Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Кара-Суу шаарынын мечит имамына кыргыз жарандарына Сирияга барууга чакырык жасап, халифат курууга үндөгөн деген шек менен эки ай камакка алынышы жергиликтүү элдин арасында кооптонуу жаратууда.

Бул жагдай экстремисттик диний күчтөр менен күрөшүүнүн натыйжасыбы же кырдаалдын курчуп баратканынан кабар береби? “Арай көз чарай” талкуусуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев жана саясий илимдердин кандидаты, серепчи Расул Абазбеков катышты.

"Азаттык": Табылды мырза, мурда диний экстремизмге катардагы жарандар шектелип келсе, эми чоң шаардагы мечиттин абройлуу делген имамынын камалып жатышы маселенин масштабы чоңоюп, кооптонууга олуттуу себеп бардыгынан кабар бербейби?

Табалды Орозалиев: Ушундай деп да айтсак болот. Бирок Ош облустук казыяты ал адамды имам катары даярдабаганын айтып жатат. Ошондой болсо да бул көрүнүшкө казыят күнөөлүү деп ойлойм, алар карап, ошондой чоң мечитти көзөмөлдөшү керек болчу. Тиешелүү документтер укук коргоо органдарына берилген, экспертизадан өтүп жатат, анын канчалык күнөөлүү же күнөөсү жок экендигин алар чечсин.

"Азаттык": Расул мырза, имамдардын өздөрү экстремизм багытына үгүттөп жаткан кырдаал Кыргызстандын түштүк аймагында мүнөздүү көрүнүшкө айланган деген пикирлер бар. Мунун чыныгы себеби эмнеде деп ойлосуз?

Расул Абазбеков: Эгер өткөн жылы Сузак районундагы айрым мечиттердеги имамдардын Орозо айт боюнча чыккан карама-каршылыктуу ой-пикирлерин, аракеттерин эске алсак, сиз айтып отурган маселе бар дегенге негиз берет. Бирок аны бардык имамдарга, мечиттерге тиешелүү дебейт элем.

"Азаттык": Табылды мырза, Кыргызстанда 2 миңден ашык мечит болсо, 400дөн ашыгы каттоого алынган эмес деген маалымат жүрөт. Бул көрүнүш мамлекет мечиттерде эмне иш жүргүзүп жатканын көзөмөлгө ала албай, чабал болуп жатат деген ойлорго түртүүдө. Мисалы, адам кайсы бир ишкана ачарда мамлекеттик катоого алынып, анан ишин баштайт. Мечитти курула электе каттоого алып коюу кыйынбы?

Табылды Орозалиев: Бул маселенин тарыхына токтолсок, 1996-жылга чейин Дин боюнча мамлекеттик комиссия, мечиттерди каттоого алуу да жок болчу, кийин башталды. Каттоосу жок мечиттердин көбү ошол убакка тиешелүү, уруксаты жок, документтери жок, демөөрчү таап эле куруп коюшкан. Бирок ошого карабай биз талап кылып каттоого алып жатабыз, бир топ азайды. Кийинки курулган мечиттер бардык документтери бүткөндөн кийин бизге келип каттоодон өтөт, биз уруксат бергенден кийин гана иштөөгө уруксат беребиз.

"Азаттык": Сиздерге бир салыштыруу иретинде бир мисал айтайын. Айылдагы чакан мектепте 30 мугалим иштейт, баары таалим-тарбия менен алектенет. Ошол эле айылдагы мечитте бир имам иштейт, ал дагы таалим-тарбия берет. Мугалимдерге караганда имамдын айыл ичиндеги таасири күчтүү болуп жатканын баамдоого болот. Маселенин төркүнү ушул жакта эмеспи?

Табылды Орозалиев: Туура, өткөн кылымдын 20-40-жылдарынан бери мугалимдердин кадыры кандай экендигин биз жакшы билебиз. Эгемендүүлүк жылдары мугалимдин кадырын биз түшүрүп койдук, жарытылуу маяна төлөй албай жатабыз...

"Азаттык": Имамдар айлык албай эле иштеп жатпайбы?

Табылды Орозалиев: Айылдагы аш-тойлордо, өлүм-житим болгон жерде имамдардын аброю чоң экенин моюнга алышыбыз керек. Аны айтканынан чыгышпайт, урмат көрсөтүшөт. Ошондой болсо имамдардын мугалимдерден таасири жогору деп айта албайм, мугалимдердин да өз орду бар...

Расул Абазбеков: Азыр светтик коомдун баалуулуктарынын кризиси болуп жатса, исламда кайра жаралуу процесси жүрүүдө. Коом трансформацияланып жаткан шартта мектеп социалдык институт катары бир топ таалим-тарбия суроолоруна жооп бере албай калып жатат. Имамдар бул суроолордун баарына жооп бергенге аракет кылат, ошондон улам имамдардын таасири күчөп жатат деп айтсак болот...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG