Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда билим сапатын кантип арттыруу керек, Болон системасына Улуттук универститет кантип өтүп жатат, паракордукту жеңүү мүмкүнбү? «Азаттыктын» суроолоруна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Искендер Исамидинов жооп берди.

“Азаттык”: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөндүгүнүн сексен жылдыгы белгиленгени турат. Тарыхта өз орду бар, Кыргызстандагы окуу жайлардын көч башы саналган окуу жайдын ушу туштагы деңгээлин кандай баалайсыз?

Искендер Исамидинов: Азыр жаман эмес, жаман-жаман дей берсек жаман боло берет. Жетишкен жактарыбыз да, кемчиликтерибиз да бар. Кыргызстан өзүнчө эгемен болгондон тартып мамлекет колдон келишинче колдоп келет. Өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыкты көрүп, билип турабыз. Бирок балдар окубай калган жери жок, окуп жатышат. Сапаты абдан бийик, дүйнөлүк стандарттабыз деп айта албайм. Ошого карай умтулуп, аракет кылышыбыз керек. Акыркы бир жарым жылда дүйнөдөгү бир топ мамлекеттердеги окуу жайларга биздин студенттер барып окуп, тажрыйба алмашып келишти.

“Азаттык”: Кыргызстанда билим деңгээли болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткени жашыруун болбой калды. Өмүр бою билим берүү тармагында жүргөн адам катары билимсиздиктин себебин эмнеден көрөсүз?

Искендер Исамидинов: Мунун себеби көп нерседен билинет. Экономикалык жактан начардыгыбыз, жетишпеген турмуш, айыл жеринде жумуштун жоктугу. Биз бул убактан деле жакшы чыгабыз деген тилек бар. Таптакыр караңгы, билим албай калган мамлекеттер да бар, болгон. Алар алдыга өнүп-өсүп, жетишип жатат. Биз дагы жакшы тилек менен алдыга карай умтулуубуз абзел. Мен мамлекетке кандай пайда келтирем, жакшы окусам мекениме өз үлүшүмдү кошо аламбы деген аң-сезимди окуучуларга, балдарга сиңиришибиз керек.

“Азаттык”: Азыркы учурда билим берүү тармагы, анын ичинде окуу жайлар коррупцияга белчеден батканы айтылып жүрөт. Коррупцияга эмне жагдайлар себеп болот жана жетекчи катары аны менен кантип күрөшүп жатасыз?

Искендер Исамидинов: Кыргызда бир жаман десе эле, кечке жаман дей берген көрүнүш бар. Өкмөттүн токтому менен 2012-2013-окуу жылында республика боюнча эки баскычтуу, кредиттик системага өттүк. Жакында эле университеттин студенттери менен жолугушуп чыктык. Ошондо 1-курстун студенти "быйыл биздин курста мугалимдерге тыйын бербей, коррупция жоголду"- деп айтты. Аларды "ушинтип айт" деп үйрөткөн эч ким жок. Муну менен катар студенттин өзү Орусия, Казакстанда иштеп, зачеткасы окуй берген көрүнүш жоюлат, алар баа албайт. Дагы бир үч жыл өтүп, бир айланып бакалаврды бүтүрүп алсак, окуу жайларда болуп көрбөгөндөй коррупция азаят.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG