анын авторлору министрликте отурат. Алар өз авторлорун Армениядан, Түркиядан тартып атышат, алар таптакыр китеп жазбаган авторлор. Ошолордун китептери өтпөй калганда академияга асылып башташты.

Мен учурунда министрликте иштеп калгам, анын окутуунун стратегиясын аныктап, ага ылайык китептерди жазууга такыр убактысы жок. Ал күндө жасала турган иш, стратегия, пландоо ж.б.у.с. иштер менен алек болот. Ал эми анын мазмунун иштеп чыгуучу мекеме дал ушул Билим берүүчү академия болуп саналат.

“Азаттык”: Жангороз мырза, сиз билим берүү тармагында иштеген адис жана педагог катары калыс оюңузду айтсаңыз, бул академиянын жабылышы орто билим берүүнүн деңгээлине терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү же кереги жок, себеби ортодо жан баккан мекемеге айланган деген ойдосузбу?

Жангороз Каниметов: Кыргыз билим берүү академиясы билим берүү системасы үчүн өтө керек. Бир мисал айтайын, министр Базаркуловдун тушунда, 1987-1991-жылдары Иса Бекбоевич Педагогикалык институттун директору эле, ал министрликтин оң колу эле. Демек, бул билим берүүнүн мазмунун,стратегиясын иштеп чыга турган мекеме. Адамды калыптандыруучу курак-мектеп курагы, ал эми калыптандыруучу куралы- китеп – билим берүүнүн мазмуну ушул. Кыргызстандын жаңы коомго айланышы, жаңы өнүгүүсү мектептин ичиндеги китепте. Китеп кандай болсо, адам ошондой калыптанат. Бул абдан таасирлүү нерсе. Мен учурунда министрликте иштеп калгам, анын окутуунун стратегиясын аныктап, ага ылайык китептерди жазууга такыр убактысы жок. Ал күндө жасала турган иш, стратегия, пландоо ж.б.у.с. иштер менен алек болот. Ал эми анын мазмунун иштеп чыгуучу мекеме дал ушул Билим берүүчү академия болуп саналат. Демек, көтөрүлүп жаткан маселе билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бул абдан коркунучтуу нерсе. Бул жерде Коргоо кеңеши боюнча чоң жаңылыштык кетиришиптир. Билим берүү академиясын коргоо зарыл, анын билим берүүдө ойногон ролу чоң экендигин түшүнүү керек. Билим берүү академиясын жабуу туура эмес.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG