Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

7-июлдан тарта Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлар абитуриенттерди кабыл ала баштайт.

Айнура Бекболсунова Таластан келген. Ал келечекте врач болгусу келгени менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академияга тапшырууга баллы жетпей турган чагы.

- Мектепте окуп жүргөндө эле дарыгер болууну кыялданчумун. Бирок эми баллымдын төмөндүгүнөн улам медициналык окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүгүм жок. Ата-энем да угуп алып, абдан капа болушту.

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу мектепти аяктаган. Мурдагы жылы артыкчылык аттестатына 1900 окуучу ат салышса, быйыл 1257 окуучунун 309у гана кызыл күбөлүккө татыктуу экенин тастыктаган. Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөгө 52 миң бүтүрүүчү катышты.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов быйылкы жылы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Айнурадай аз балл алгандар жылда эле болуп тураары жана былтыркыдан анчалык деле айырма жок экендигин белгиледи:

- Аз балл алгандардын саны дайыма өзгөрүп турат, себеби, бул бүтүрүүчүлөрдүн санына да байланыштуу. Быйыл былтыркыдан мектепти аяктагандардын саны 3000 миңге аз.

Бүгүн 2014-2015 - жылына окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру өттү. Ал 7-12-июлга чейин уланмакчы. Быйыл босого баллы 105тен өткөн гана бүтүрүүчүлөр студент боло алышат.

Кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Руслан сырттан окууга 95 балл, бюджеттик орунга босого баллы 110 экенин жана талондорду таштоодо да өзүнчө сынак болоорун айтып өттү.

Гранттык орунга тапшырууда баллына жараша болот. Мисалы, бир абитуриенттики 150 болсо, экинчиси андан кийин тапшырып, бирок, баллы жогору болсо, анда ал тизмеде биринчи болот. Талондордун жыйынтыгы 3 күндөн кийин чыгат. Бюджеттик орунга баллы жеткен 20-25 абитуриент алынат да, калгандары контракттык негизде билим алат.

Аз балл алган абитуриенттердин бири 3 - турду күтүп жатса, экинчиси быйылкыдан үмүт үзүп, кийинки жылдагы жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда. Алардын бирине агасы Асан жардам берүүдө.

- Иним быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдө 95 гана балл алып калды. Бул натыйжа менен сырттан окуганга деле болот, бирок, ал күндүзгүдө окуганды каалагандыктан, ата-энебиз менен кеңешип, эмки жылы кайрадан тест тапшыра турган болду. Баллы жогору болсо, өзүнүн каалаган кесибине тапшырып калат деп ойлойм.

Быйылкы жылы жылдагыдай эле абитуриенттерди кабыл алуу үч тур менен өтөт. Биринчи тур 7-июлда башталып 12-июлга чейин болмокчу. Экинчи тур 14-19-июлда, ал эми үчүнчүсү 21-26-июлда өтөт. Ал эми 2014-2015 - окуу жылына мамлекет 5421 бюджеттик орун бөлүп берген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG