Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Ош: Өзбек мектептерин кыргызчалоо демилгеси


Оштогу №1 өзбек мектеби.
Оштогу №1 өзбек мектеби.

Ош шаарындагы өзбек мектептеринде окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Ата-энелер уул-кыздары мамлекеттик тилди билсе, өлкөнүн коомдук-маданий турмушуна кененирээк аралашып, жогорку окуу жайларда билим алууда мүмкүнчүлүгү көп болот деп ишенишет. Бул жагдай ошондой эле аймакта эки элдин ынтымагын чыңдоого да салым кошот дешет мектеп жетекчилери. Ал билим берүү башкармалыгы элден атайын кайрылуу келгенде гана бул маселени ишке ашыра турганын билдирүүдө.

"Балдарыбыз кыргызча билсе дейбиз"
Бул нерсени бизге бирөө-жарым басым жасап, зордоп ушундай кылгыла деп жаткан жок. Болгону кыргыз тилин билүү - учурдун талабы...


Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн №1 Федченко мектебинин директору Махаматжан Ахунов балдарды кыргыз тилинде окутуу демилгесин алардын келечеги жана улуттардын ынтымагы үчүн көтөрүп жатканын айтууда:

- Тил элдерди бири-бири менен достоштурат. Балдарыбыз кыргыз тилин жакшы үйрөнүшсө, кыргыз балдар менен көп чатакташпайт. Бири-бирине сый-урмат да көтөрүлөт. Азыр биз эми кыргызча сүйлөп, анча-мынча ката болсо да жазышыбыз мүмкүн, бирок адабий тилдин нормасындай билбейбиз. Учурда жогорку окуу жайлары да негизинен кыргыз тилинде окутуу жүргүзөт. Так ушул 2 фактор өзбек балдарын кыргыз тилинде окутуу демилгесинин көтөрүлүшүнө түрткү болуп жатат.

Ахуновдун белгилешинче, бул маселе кечээ же бүгүн эле айтыла калган нерсе эмес. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан эле аймактагы өзбек тектүүлөр балдарына мамлекеттик тилди үйрөтүүгө кызыкдар болуп келет дейт ал:

- Бул нерсени бизге бирөө-жарым басым жасап, зордоп ушундай кылгыла деп жаткан жок. Андай кылган күндө да адам укугу деген нерсе бар. Болгону кыргыз тилин билүү - учурдун талабы болуп жатат. Балдар билимдүү, же таланттуу болсо, бирок кыргыз тилди билбесе өзүн реализация кыла албай калып жатпайбы. Өзү жашап жаткан өлкөнүн мамлекеттик тилин билгендин эмнеси жаман.
Азыр бизде аптасына 3 саат гана кыргыз тили сабагы өткөрүлөт. Менимче, бул бизге жетишсиз. Математика, химия, физика сыяктуу сабактар деле кыргызча өтсө кыйла сонун болмок...


Ош шаарында 60тай мектеп болсо алардын 20сында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. Кыргыз тили жана адабияты сабактары окутулган менен алар жетиштүү эмес. Китептер менен да толук камсыз болбогон. Ошол себептүү өзбек мектептеринде кыргыз тайпаларын ачып, акырындан сабактарды да кыргызча берүүгө өтүү керек дешет демилгечилер.

Мамлекеттик тилге окуучулардын өздөрүндө да кызыгуу күч сыяктуу. 9-класстын окуучусу Севара Ахматжан кызы буларга токтолду:

- Азыр бизде аптасына 3 саат гана кыргыз тили сабагы өткөрүлөт. Менимче, бул бизге жетишсиз. Математика, химия, физика сыяктуу сабактар деле кыргызча өтсө кыйла сонун болмок. Сабактар аз болгондуктан да окуучулар кыргыз тилин жакшы билбей калып жатат. Анан эми окууну бүтөөрүбүз менен ЖОЖго тапшырганыбызда кыйналышыбыз мүмкүн. Мага окшоп аз-маз билгендер гана окуп кетпесе, көп өзбек балдар жогорку билим алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калууда. Ошол себептүү башка улуттагы балдар кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатабыз.

Демилге ишке ашабы?

Педагогдордун демилгесин ата-энелер да колдоого алып жаткан экен. Амир-Темир кичирайонуну тургуну Нилюфар Кадырова мамлекеттик тилди үйрөнүү балдарынын келечегине жакшы экенин айтууда:
Эгер коомчулук бул маселени өзү көтөрүп жаткан болсо, ишке ашырсак болот. Кадр маселеси, китеп маселесин чечип, жаңы окуу жылынан карап көрүшүбүз мүмкүн...


- Кошумча кыргыз тилинде окутууну ата-энелер да толугу менен колдоп жатабыз. Менин балам дагы кыргыз тилинде так сүйлөйт, аны бирөөлөр көрсө өзбек деп деле ойлошпойт. Ал андан башка түрк, англис тилдерин да жакшы билет. Бирок эми мамлекеттик тилди да сөзсүз билиши керек.

Деген менен бул демилгени ишке ашыруу оңой-олтоң эмес экенин шаардык билим берүү башкармалыгы билдирүүдө. Мекеме жетекчиси Гүлайым Машрапова «Азаттыкка» мындай деди:

- Азырынча бизге ата-энелердин атынан окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча арыз, же кайрылуу келе элек. Мектеп жетекчилери тарабынан деле расмий өтүнүч боло элек. Бирок эми эгер коомчулук бул маселени өзү көтөрүп жаткан болсо, ишке ашырсак болот. Кадр маселеси, китеп маселесин чечип, жаңы окуу жылынан карап көрүшүбүз мүмкүн.

Буга чейин Кара-Суу районунда да ушундай демилге көтөрүлүп, бир канча мектептерде кыргыз класстары ачылган.

Улут аралык кагылышуулардын алдын алуу жана биримдикти бекемдөө максатында мындан башка калкты аралаш конуштарга жайгаштыруу, интернационал үй-бүлө куруу жана аралаш мектептерди жаратуу сыяктуу сунуштар айтылып келет. Ал эмес кээ бир өзбек тектүүлөр өзбек тилдүү мектептерди жоюп, балдарды жалаң мамлекеттик тилде окутуу керектигин айтып чыкканы бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG