Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Кыргызстан жыл сайын 35-37 миңдин тегерегинде жогорку билимдүү адис даярдайт. Бирок Билим берүү министрлиги алардын 5 миңге жакынын гана иш менен камсыздоого кепилдик бере алат.

Нурданат Бараканова Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетин быйыл бүтүрдү. Бирок учурда эч бир жакка ишке орношо электигин айтат. Алтургай өз кесиби боюнча иштеп кетерине анчейин көзү жетпейт.

- Кайсы жакта иштеримди, каякка барарымды билбейм. Банктарга резюме калтыргам. Чакырыша элек, жооп жок. Анан эми баары жасап аткандай, тааныш аркылуу эле кирет окшойм. Жүз пайыз жумуш таап кетем деп айта албайм.

Нурданат менен тең курбалдаш, өзүн Ийгилик Болсунбаев деп тааныштырган жигиттин кесиби филолог. Ал, элестүү айтканда, дипломун сандыкка катып, өзү “кайдасың акчалуу жумуш” деп чет өлкөгө сапар тартууга белсенип жатыптыр.

- Кесип боюнча деле жумуш табылат. Бирок анын айлыгы 1 кап унду араң канааттандырат экен. Андыктан кесипти жыйыштырып коюп эле, чет өлкөгө барып, маянасы жакшы жумуштарды издесемби деп, мигранттардын катарын толуктагым келип атат.

Дагы бир бүтүрүүчү Элзар Абылкасымов маселе студенттин өзүндө дейт. Айтымында, билими күчтүү болуп, өзү өжөр болсо, Кыргызстанда деле өз кесиби боюнча, маянасы жогору иш табуу мүмкүн.

- Билимдүү адис Кыргызстандан чыкпай эле иштесе болот. Эми окубаса аны ким ишке алат? Билимиң жок туруп бир жерге барып көрчү - эч жерге албайт да. Мен өз кесибим боюнча эле иштегим келип атат. Күчтүү экономист болсоң сени жөн эле ишке алат.

Беш жыл окуп, жогорку окуу жайын бүтүргөн айрымдардын пикири ушундай. Арийне, бул жалпы студенттик жамааттын пикири эмес.

Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда көпчүлүк студенттер кийин өз адистигине жараша жумуш таба албай, натыйжада жан багуу аргасынан соода-сатыкта, чет жакта кара жумуштар менен алектенип кетишери коомчулукка белгилүү.

Мунун бир себебин билим берүү тармагы боюнча талдоочу Асылбек Жооданбеков кесип тандоодо кеткен жаңылыштыктан улам деп эсептейт.

- Юридикалык, экономикалык адистиктерге 25-30 миңден төлөп окуп атышат. Бирок алардын кайтарымы болобу? Айрым учурда айрым студенттер ЖОЖго өтүү менен өзүн да, ата-энесин да кедейленткен учурлар бар.

Себеби жылына 30 миңден контракт төлөп, беш жылда 150 миң сом коротот. Мындан тышкары жашаганы да бар. Ошентип абдан көп акча коротуп, бүткөндөн кийин жогорку деңгээлдеги жумушка орношо албай калып жатат.


Бош орун аз

Эл аралык билим берүү боюнча серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин оюнча, студент университеттин эле көзүн карабай, кошумча окуп, билим алып, өзү тырышса эле үзүрүн берет. Бирок ошол эле мезгилде билимдүү бүтүрүүчүлөр деле ишсиз калып жатканын белгилөөдө.

- Азыр мамлекеттик Соцфонд, же башка жактарга барсаң албайт. Анткени аларда штат толук. Анан бүтүрүүчүлөр жумушсуз калышат. Азыр жумуш маркети деп койобуз. Ошол жумуш маркети менен билим берүү системасынын ортосунда баланс жок. Бир кесипти көп чыгарып, бир кесипти аз чыгарып, баланс жок болууда.

Жумуш берүүчү жана жумушчуларды даярдоочулар ортосундагы баланс маселеси боюнча Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев жооп кайтарды.

Анын айтымында, министрлик педагог, медиктер сыяктуу айрым гана кесип ээлерин мамлекеттик тапшырык боюнча бюджет эсебинен окутушат экен.

- 5700 орун беребиз. Ошонун ичинен эң көп медицина тармагы – 3022, билим берүү 2641, айыл чарбасы 1051. Жылына биз 5 миңдин тегерегинде гана бюджеттен даярдайбыз.

Булар окууну бүткөндөн кийин мамлекеттик мекемелерге иштейт деп күтүлгөн адистер. Ал эми калган, болжолдуу түрдө 30 миңдейи келишимдик негизде окуп бүткөндүктөн аларды мамлекеттик мекеме кучак жайып тосуп алат деген кепилдик жок. Элестүү айтканда, окуу жайын бүткөн соң төрт тарабы кыбыла.

- Көпчүлүк билим алуучулардын 80-90 пайызы келишимдик негизде окуп атышат. Алар өздөрү каалаган жерде иштегенге укугу бар да.

Сандан алдыда, сапаттан артта

Дипломдуу жумушсуздар армиясы мына ушинтип түзүлөт окшобойбу. Асылбек Жооданбековдун айтымында, келишимдик негизде бүткөн 30 миңдей адис коммерциялык ишканаларга ишке орношушу да кыйын. Анткени окуу жайлардагы берилген билим деңгээли ишкердик компаниялардын талабына шайкеш келе бербейт.
Кесипти жыйыштырып коюп эле, чет өлкөгө барып, маянасы жакшы жумуштарды издесемби деп, мигранттардын катарын толуктагым келип атат.

Андыктан окуу жайларын базар экономикасынын шартына тууралап, атаандаштыкты жаратуу зарыл дейт Жооданбеков.

- Базар экономикасынын шартында базар өзү аныкташы керек. Демек кадрлары учур талабына жооп бербеген университеттер жабылып, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдагандары өнүгүп, алардын төлөмдөрү да жогорулашы керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстан 100 миң адамга алып караганда студенттеринин саны боюнча дүйнөдө 14-орунда турат. Бирок билим деңгээли боюнча, ошол эле эл аралык иликтөөлөр Кыргызстанга арткы орунду ыйгарган.
  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG