Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз-түрк “Манас” университетинде кыскартууларга жана өзгөртүүлөргө дуушар болгон окутуучулар окуу жайдын жетекчилигинин башкаруу саясатын айыптап чыкты.

Анда окутуу сапатын баалоо акыйкатсыздык менен жүрүп, эркин ой жүгүртүп, жетекчиликтин башкаруу усулун сындаган мугалимдер куугунтукка кабылгандыгы билдирилди.

Окуу жай жетекчилиги болсо койулган дооматка негиз жок экендигин айтып, университеттеги кыскартуулар жана өзгөртүүлөр заманбап талапка ылайык жүргөнүн жүйө келтирди.

Окутуучулар одоно кетирилдиби?

Жакында кыргыз-түрк “Манас” университетинин жетекчилиги профессордук-окутуучулук жамааттын бир топ мүчөлөрү менен болгон эмгек келишимин токтотту. Айрым окутуучулардын окутуу макамы кыскарып, кээ бирөөлөрү которууга дуушар болду. Мындай өзгөртүүлөргө нааразы болгондордун тобу окуу жайдын жетекчилигинин чечими боюнча парламентке жана өкмөткө арыз жолдоду.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Үмүт Асанова окутуучулуктан четтетилген жана макамы кичирейтилген кесиптештеринин таламын талашууга негиз берген жагдайларга мындайча токтолду:

- Мына азыр жанагы тизмеге киргизилген Калинина деген жаш мугалим сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку жүз баллга ээ болгон, жыйынтыгын көтөрүп келип алдымда турат. Ага карата чет элдик студенттердин ыраазычылык каты кошо тиркелген. Мына ошонун бардыгы далил эмеспи? Мындан башка жетекчилик эң мыкты көрсөткүчтөрү менен таанылган төрт кыргыз тилчи, бир англис тилчи окутуучуну жумуштан четтетип жатат. Мына ушунун бардыгын көрүп туруп, ааламды сел алса да мага тийбесе болду деп кантип көз жумуп койобуз? Мындай акыйкатсыздыкка кантип карап турабыз? Бул деген адамдын укугун тебелеп тепсөө болуп жатпайбы!

Үмүт Асанова "Азаттыктын" студиясында, 4-январь, 2012-жыл

Үмүт Асанова "Азаттыктын" студиясында, 4-январь, 2012-жыл

Окуу жайдагы 29 окутуучунун макамы өзгөртүлгөн. Анын ичинен он мугалимге жарым ставкада иштөө, төртөөнө башка бөлүмдөргө которулуу жагы сунушталган. 15 окутуучунун эмгек келишими себеби көрсөтүлбөстөн токтотулган.

Окуу жайдын чет тилдерин үйрөтүү жогорку мектебинин окутуучусу Екатерина Калинина кызматтан четтетүүлөрдүн түпкү себеби жетекчиликтин каалагандай башкарууну көздөгөн эркине каршы чыккандарга карата жообу деп эсептейт. Анткени ал өзү мына ушундай басым көрсөтүүгө дуушар болгонун мындайча баяндады:

- Мен ушул жумуштан четтетилгендердин тизмесине кирип калганым үчүн сыймыктанам. Анткени тизмедегилердин бардыгы элге эмгеги сиңген, ишинин майнабы менен коомчулукка белгилүү болгон инсандар. Мына ошондой адамдардын бардыгын атайын тизмеге алып, окуу жайдан тазалоого жандалбастап жатышат. Анткени алар жетекчиликке кошомат кылып, алардын айтканы менен болгон адамдар эмес. Жумуштан кетирүүгө мажбурлоонун бирден-бир себеби да ошол. Мен башка себеп көрбөй турам. Окуу жайдын жетекчилигинин окутуучулар менен бирге студенттерди да коркок билиш кылып алууга жасаган аракеттерине бир катар өз оюн ачык айткан мугалимдер каршы чыккан болчубуз. Мисалы, алар бизге айрым студенттердин рейтингин көтөрүп, кээ бирөөлөрүнүкүн тескерисинче төмөндөтүү боюнча көрсөтмө беришчү. Мен буга окшогон көрсөтмөлөрдү аткаруудан караманча баш тарткан учурларым болгон.
Бирок жардам берип жатат деп өкмөт башчысы түрк болсун десе, ага да макул болушубуз керекпи?

Бирок мындай пикирге эмгек жамаатынын бардыгы эле макул эмес. Алардын айрымдары жумуштан кетирүүгө нааразылыкты ички тартипти сактабагандыктан улам окуу жайдан четтеп калгандардын таарынычы катары баалашты. Мына ошол эле кезде кыскартууга тушуккан же жумуштан четтегендердин бардыгынын себебин бир жагдайда кароо туура эмес деп эсептейт окуу жайда жарым ставкалык окутуучулук менен иштеген журналист Бакыт Орунбеков:

- Жылына эки ирет сурамжылоо жүргүзүлүп, окутуучунун дарамети байкоого алынып турат. Мындан башка ар бир окутуучу академиялык отчет тапшырып, өзүнүн илимий-педагогикалык же башка бир коомдук иштер боюнча кошкон салымы туурасында билдирүү жасайт. Мына ушуга окшогон ички тартипти сактоонун жыйынтыктары боюнча жогорудагыдай чечим кабыл алынган болсо керек. Ошондуктан жумуштан четтетүүлөрдүн себебин бардыгына бирдей караган болбойт.

Ошол эле кезде интернеттеги социалдык тармактарда “Манас” университетинин студенттери жана аспиранттары окуу жайдын бир топ окутуучуларын жумуштан четтетүүгө байланышкан чечимди кызуу талкууга алышууда. Окуу жайдын студенти Арген Адил уулу “Фейсбукта” университеттин жетекчилигинин чечими тизмедеги көпчүлүк окутуучуларга карата адилетсиз болду деген пикир үстөмдүк кылып жатканын белгиледи:

- Азыркы учурда студенттердин көпчүлүгү каникулда. Айрымдары Түркияда практикадан өтүп жүрүшөт. Жетекчилик өзүнүн ушул чечимин атайын мына ушундай учурда кабыл алып жатканы да бекеринен эмес. Анткени студенттер буга окшогон акыйкатсыздыкка карап турмак эмес. Себеби кызматтан четтегендердин көбү күчтүү мугалимдер болчу. Каникул болгондугуна карабастан студенттер өздөрүнүн сүйүктүү окутуучуларын колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө даяр экендиктерин айтышууда. Талкуу учурунда мына ушундай маанайдагы пикирлер көп түшүүдө.

Чатак ырбоо үстүндө

Кыргыз-түрк “Манас” университети эл аралык деңгээлде сапаттуу жана акысыз билим берген өлкөдөгү бирден-бир окуу жайы катары таанымал. Анын чыгымдарын Түркиянын өкмөтү каржылайт.

Былтыр өкмөттөр аралык макулдашуу күчүн жоготуп, ага ылайык аталган окуу жайдын ректору Түркиядан дайындалган. Ошону менен катар Түркия өкмөтү окуу жайга ири өлчөмдө каржылык салым киргизүүнү мойнуна алган. Түркиядан келген ректордун ишмердигин эмгек жамаатынын айрым бир бөлүгү сынга алып келген. Мындан улам эмгек жамаатынын ортосунда ажырым болуп, анын аягы тирешүүгө чейин жеткен учурлар катталган.

Окуу жайдын профессору, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов карама-каршылык Түркиядан жаңыдан келген окутуучулардын жергиликтүүлөргө карата үстөмдүгүнөн улам чыкканына токтолду:

- Бир учурда академик Турар Койчиевди баш кылып, мени төш кылып окуу жайдын беделин көтөрүүгө салымы болгон илимдин докторлорун “эми силердин миссияңар бүттү, эми кете берсеңер болот” дегендей эле кабыл алдык. Маселенин төркүнү кийинки кезде жүргүзүлгөн саясатка карата өзүбүздүн оюбузду айтсак, биздин оюбузду уруп ойнобой, душман катары кабыл алышты. Биз болсо “үстөмдүк кылып, милдет кылгыдай акчаны силер эмес, Түркия өкмөтү берип жатат, анан силер өзүм билемдик менен бизге басым көрсөтүүгө акыңар жок" дедик. Мурда ал жактан келген түрк мугалимдердин же жетекчилердин арасында мындай маанай жок болчу. Бул кийинки келгендердин арасында болуп жатат. Мына ошондой талаш-тартыштан улам, жарака пайда болду. Азыркы жетекчиликти алмаштырбаса, мунун аягы чыр-чатак менен бүтө турган болуп калды.

Жаңы ректор дайындалгандан кийин окуу жайдын жетекчи кызматтарына жана окутуучулукка Түркиядан чакыртылгандардын мамилесинен улам чыккан карама-каршылык улуттук бөлүп-жарууга алып келгендигин айрым окутуучулар мисал келтиришти.

Профессор Үмүт Асанова окуу жайдын жаңы жетекчилигинин жергиликтүү окутуучуларга жасаган мамилеси боюнча нааразылык буга чейин эле бышып жетилгенин мындайча белгиледи:

- Эки жылдан бери Түркиядан өтө көп мугалимдер келип жатат. Анда маселенин ушул жагын да караш керек. Ал жактан кандай мугалимдер чакырылат? Кандайча тандалат? Түшүнүксүз. Анткени кийинки келген түрк мугалимдеринин же жетекчиликке келгендердин көбү жергиликтүүлөргө тоготпостук менен үстүртөдөн карап, улутчул маанайдагы мамилесин көргөзүп келишкени жашыруун эмес. Анан ошондой мугалимдер биздин балдарды окутууга кандай акысы бар? Чогулушта жалаң түрк мугалимдер отурат, кыргыз окутуучулар чакыртылбайт. Илимий симпозиумдарда жалаң түрк боордоштордун баяндамалары окулат, ал эми илимге эмгеги сиңген биздин профессорлорду андай иш-чараларга чакырып да коюшпайт. Ушинтип отурса боордоштук, теңдик, биримдик деген каякта калат?

Жетекчиликтин өз жүйөсү бар

Бирок мындай айыптоолорду университеттин ректораты четке какты. Окуу жайда улуттук маселе жок экендигин жана профессордук-окутуучулар жамаатына бирдей мамиле жасала тургандыгы белгиленди. Мындай шартта айрым окутуучулар айтып жаткан айыптоолор коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурууга жасаган куру доомат катары баалана тургандыгы белгиленди.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин биринчи проректору Асылбек Кулмурзаев окуу жайдагы кадрдык өзгөрүүлөрдү университеттин билим берүү сапатын көтөрүүгө багытталган кадам катары баалады:

- Мына ошол инсандар Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салымын кошконун эч ким жокко чыгара албайт. Бирок азыр мезгил башка. Биз азыр бирөөлөрдүн даражасы мындай экен, тигилердики тигиндей экен деп карай албайбыз. Биз бардыгына бирдей принциптерди колдонуп иш алып барабыз. Биз мына ошол орундар бошосо, чет тилдерин билген, илимий долбоорлор менен иштөөгө жөндөмдүү адистерди кызматка чакырабыз. Бирок сынакка кыргызстандыктар гана катыша алышат.

Сулайман Кайыпов

Сулайман Кайыпов

Окуу жайда жумуштан четтетилген же макамы кичирейтилген окутуучулардын 80 пайызга жакыны Кыргызстандын жарандары. Муну окуу жай жетекчилиги жергиликтүү окутуучулардын салыштырмалуу катышы көп болгондугу менен байланыштырды.

Мындан тышкары четтетилгендердин ичинде окуу жайдын башкаруу усулуна каршы чыккан Казакстандын жана Түркиянын жарандары да бар. Мына ошолордун бири, казакстандык окутуучу, кино тармагы боюнча адис Молдияр Йергебеков бир катар окутуучуларды жумуштан кетирүүнүн расмий себептери чындыкка коошпой турганына мындайча токтолду:

- Бул адамдардын көз карашына макул болбогон, алар эмне айтса ошонусуна моюн сунбаган кызматкерлерди иштен бошотушту. Маселен, коммуникация факультетинин мурдагы деканы Байрам Кайа мырза баш болгон жумуштан четтетилген мугалимдердин көпчүлүгү азыркы факультет жетекчилигинин туура эмес кылып жаткан иштерин бетине айтып, сынды ачык айтышчу. Мындай эркин ой жүгүрткөн адамдарды алыстатып, бул жакты өздөрү каалагандай башкаруу аракетин көрүп жатат деп ойлойм. Муну менен катар жаңы келген декандын орун басары Бүнямин Айхан улуттук же этностук негизде бөлүп-жаруучулукка жана дискриминацияга жол берчү. Ал эле эмес, түрк улутундагы мугалимдерди да өзүнүн динге болгон мамилесине жараша бөлүп-жарып, ошого жараша мамиле кылчу.

Келишимде эмне сыр бар?

Окуу жайдын бир катар окутуучуларын жумуштан четтетүү чечими ректораттын өзүнүн ишмердигинин мыйзамдуулугу боюнча маселени козгоду. Анткени ректорду Түркия тарабы өзү дайындоону караган өкмөттөр аралык макулдашуу Кыргызстандын парламентинде бекитүүдөн өтө элек. Мындай шартта адистер жаңы келишимдин шарттары күчүнө кире электе эле “Манас” университетинин ректору Себахаддин Балжынын аталган кызмат ордунда отурушу канчалык мыйзамдуу деген маселени кабыргасынан койушууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова окуу жайдын эмгек жамаатынын атынан бул маселени кароону өтүнгөн арыз-даттануу түшкөнүн белгиледи:

- Буга чейин Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөрү макулдашкан документ бар дешти. Бирок аны азыркы күнгө чейин эч ким көрө элек экен. Эгерде өкмөттөр аралык жаңы макулдашуу болсо, анда ал сөзсүз түрдө парламенттин бекитүүсүнөн өтүш керек болчу. Бирок ага карабастан эле азыркы ректордун Түркия тарабынан келип иштеп жатышы анын ишинин мыйзамдуулугу боюнча суроолорду жаратат. Биздин өкмөттөгүлөр “Түркия бизге жардам берип жатат, анан ушул маселени көтөрбөй эле турбайсыңарбы” деп кайрылып жатышат. Бирок жардам берип жатат деп өкмөт башчысы түрк болсун десе, ага да макул болушубуз керекпи? Ошондуктан биз мыйзамдуулукту сактаганга үйрөнүшүбуз зарыл.

Буга чейин “Манас” университетинин мурдагы ректору Сулайман Кайыпов окуу жайды башкаруунун тартибин караган өкмөттөр аралык макулдашуу одоно бузулгандыгы боюнча сотко арыз менен кайрылган болчу. Ал арада окуу жайдын эмгек жамаатынын ичиндеги карама-каршылыктан улам келип чыккан кадрдык өзгөрүүлөр окутуучулар менен студенттер арасындагы нааразылыкка түрткү болууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG