Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Китептен өксүгөн муун


Бишкек. 2015-жыл
Бишкек. 2015-жыл

Бул жолку апта темасы - окуу китептердин абалы. Көп улуттуу Кыргызстандын мектептеринде билим берүү негизинен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлөт.

Расмий маалыматтарда мурдагы жылдарга салыштырмалуу окуу усулдары жана окуу китептери менен жабдуу дурус жолго коюлгандыгы айтылып келатат. Иш жүзүндө кандай? "Азаттыктын" кабарчылары окуу китептер менен мектептерди жабдуунун жер-жерлердеги абалына кызыгып көрүштү.

Кыргызстанда тажик тилдүү мектептерди окуу китептери менен жабдуу 30 пайыздын айланасында. Ал эми тажик тилдүү мектептер менен класстар басымдуулук кылган Баткен облусунда 50% түзөт. Ага жараша бул аймактагы жогорку класстардын окуучулары дээрлик Тажикстандын окуу программаларынын негизинде Тажикстандан чыккан китептерди окушат.

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде окуучулар 58% гана китеп менен камсыз болгон. Быйыл жаңыдан мектеп босогосун аттаган окуучуларга ата-энелер өздөрү китеп сатып беришкенин айтышууда. Билим берүү башкармалыгы жыл сайын мектептер жаңы китептер менен камсыз болду деп айтканы менен, адистер жаңы окуу куралдары окуу программаларына дал келбей жатканын айтышат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:21:35 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG