Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

Бишкектеги Американын Борбор Азия университетинде окуу акысы кымбаттагандыгы тууралуу “Азаттыкка” угарман, окурмандардан каттар келип жатат. Буга байланыштуу окуу жайдын президенти Эндрю Вахтель "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Кеп башында Американын Борбор Азия университетинин таржымалынан кыскача айтып бересизби...

Вахтель:
Американын Борбор Азия университети 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин бир факультети катары ачылып, төрт жылдан кийин өз алдынча жогорку окуу жайы болуп катталган. Бизде окуган 1150 студенттин 65-70% - кыргызстандыктар, калганы Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстандан жана башка алыскы чет мамлекеттерден келген улан-кыздар. 125 окутуучунун 100ү жергиликтүү жарандар, алар учурунда Европадан, Американдан жана Москвадан билим алып келген адистер.

Азырынча университет Бишкектин эски аянтындагы эки имаратты ээлеп турат. Быйыл башталат деп турган жаңы кампустун курулушу өз учурунда аяктаса, эки жылдан кийин жаңы имаратка ээ болобуз. Кыргыз өкмөтү азыркы имараттарды окуу жайга 30 жылдык мөөнөткө ижарага берген, бирок биз ижара акы төлөбөйбүз. Ошентсе да, биз анын ордуна көп нерсени, атап айтканда ушундай университетти түптөп, жаштарга сапаттуу билим беребиз деген убадабыз бар. Албетте, мени менен макул болбогондор да чыгышы мүмкүн, бирок Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайларынын бири да бере албай турган эң сапаттуу билимди 700гө жакын кыргызстандык улан-кызга биз гана тартуулап жатабыз.

“Азаттык”: Сиздердин университетте окуу акысы быйыл 4 миң 900 долларга жетиптир. Мынча акчаны бардык эле кыргызстандыктар көтөрө албайт. Бул баа кандайча жаралды?

Вахтель: Бул баа окутуучулардын эмгек акысын төлөөгө, студенттерди бекер Интернет менен камсыз кылып, алардын окуудан тышкаркы билим алуусуна, өнүгүүсүнө шарт түзө турган сабактарга кеткен чыгымдарды камтыйт. Мындан тышкары, окууну аяктагандан кийин жаштардын жумуш табуусуна көмөк көрсөтө ала турган бирден-бир мыкты офис бизде гана бар.

Кыскасын айтканда, чыныгы университеттик талапка жооп берген, бирок бул өлкөдө жок кадыресе шарттар биздин университетте түзүлгөн. Окуу кымбатка туруп жаткан күндө да, бул - аларга биз тартуулаган белек десем да болот. Бирок студенттердин арасында таптакыр төлөбөй окугандар да бар. Мындай жеңилдик алуучуларды атайын комиссия аныктайт, андайлар бирин-экин эле.

Албетте, студенттер үчүн өтө эле кымбат, бирок биз үчүн аларды окутуу андан да кымбатка турат. Бул чыныгы чыгымдар. Биз түшкөн акчаны “Мерседестерди” сатып алууга эмес, билим берүүнү жакшыртууга гана жумшайбыз.

Студенттерибиз деле башкалар менен салыштырып, биздин артыкчылыктарыбызга өзүлөрү күн сайын күбө болуп келишет. Жумуш берүүчүлөр да биздин бүтүрүүчүлөрүбүздү ар дайым кучак жайып тосуп алышат. Мыкты билим эч убакта арзан болбойт.

“Азаттык”: Ошол чыгымдардын 40 гана пайызы студенттер төлөгөн акынын эсебинен каржыланат экен. Калган 60 пайыз чыгымын ким жабат?

Вахтель: Биздин демөөрчүлөр төлөшөт. Бул албетте, көп. Менин негизги милдетим - демөөрчүлөрдү табуу болуп эсептелет.

“Азаттык”: Америкалык деген атына жараша сиздердин студенттер Американын өзүнө барып окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышабы?

Вахтель: Анча көп эмес. Ал жакка барган студенттер негизинен кыска мөөнөткө, иштеп же саякаттап барып келип жатышат. Ал эми Американын өзүндө окуу өтө эле кымбат. Бизде 5 миң долларга алган билим ал жакта 50 миң доллар турат. Биздин студенттерди бекер окутуп берүүгө даяр окуу жайларды Америкада табуу дээрлик мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Буга чейин америкалык үлгүдөгү дипломдор гана берилип келсе, быйылтан баштап Кыргызстан үлгүсүндөгү дипломдор да бериле баштаган экен. Сиздердин дипломду таануу жагынан кыйынчылыктар болбойбу?

Вахтель: Кыргызстандын диплому КМШ мамлекеттеринин бардыгында эле таанылат. Американын диплому дүйнөнүн бүт мамлекеттеринде жарактуу эсептелинет. Бирок биз үчүн диплом эмес, студенттин жөндөмү маанилүү.

“Азаттык”: Сиздер студенттерди кайсы билим берүү системасы, кандай стандарттар боюнча окутасыздар?

Вахтель: Негизи, стандарт деген советтик-европалык салттан калган түшүнүк. Америкада деги эле билим берүү министрлиги деген жок. Билим берүү катчысы бар, бирок ал университеттердин үстүнөн эч кандай бийлик кыла албайт. Ар бир окуу жай көз каранды эмес уюмдар тарабынан аттестациядан өтүп турат.

Бул жерде менимче, стандарт эмес, философия негизги орунда болушу керек. Биз үчүн студенттин белгилүү нерсени жаттап алганы же билгени эмес, ойлоно алуусу маанилүү. Кайсы бир конкреттүү суроого жооп кайтара алгандан көрө, алар кызыктуу суроолорду ойлоп таба алышы керек.

Менин кол телефонум мага караганда 20 эсе көп нерсени билген азыркы заманда, менимче, канча фактыны билесиң дегенге караганда, ошол фактыларды кандайча туура пайдалана аласың деген түшүнүк биринчи орунда болушу керек.

Университеттер ар бири кайсыны туура деп эсептесе, ошондой иштесе, өлкө үчүн жакшы болоор эле...

Азаттык: Азыр деле ошондой го, же андай эмеспи?

Вахтель: Жок. Себеби, ким эмне кылышы керек экенин түшүндүрүп турган билим берүү министрлиги бар. Анын айткандарын аткарбасаң, начар университеттердин катарына кирип каласың... План деген түшүнүк - биздин душман. Бирок биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда татыктуу эле орунду ээлеп келатышат.

Азаттык: Анда жеке сиздер үчүн проблема эмнеде?

Вахтель: Эгерде азыркыдай министрлик болбосо, аттестация ал аркылуу жүргүзүлбөсө, биз мыкты экенибизди кайсы бир стандарттардын негизинде эмес, студенттерибиздин билим деңгээли менен далилдей ала тургандай шарт түзүлсө, азыркыдан да мыкты, кызыктуу, заманбап программаларды окуу процессине киргизет элек. Бирок азырынча мен бул тууралуу кыялдана да албайм...

“Азаттык”: Вахтель мырза, маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG