Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:28

Мугалимдердин кесиптик кошууну эгер парламент билим берүү системасын каржылоо долбоорун колдоп бербесе, 1-марттан тартып, мөөнөтсүз акцияга чыгарын эскертип жатышканын кабарлады.

Өкмөт мугалимдердин айлык акысы 1-январдан тарта 30% көтөрүлөт деп убада берген, кийин бул мөөнөт 1-февралга жылган, эми май айына калтырылууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү академик, кесиби мугалим Бектемир Мурзубраимов билим берүү тармагын реформалоо, окутуучулардын айлык акысы боюнча пикирлерин “Азаттыкка” билдирди.

- Айлык акынын аздыгына нааразылыгын билдирип чыккан мугалимдердин маянасына кошумча акча 1-январдан кошулат деп өкмөт түзүлгөн күнү убада берилди эле. Андан кийин бул мөөнөт 1-февралга жылган, эми май айына калтырылды деген маалыматтар чыккандан кийин мугалимдер 1-марттан тарта кайрадан мөөнөтсүз акцияга чыгабыз деп билдирип атышат. Мектеп окутуучуларынын мына ушундай акция, нааразылык иш-чараларын сиз кандайча баалап атасыз?

- Чынында өкмөт айткан сөзүнө жооп бериши керек эле. Мугалимдердин нааразылыгын парламент да колдоп чыккан, демек жалпы бийлик жооп бериши керек.

Базар-Коргон районундагы мугалимдердин митинги, 1-декабрь, 2010-жыл
Өкмөт убада берген күнүнөн тартып, кандай жол менен болсо да сөзүнө туруп, айлык маянасын көтөрүп беришсе жакшы болор эле. Болбосо алар дагы деле чыга берет, анткени алар деле башка кызматкерлердин айлык акылары менен өздөрүнүкүн салыштырып көрүп атышат, бүгүнкү кымбатчылыкты көрүп атасыңар. Ошондуктан иш таштоо, митинг жана башка иш-чаралар болсо ага таң калуунун кереги жок, тескерисинче ага жеткирбей, эрте чечип берүүнүн жолун ойлоо зарыл.

Мүмкүнчүлүк бар. Илгертен келе жаткан жакшы сөз бар: “мугалимин унуткан – келечегин куруткан” деген. Бул өтө таамай айтылган, мазмундуу сөз.

- Мугалимдер буга чейин деле ушундай аз айлык менен жашап, бирок баш көтөрбөй келбедиби. Атүгүл алар мурдагы бийликтердин тушунда ар кандай шайлоо, референдум жана башка саясий иш-чаралардын уюштуруу иштерине жигердүү тартылып келген деген айыптоолор да бар.

- Бул маселе бүгүн эле чыга калган жок. Ондогон жылдар бою бул маселенин айланасында тиешелүү министрлик, парламенттеги социалдык саясат, билим-илим комитети сөз козгоп келген.

Мындан тышкары айылдардагы мугалимдер өздөрүнүн көйгөйүн, кыйынчылыктарын айтып чыгышкан. Айлыктын аздыгынан улам эң жакшы мугалимдер Казакстанга, Орусияга кетип, соода-сатыкка өтүп кеткени бүгүн эле чыга калган жок да?! Ушуга эч бир бийлик жакшы көңүл буруп, мамиле кылган жок буга чейин.

Мисалы мен да Жогорку Кеңеште үч жолу депутат болуп, билим-илим боюнча комитетте иштеп, кийинки жылдары ал комитетти башкарып да калдым. Ошондо атайын парламенттик угуулар, жер-жерлерде көчмө жыйындарды мугалимдерди катыштырып, облус, район жетекчилерин катыштырып өткөргөнбүз. Ошондо деле азыр айтылып аткан маселелер абдан эле айтылган, биз өкмөткө тапшырганбыз. Бирок булар жаш баланы алдагандай кылып, 10-15% кошуп коюп, бир аз көтөрүмүш болуп коюп, андан ашыкча мамиле жасалган эмес.

Ысыккөлдүк мугалимдердин митинги, 13-декабрь, 2010-жыл
Эсиңиздерде болуш керек, мурдагы президент Аскар Акаев мугалимдердин 1-курултайында “мугалимдерге болгон мамиле парламент депутатына жасалган мамиледей болот” деп айткан. Бирок бул дагы ошол күнү кол чабуулар болуп, кубатталганы менен ишке ашпай, ошол курултайдан чыкпай кала берди.

- Мугалимдердин өздөрүнүн дарегине да сын-пикирлер бар. Бүгүнкү окутуу ыкмалары эскирди, изденишпейт, балдар сабакка кызыкпай калды деген. Билим берүү тармагын түп-тамырынан тартып кантип реформалоого болот?

- Эң биринчи кадам башталып атат, анткени айлыкты көбөйтүү –реформанын башкы пункту. Экинчиси - мектептерде мугалимдердин сапаттуу сабак берүүсү. Туура,мугалимдерге да дооматтар көп, тажрыйбасы мол, эмгек стажы көп болгону менен балдарга билим берүү усулу, ыкмасы эски. Ушундан улам дагы балдардын сабакка болгон кызыгуусу төмөндөп кетти.

Дагы бир нерсени баса белгилеп айтып коеюн, жалпы эле коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөр мугалимдердин кадыр-баркын төмөндөтүп, аларга болгон урмат-сыйды жок кылып салды. Ошондуктан окуучулар билим алууга кызыгышпайт. Себеби жалаң 5 деген баага окуса деле, мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаса деле, жогорку окуу жайын артыкчылык диплом менен бүтүрсө деле кийин жыргап кеткен жери жок. Тескерисинче начар окуп, мектепке барып-барбай жүргөндөр соода-сатык менен, кылмыш элементтерине байланышып, жыргап-куунап жүрүшпөйбү. Мына ушунун баары азыр балдарга терс таасирин тийгизип жатат.

Айлыкты көтөрүү менен катар, системалуу, дайыма мугалимдик кесиптин аброюн арттыра турган, күчөтө турган, мугалимдик кесипке мүмкүн болушунча тандоону жакшырта турган, окуучулар менен иш алып барууну өзгөртө турган талаптар, тиешелүү долбоорлор боюнча иреттүү түрдө иштеш керек. Мындай долбоорлор бар.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG