Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Сегиз жаштагы Мухаммедшариф Исамов тентуштарынан айырмаланып, илимий китептерге өтө ынтызар.

Ош шаарында быйыл 2-кластты аяктаган балакай убактысынын басымдуу бөлүгүн балдар энциклопедияларын окууга, интернеттеги жаңылыктарга жана аң-сезимди өстүрүүчү оюндарга жумшайт.

- Энциклопедиялар гана мени акылдуу кылып тарбиялайт. Ошондуктан дайыма апамдан ушундай китептерди сатып берүүсүн суранам.

Жаңы гана 2-классты аяктаган Мухаммедшариф менен аңгемелешсең акылы өз курагындай болбой, тетик, чоң кишиникиндей экенин байкайсың. А деген арип тааныганы балдарга ылайыкталган энциклопедияларды окуй берип, азыр чоң энелердин колу-буту эмнеликтен ооруй турганына да илимий жактан баа берип калыптыр:

- Чоң апалардын колу ооруганда туз топтолуп калды дешет. Чындыгында туздун топтолгону үчүн оорубайт. Алардын оорушуна нерв системаларындагы чыңалуу себеп болот. Алар кезинде оор жумуштарды да жасай беришкен. Ошол эле учурда балдары үчүн кайгырып, нерв коротушкан. Оор жумуштун таасири жана нервдин жукарышы ички терилерге таасир этет. Бул нерсе барып-барып кол-буттун оорушуна алып келет.

Мухаммедшариф башынан эле негедир оюнчуктарга анча ынак болгон эмес. Аны дайыма китептер кызыктырчу. Тили чыга электе эле текчедеги китептерге умтула берген балакай түшүнбөсө да аларды барактап убакыт өткөрчү экен.

Жакындарынын айтымында, башка балдардай болуп, бир да жолу китеп жырткан эмес. Кызыгы, ал эч качан ыр жаттаганды каалабайт:

- Мен балдарга арналган адабий китептерди окугум келбейт. Себеби андан өзүмө пайдалуу эч нерсе көрбөйм. Ырларды жаттап коюудан майнап чыкпайт. Андан көрө илимий ачылыштар жөнүндө, жашоодо керек боло турган кеңештерди окусам келечекте пайдасы тиет.

Мухаммедшарифтин апасы Хулкар Исамова уулунун бала бакчага барбай, баштапкы тарбияны үйдөн гана алганын айтат. Үч жашка чейин бир да сүйлөбөгөн Мухаммедшариф алгач тили чыкканда кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде сүйлөй баштаган.

- Менин атам өзбек, апам кыргыз. Эки тилде сүйлөйбүз. Бир туугандар өз ара орусча сүйлөшөбүз. Ушул чөйрө таасир эткенби, айтоор үч тилде тең сүйлөп баштаган.

Ал баласынын теңтуштары сыңары короодо ойнобогонуна, оюнчуктарга кызыкпаганына ойлонуп, бир канча жолу өзү курактуу балдарга кошулуп ойноого мажбурлаган. Бирок андан майнап чыкпасына көзү жетип, азыр анын каалоосу менен эсептеше турган болуп калган:

- Бир-эки жолу "балам, теңтуштарың менен ойно" деп айттым. Көнбөдү. "Мага алар менен ойноо кызыксыз",- дейт. Бөлмөсүнө кирип китеп окуй берет. Шаарга чыкканда сөзсүз китеп дүкөнгө барабыз. Ал кайсыл китепти тандаса, ошону алып бергенге аракет кылам. Уулумдан үмүтүм чоң.

Мухаммедшарифтин жакындары анын баш көтөрбөй китеп окушу ден соолугуна залака тийгизбесе болду деп тынчсызданышууда. Бирок бала өзү да муну жакшы билгендиктен күнүгө он беш барактан ашуун окубай турганын айтты. Калган убактысын аң-сезимди өстүрүүчү оюндарга жумшайт жана тамаркада чоң атасына жардам берет. Келечекте илимпоз-журналист болом деп тилек кылат. "Илимпоз-журналист кандай болот" деген суроомо "ошондо көрөсүз" деген жообун берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG