Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жети айдан ашык убакыттан бери ректорсуз иштеп жатат. Буга өткөн жылы ректор шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча соттун уланып жатканы себеп болууда. Жетекчинин дайындалбаганы окуу жай жамаатында нааразылыкты жаратууда.

"Азаттыкка" атын атагысы келбеген айым Улуттук университетте окутуучу болуп эмгектенет. Ал окуу жайда бир жылга жакын убакыттан бери ректордун шайланбай жатышы жамаатта нааразылыктарды жаратып жатканын айтты:

- Бизде бир жылга жакын убакыттан бери белгисиздик өкүм сүрүп жатат. Бул абдан жаман нерсе экен. Өлкөнүн эң алдыңкы окуу жайы болуш керек делген университетте бир жылдан бери ректор шайланбайт. Шайлоо өтүп, баарыбыз добуш бергенбиз. Анын жыйынтыгы менен Бөрүбаев утту дешкен эле. Бирок ал бекитилген жок. Азыр биздин университетте ар кандай имиш сөздөр жүрүп жатат. Бийликтегилер башка адамды коюуга аракет кылып жатканы айтылууда. Жамаат эми эмне болуп кетет деп иштөөдө. Окуу жайда болсо реформа жасоо керек болуп турат. Улуттук университет материалдык-техникалык база, билимдин сапаты боюнча өлкөдөгү бир топ окуу жайлардан артта калды. Башкалар мезгил менен кошо жарышып, бир нерсе өзгөртүүгө аракет кылууда. Ал эми биздин университет артка кетип жатат.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректорун шайлоо 2014-жылдын 18-октябрында өткөн. Анда ректорлук үчүн 15 талапкер ат салышып, университет жамааты добуш берген.

Ректорду шайлоо

Ректорду шайлоо

Шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш алган Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, Улуттук университеттин Кыргыз-европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова жана ушул эле университеттин Кыргыз-кытай институтунун директору Болот Токтобаевдин талапкерлиги өкмөт башчынын кароосуна жиберилген.

Мыйзам боюнча өкмөт башчы булардын ичинен бирин тандап алып, бекитиши керек эле. Бирок шайлоодо жетиштүү добуш ала албаган бир катар талапкерлер шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду деген арыз менен сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ишти карап, шайлоону жараксыз деген чечим кабыл алган. Буга макул болбогон Алтай Бөрүбаев Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдоп, учурда арыз аталган сотто каралууда.

Билим берүү министрлиги болсо сот жараяны бүтмөйүн жаңы шайлоо жарыялабай турганын билдирип жатат. Министрликтин маалымат катчысы Амантур Акматов муну мыйзамдын талабы деп түшүндүрүүдө:

- Улуттук университеттин ректорун шайлоо боюнча соттук териштирүү аяктаган соң чечим кабыл алынат. Бул мыйзамда каралган. Ал эми министрликтин позициясын айтсак, былтыркы шайлоону легитимдүү деп эсептейт. Ошол себептен мурдагы шайлоонун жыйынтыгын жарактуу деп жарыяласа жакшы болмок.

Ректорду шайлоо

Ректорду шайлоо

Ошентсе да өкмөт Улуттук университеттин ректорун шайлоо жараяны создугуп кеткенин моюнуна алат. Өкмөттүн Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдиманап Муратовдун айтымында, бул маселеге эртелеп чекит коюу керек:

- Маселе мыйзам чегинде чечилиши керек. Мыйзам боюнча талапкерлер сотко кайрылып, териштире алат экен. Бирок менин жеке оюмда, маселе абдан создугуп кетти. Аны эртелеп бир жаңсыл кылуу керек.

Жети айдан бери Улуттук университеттин ректорунун милдетин биринчи проректор Эрмек Үсөкеев аткарууда. Убактылуу жетекчилик ректордун шайланбаганы окуу жайга көп деле таасирин тийгизбегенин айтып жатат.

Кечиккен реформа

Окуу жайдын коомчулук менен байланыш боюнча координатору Жолдошбек Бузурманкулов “Азаттыкка” билдиргендей, ректордун бекитилбегени жамаатта нааразылык жаратты деген сөз негизсиз:

- Албетте университетте ректор шайланбай, милдетин алган кожоюну жок болуп жатышы ар кандай бүдөмүк ойлорго түртүшү мүмкүн. Бирок ректор жок жамаатта нааразылык пайда болуп, окуу процесс солгундап кетти дегенге кошулбайм. Анткени учурдагы убактылуу жетекчилик ишти колдон келишинче жакшы уюштурууга аракет кылып жатат.

Улуттук университет материалдык-техникалык база, билимдин сапаты боюнча өлкөдөгү бир топ окуу жайлардан артта калды.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана ири окуу жайлардын бири. Анда учурда 30 миңге жакын студент билим алат.

Советтер союзунун учурунда билим берүүнүн флагманы аталган университетте акыркы жылдары билим берүү сапаты төмөндөп, паракорлук өрчүгөнү айтылып келет. Мындан улам шайлоо аркылуу окуу жайды өзгөртүп, реформаны ишке ашырууга жөндөмдүү жетекчи дайындоо зарылдыгы белгиленген эле.

Бирок ректор шайлоо маселесинин создугушу окуу жайды реформалоо демилгелеринин демин кайтарат дейт билим берүү жаатындагы адис Алмазбек Акматалиев:

- Расмий түрдө жетекчи дайындалбаган соң окуу жайдын ишмердигине терс таасирин тийгизет. Убактылуу жетекчи деле жоопкерчиликти толугу менен сезбей, терең реформаларга киришпейт. Ал эми Улуттук университет өзүнүн мурдагы кадыр-баркын кайтаруу үчүн реформага суусап турат. Ал эми шайлоонун создугушу мунун баарына терс таасирин тийгизип жатат.

Европалык илимий-өндүрүштүк палата дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардагы билимдин сапаты боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы төрт университет дүйнөдөгү 200 мыкты окуу жайдын катарынан орун алган. Бирок алардын баары Кыргыз-түрк “Манас”, Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-орус Славян университети сыяктуу башка өлкөлөр каржылаган окуу жайлар.

Ал эми өлкөдөгү негизги мамлекеттик окуу жай бир жылга жакын убакыттан бери ректорун шайлай албай убара...

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG