Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Оштун студенттери бийликке курал болгусу келбейт


Ош шаарындагы студенттер жергиликтүү бийлик сабактан калтырып, ар кандай иш-чараларга катыштырып жатканына нааразы.

Оштогу окуу жайлар студенттерди майрамдык иштерге чегерип, сабактан калтырып жатканын студенттик акыйкатчылар айтып чыкты. Алар жыл бою ар кандай салтанаттарда жана массалык кечелерде студенттер адамдын санын көбөйтүп туруучу каражатка айланып калганын белгилешет. Ал эми университет жетекчилери жана жергиликтүү бийликтер бири-бирине шылтоолоп, студенттер өз каалоосу менен акцияларга катышаарын айтышат.

- Кечээ мэрия шаардык жаштар комитетинин 2 жылдыгын белгиледи, ага ар бир окуу жай 500дөн студент алып барды. Нооруз майрамын да ар бир университеттен 200дөн деп атып, миңдей студентти кармап атышат. Атайын орто окуу жайларынан да бар. 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнүнө карата шаарда аскердик майрам өттү, ага да студенттер катышты. Ош облустук администрациясы болсо аялдардын майрамын белгилесе, ага студенттерди алып барып, көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүп жатат. Кол чаап тура турган, анан залды толтуруш үчүн керек болуп атат биздин студенттер. Бизге келип ыйлагыдай болуп арызданып атышат. “Катышпасаңар окуудан четтетебиз, айдайбыз” деп коркуткандары болуптур, -дейт студенттик акыйкатчы Аскар Жеңишбек уулу.

Аскар Жеңишбек уулу, студенттик акыйкатчы.
Аскар Жеңишбек уулу, студенттик акыйкатчы.
Ал учурда студенттер жыйындарда адам санын көбөйтүүчү каражатка айланып калганын айтып күйүп-бышат. Аскар учурда Ош мамлекеттик университетинде студенттердин укугун талашып жүрөт:

- Коомдук иштен качуу такыр оюбузда жок. Бирок ал мыйзам чегинде өтүп, окууга эч кандай тоскоол болбошу керек. Буга чейин коомчулук, студенттер өз ыктыяры менен ишембиликтерге чыгып, же ар кандай иш-чараларга катышып келген болсо, азыр ал милдетке айланып калды. Ош облустук администрациясынан, Ош шаардык мэриясынан же шаардык жаштар комитеттеринен окуу жай жетекчилерине билдирүү, же кайрылуу катары кат келет, же буйрук деп эле ачык айтылат. Анан университет жетекчилери аларды аткаруу үчүн көрүнгөн студентти жумшайт. Ал эмес факультеттерди бөлүштүрүп алышкан, “сен буга, сен тиги иш-чарага катышасың” деп. Студенттер чыкыйып кийинип, сумкелерин көтөрүп келип алышып, анан кетмен-күрөктү көтөрүп алып, бир жерди тазалоого жөнөйт. Бийликтер кадимкидей кылып эле “мага 100 студент, мага 150 студент” дейт, анан бул жактан ректорлор аларды жөнөтөт. Анын кийими, билими эмне болгону белгисиз.

Кесиптешинин пикирин Ош технологиялык окуу жайынын студенттик акыйкатчысы Аскар Орозалиев да бекемдейт:

- Чынын айтканда студенттер сабак күндөрү да чыгууга аргасыз болот. Мэрия тараптан ошол айтылып жаткан Нооруз салтанатына деп бизден да бир топ студенттер кеткен. Алар эми бир айлап эле окууга катыша алышпайт. Билимге эми кызыгып баратканда бир концертке, же ишке деп артка тартат. Анткени ал жерлерге көбүнчөсүн студенттер барат. Сабагын калтырышса, алар үчүн кыйын да.

Студенттер аянтта, Ош, 6-март.
Студенттер аянтта, Ош, 6-март.
Жогорку окуу жай жетекчилери болсо салтанаттарга катышуу студенттердин сабактарына тоскоол болбойт дешет. Ачык айтышпаганы менен алар жергиликтүү бийликтердин токтомдорун жана буйруктарын аткарбай коё алышпайт.

Ош Мамлекеттик Социалдык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шералы Эгембердиев мындай дейт:

- Токтом, буйруктар чынында бизге көмөктөшүү максатында келет. Эми маселен, майрамдарга карата иш-чаралар, же ишембиликтер шаардын мэриясынын өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн уюштурулуп жаткан нерсе да. Нооруз дагы элге жакшы маанай тартуулоо максатында өтөт. Мындай салтанаттар жыл сайын өткөрүлүп келген салттуу майрамдардын бири. Мындай иш-чараларга катышуу жагынан бизде өзүнчө графиктер түзүлүп коюлган. Мурдагысына катышкан студенттер кийинки иш-чарага катышпайт. Өздөрүнүн жумуштары болсо, же башка шарттарына карап мүмкүнчүлүгү жок студенттер мажбурланбайт.

Ал эми шаардык бийликтер да маданий массалык иш-чараларга студенттер өз ыктыяры менен катышат деген пикирде. Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Камил Сыдыков окуу жайлар каалабаса студенттерди жөнөтпөй деле коё берээрин айтат:

- Оштогу окуу жайлар мэрияга түздөн-түз баш ийбейт. Ошол себептүү да алар иш-чараларга кааласа катышат, каалабаса жок. Анан эми мындай арыздануулар болуп жатканын мен биринчи жолу угуп жатам. Студенттер ишембиликтерге же салтанаттарга катышса, өз эрки же патриоттук ой менен катышып жатат. Биз университеттерге буйрук же, токтом катары эмес, өтүнүч, сураныч катары жазабыз. Анан алар да шаардагы бир мекеме катары, шаарда иштеп, жашап аткан жаран катары бизге жардам кылышат.

Оштун борбордук аянтында ушул күндөрү миңдей студент жана окуучулар Нооруз майрамына карата салтанатка даярданып жатат. Калаа башчысы жарыялаган 2 айлык тазалык акциясына байланыштуу да окуу жайлар жер-жерлерди бөлүштүрүп алышкан. Ага да, буга да үлгүргөн студенттер болсо сабактарын кийин окуп алаарына ишенет.

ОшТУнун студенти Наргиза Төрөева да ошондой ойдогулардын бири:

Студенттер аянтта, Ош, 6-март.
Студенттер аянтта, Ош, 6-март.
- Азыр бизди топтоп алып “маршировкага” алып келишти. Студенттер бул жерде ар кандай инсценировкаларды аткарып атышат. Биз болсо жанагындай “алас, алас” кылып ысырык салат окшойбуз. Сүмөлөктү да биз таркатат экенбиз. Калганын билбейбиз, бизди эки аптага сабактан бошотушту. Ал предметтерди кийин катары менен өтүп жетишип алат экенбиз.

Буга чейин студенттер шайлоолор учурунда колдонулуп келгендиги айтылып келген. Эми минтип дайымкы иш-чараларда студенттер курал болуп калгандыгына капа болуп турушат.

Ушуга байланыштуу калаада жайгашкан ЖОЖдордун студенттик акыйкатчылары биргелешип нааразылык билдиргени турушат. Алар кайрылууларын борбордук, жергиликтүү бийликтерге, окуу жай жетекчилерине жана маалымат каражат өкүлдөрүнө беришмекчи.

Ош шаарында учурда 11 окуу жайы бар. Анда жалпысы 60 миңдей студент билим алат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG