Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Өзбек милициясы Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка киргени кабарланды


Үңкүр-Тоо тоодогу телемунара
Үңкүр-Тоо тоодогу телемунара

Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандан жети милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка киргенин кабарлады. Учурда чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстандын жети милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка киргенин кабарлады. Такталбаган аймакка өзбек тартип сакчылары МИ-8 тик учагы менен түшүрүлгөн.

Окуядан кийин Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Кыргыз тарап чек ара жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу демилгесин көтөргөн.

Мамлекеттик чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, райондук чек ара кызматынын жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү өттү.

Ага ылайык, Кыргызстан тараптан Чек ара кызматынын Ала-Бука багыты боюнча өкүлү Бакытбек Жангазиев катышкан. Азырынча сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу так маалымат жок. Мурдараак жолугушууда Үңкүр-Тоодогу кырдаал талкууга алынып, кыргыз тарап өзбек кесиптештеринин аракети боюнча түшүндүрмө талап кылары кабарланган.

Аймактагы кырдаалды Мамлекеттик чек ара кызматы тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу соңку окуяга байланыштуу кошумча күч жөнөтүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлашты.

Орто-Токойдогу окуяга жооппу?

Бул окуя Ала-Бука районунун аймагындагы Орто-Токой суу сактагычында курал менен жүргөн өзбекстандык милиционер кармалып, ага кылмыш иши козголгон учурда болуп отурат.

Кыргыз тараптын расмий маалыматы боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынын суу бөлүштүрүүчү жеринде кароолдо турган өзбек милиционери курал көтөрүп чыкканы үчүн 13-августта кармалган.

Ал боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын өткөн аптада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттыкка” билдирген:

- Өзбекстандык милиционер биздин аймакка киргени үчүн аны Кыргызстандын коргоо бөлүмүндө иштеген милиция кызматкерлери кармашкан. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз өкмөтү быйыл май айында совет заманынан бери Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектти толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Тизме башында Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы турат. Расмий маалымат боюнча суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү жерин өзбекстандык милиционерлер, калган бөлүгүн кыргызстандык милиционерлер кайтарат.

Ал эми Үңкүр-Тоого байланыштуу расмий Бишкек менен Ташкенттин ортосунда үч жылдан бери маселе жаралып келүүдө. 2013-жылы 22-сентябрда тик учак менен учуп келген өзбек чек арачылары телерадио сигналдарын таратуучу станцияга күтүүсүз кирип барган. Кийин аларды кыргыз тарап артка кайтарган.

Өзбекстан Кыргызстандын антенналары 2007-жылдан бери мыйзамсыз турат деп доомат койгон. Кыргызстан болсо жер тактала электигин, өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын билдирген.

Быйыл 18-мартта Кербен-Ала-Бука жолунун Чаласарт аймагында өзбек аскерлеринин пайда болушу кыргыз-өзбек мамилелериндеги жаңы чыңалууну пайда кылган. Өзбек тарап тактала элек тилкеге, Кербен-Ала-Бука жолунун бир бөлүгүнө аскерлерин, аскердик техникасын эч түшүндүрмөсү жок киргизип койгон. Кыргыз тарап коңшусунун мындай аракетин буга чейин өзбек тарап пайдаланып келген, бирок Кыргызстандын менчигине өтө баштаган объектилерге байланыштуу болушу мүмкүн деп түшүндүргөн. Ошондой эле ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын, аскер техникаларын койгон.

Натыйжада тараптар мунасага келип, Өзбекстан 26-мартта түшкө чейин бардык аскерий техникасы менен жоокерлерин Аксы районундагы Чаласарт талаш участогунан чыгарып кеткен.

Үңкүр-Тоо телемунарасы

Кыргызстандын Байланыш агенттигинин буга чейин берген маалыматына караганда, Үңкүр-Тоо аймагында РРС-24 «Кербен» станциясы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Станцияда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программалары берилет. Мындан улам Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыш менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле уюлдук операторлорунун радиоэлектрондук каражаттары ушул станцияга орнотулган жана алар Жалал-Абад облусунун айылдарын мобилдик байланыш менен камсыз кылат.

«Кербен» станциясы иштебей калса, аталган райондордо телерадиоберүү программалары берилбей калат жана уюлдук байланыш токтойт. Ошондой эле ушул станция аркылуу өткөн шаар аралык, эл аралык байланыш каналдары үзүлөт.

Телерадиоберүү сигналдары Өзбекстанга атайын багытталбаганы менен, радиотолкундардын таралышынын өзгөчөлүгүнө жараша сигналдар жалпы Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.

XS
SM
MD
LG