Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Айлык акынын аздыгынан мамлекет тарабынан эч кандай социалдык колдоо жоктугуна нааразылыгын билдирген мугалимдер 1-декабрдан бери түрдүү акцияларды өткөрүп жатышат.

Ал республиканын дээрлик бардык аймактарын каптап, бүгүнкү күнгө чейин уланып келатканы белгилүү. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусу мугалимдердин маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:

Билим берүү министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы башкармалыгынын башчысы Дамира Кудайбергенова

Экономика илимдерин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев

Базар-Коргон районундагы №30 Өлмөскан Атабекова атындагы мектеп-гимназиянын тарых мугалими Калил Карабаев

“Азаттык”: Мугалимдердин 1-декабрда башталган нааразылык акциясына бийлик айлык акы жаңы жылдан тарта 30 пайызга көтөрүлөт деп убада берди. Айлык акыны 10 миң сомго көтөрүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү талабы менен нааразылык акциясын биринчилерден болуп баштаган мугалимдердин бири катары Калил агай сиз айтсаңыз, ушул өкмөттүн чечими сиздерди канчалык деңгээлде канааттандырды?

Калил Карабаев: Министр өзүбүзгө келгенде да айтканбыз. Бул көп жылдан бери көйгөйлүү болуп келген маселе эле, акырында ушундай жарылуулар болуп атат. 30% эгерде кошо турган болсоңор, ал эч нерсеге деле жетпей калат. Ставкага кошо турган болсо, биздин ставкабыз 1966 сом болсо, ага 300 сом кошуп койсо 2666 сомго зорго жетет экен да. Бизден 418 сомго чейин салык кармап коет экен, анда аны кошуунун деле кажети жок болуп калат азыр инфляцияны көрүп аткандан кийин.

Ысык-Көл облусунун мугалимдеринин нааразылык жыйыны, 13-декабрь, 2010-жыл
Күнүгө эле биз “30 пайызга көтөргөн атабыз” деп угуп атабыз. Ал 30% кандай кылып көтөргөн атат, ставкагабы, же жалпы алып аткан суммабызга көтөргөн атабы? 30 пайызга мугалимдер азыр нааразы. Биз айтканбыз ушуну министр келгенде деле. Биз балдардын келечегин ойлогон үчүн жумушка чыгабыз, чейректерин чыгарабыз, андан кийин эгер эч нерсе болбосо акциябызды улантабыз деп.

“Азаттык”: Дамира айым, мугалимдердин айлык акысын 30 пайызга көтөрүү кандай баскыч менен жүргүзүлөт?

Дамира Кудайбергенова: Базар-Коргондон азыр сүйлөп аткан Калил агайдын профком менен кошо кол коюлуп келген каты бизде бар, 17 пункттан турат. Ошондой эле Нарындан, Жети-Өгүздөн, Таластан, Сузактан, Өзгөндөн каттар, кайрылуулар, арыздар келди. Ошонун баарын тең топтоп карап чыгып атабыз.

Бул бүгүнкү эле күндүн маселеси эмес. Бул эбактан бери көйгөйлүү маселе болуп келген. Бирок азыр эле курчтанып атат. Бул ишти биз августтан баштаганбыз, же базалык айлык маянасын көтөрүш керекпи, же компенсациялык кылыш керекпи деп, ар кандай вариант менен. Бирок азыркы биринчи этап 2011-жылдын 1-январынан баштап 30% көбөйөт. 2012-жылдан толук реформа болот. Себеби тарифтик торчо деп коебуз, бул 1993-жылдан бери келатат, бул аябай эскирип калды. Азыр өзүңөр көрүп атасыңар, азык-түлүк, тамак-ашка баа көтөрүлүп атат. Ошол себептен бул биринчи этап.

Нормативдик документтерди да өзгөртүш керек. Азыр Жогорку Кеңеш өзүнүн ордун алып калды, эми өкмөт орун алып калса биздин жоболорубуз бар, ошолорду өткөрүп беребиз, анан долбоорлорду кабыл алса, анан жыла баштайт.

Мугалим мөмөлүү дарак, бирок даракка да суу керек

“Азаттык”: Мына ушул тарифтик торчо 30 жылдан бери өзгөрбөй келатыптыр. Мисалы мугалим бир баланын дептерин текшериш үчүн 82 тыйын алат экен. Ушул сетканы ушул мезгилге чейин өзгөртпөшкө эмне тоскоол болуп келди?

Ысык-Көл облусунун мугалимдеринин нааразылык жыйыны, 13-декабрь, 2010-жыл
Дамира Кудайбергенова:
Биринчиден, мугалимдердин акция кылып митингге чыкканы, сабактарын таштап кеткени жакшы нерсе эмес. Жаран катары мүмкүн митингге чыкса болот. Бирок мугалим катары балдарды жайдак калтырып коюп, өзүнүн укугун сактап атканы, бул балдардын да укугун бузуп атат. Ошол себептен бул маселени эки жактан караш керек. Митингдер азыр эле башталып атат да. Эмне үчүн буга чейин башталган жок, анда өкмөт бар эле.

“Азаттык”: Калил мырза, “мугалимдердин өздөрүндө да күнөө бар, буга чейин 20 жылдан бери унчукпай баш көтөрбөй иштеп келген, бийлик шайлоо, референдум болобу, кайда айдаса, сабакты, балдарды таштап коюп жөө-жалаңдап үгүт иштерине жүгүрүп кетишчү” деген сөздөр да айтылып атат. Буга чейин эмне унчукпай келдиңер?

Калил Карабаев: Буга чейин биз майда чыгабыз деген элек. Бирок Убактылуу өкмөттүн ушундай болуп турганына байланыштуу токтоп калганбыз. Андан кийин экзамендер, каникул башталып кеткенден кийин дагы туруп калганбыз. Андан кийин августтагы конференцияда президент айлык көтөрүлөт дегенинен, биз күтүп туруп калганбыз.

Базар-Коргон районундагы мугалимдердин нааразылык жыйыны. 1-декабрь, 2010-жыл
Мурдагы бийликтер, Акаев, Бакиевде деле кичинеден соска салып, болор-болбос көбөйтүш этип келаткан, мугалимдер өтө чыдамдуу, жоош калк келет экенбиз. Башкалардай эле шарт чыга калбастан ушул убакытка чейин биз чыдадык. Азыр эжекенин айтып атканын мен угуп турам, чыдап келгенден кийин, сыздоок деле бир мезгилде жарылбайт экен, бышканда жарылат. Жетип калганда, базар экономикасында азыр бир кап ун бир жарым миң сом болуп калды.

“Азаттык”: Калил мырза, бир кап ун 2007-жылы да бир жарым миң сом, бир литр май 100-120 сомго чыкты эле. Сиздердин нааразычылыгыңар эмнеге ошол учурда күчөгөн жок? Ошондо деле ушул акчаны алчусуңар да?

Калил Карабаев: Биз ушул акчаны алчубуз, ошондо мына көбөйтүп атабыз дегенинен чыдап келгенбиз. Акыры чыдамыбыз калбай калгандыктан ушуга барууга туура келди. Ошондуктан биз чыгып атабыз. Мен азыр эжеге суроо берейинчи, азыр 30 пайызды ставкагабы, же жалпы суммага көтөрүлүп атабы?

Дамира Кудайбергенова: Эмгек маянасы ставка боюнча көтөрүлүп атат. Мындан мурун 2007-жылы биздин мугалимдерге көтөрүлгөн. 3 жыл көтөрүлө элек. Ага чейин дарыгерлерге, социалдык жумушчуларга көтөрүлүп калган экен. Мугалимдердин биринчи разряддын ставкасы 530 сом болсо, дарыгерлердики 690 сом экен. Финансисттер эсептешти, Каржы министрлиги менен макулдашылды. Ошондо азыр 1 млрд. 20 млн. сом керек.

Акча булагы табылат

“Азаттык”: Айылчы мырза, бюджетте акча жок дегенди түшүнүү менен кабыл алып атабыз деңизчи, бирок үй-бүлөлүк бюджеттин да акчасы жок. Балдарын тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылалбай аткан мугалимдерди да түшүнүш керек болуп атпайбы.

Айылчы Сарыбаев: Маселени биз тереңирээк, кененирээк карасак. Бул жерде Билим берүү министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Бул министрлик болгону мугалимдердин ишин уюштура турган министрлик. Ал эми айлык акы проблемасын чече турган башка министрликтер, өкмөттүн структуралары бар. Бул жерде министрликке, же башкармалыкка доомат артуудан эч натыйжа чыкпайт.

“Азаттык”: Булар жок дегенде мугалимдердин талабын талашып, эмнеге ушуга чейин социалдык башка кызматкерлер менен бир деңгээлге жеткире алган жок деген да суроо бар?



“Азаттык”: “Ата Мекен” партиясы бюджетти көбөйтүүнүн айрым жолдорун сунуштап чыкты. Анын ичинде Американын транзиттик борборуна куюлуучу күйүүчү майга салык киргизүү жолу. Муну ишке ашыра алабызбы?

Айылчы Сарыбаев: Албетте булар туура эле козгоп атат маселени. Ошону кошумча булак катары мугалимдерге жумшаса болот. Бул миң булактын бир эле булагы.

“Азаттык”:
Калил мырза, 19 жылдык эмгек стажыңыз менен мектепте бир жарым ставкада иштеп атып, бүгүнкү күнү колуңузга бир айда канча акча аласыз?

Калил Карабаев: Бир жарым ставка менен мен азыр иштеп 3800-4 миңдин тегерегине жетпеген айлык алам.

“Азаттык”: Айылчы мырза, сиз калыс пикириңизди айтсаңыз, ушул акча менен бир ай бала-чака багып жашоого мүмкүнбү?

Айылчы Сарыбаев: Бир жарым ставка дегендин өзү абсурд. Мугалимдин нормалдуу жумушчу күнү бир эле ставка менен чектелиш керек. Илгертен 25 жылдан кийин бир канча жыл иштеген үчүн деп кошумча акча төлөнчү, эртерээк пенсияга чыкчу. Мен өзүм районодо да бухгалтер болуп иштегем.

“Азаттык”: Бирок сиз жакшы билесиз да, мисалы менин билишимче Калил мырза өзүнүн тарых мугалими адистигинен тышкары азыр мугалимдердин жетишсиздигинен улам мектепте аскердик башталгыч тарбия берүү сабагынан да сабак өтөт.



Калил Карабаев: Менин Айылчы агайга суроом бар. Мына сиз айтып атасыз бир жарым ставка деп. 2000-жылдан бери биздин мектепке бир дагы жаңы мугалим келе элек. Азыр биздин мектепте мага окшогон 50 жаштан өткөн мугалимдер иштеп атабыз. Баягы эле өзүнүн ишине патриоттор. Анан бир ставка менен чектелип калганыбызда 1966 сомго жашоого мүмкүнбү? Мен ошон үчүн министр келгенде айткан болчум.

Мен сиздин бирин-бири кайталаган министрликтерди жок кылуу боюнча айтканыңызга ыраазымын. Андан тышкары бир мезгилдер болгон мугалимдин айлыгы райкомдун биринчи секретары менен бирдей болуп келген. Кыргызстандын келечеги окуучуларда го. Бардыгы эле мектептен билим алып, мектептен тарбияланып депутаттыкка, министрге чейин жеткен го.

Айылчы Сарыбаев
Айылчы Сарыбаев: Мен азыр бир ставкага 8 миңге чейин берсин деп атам. Аны алыш үчүн мамлекеттик жогорку деңгээлде чоң саясий чечимдерди кабыл алыш керек. Биз Отунбаева, Текебаев, Атамбаев келгенде сүйүндүк. Себеби булар өздөрү көчөдө кыйкырып, жарды мугалимдердин жанында жүрүшпөдү беле төшүн какылашып. Мына эми ошол кыйкырган сөздөрүн ишке ашыра турган мезгил келди.

Чечкиндүү кадам жасап, алар программа кабыл алмайынча, азыркы убактылуу өкмөт бюджет саясатын жүргүзгөн жок. Булар былтыркы эле бюджетти эмдиги жылкыга жылдырып атышат. Муну кабыл албай туруп, тескерисинче, өзгөртүп жаңы, чоң чечимдерди кабыл алып анан мугалимдердин айлыгын көбөйтсө болот. Билими жок өлкө эч качан өнүкпөйт, эч качан экономика өнүкпөйт, билими жок өлкө такай азыркы күндө кандай кооптуу болсо, так ошондой болот, талкаланат, жоголот. Ошондуктан билим маселесин биринчи коймоюнча биз Кыргызстан эч качан өнүкпөйбүз.

Ортодо окуучулар кыйналды

“Азаттык”: Демек билимди өнүктүрүү үчүн мамлекет ошого каражат сарыпташ керек да?

Айылчы Сарыбаев: Албетте.

“Азаттык”: Калил мырза, кыргызда казанда болсо чөмүчкө чыгат деген сөз бар. Сиздер деле бюджет кургак болуп атканын түшүнүп турасыздар. Бирок сиздер талап койгондой өкмөт айлык акыны көтөрүп бере албаса, сиздер буга чейин да мөөнөт берип талап коюп келдиңиздер эле, 1-январдан баштап ишти таштайбыз деп. Бул жагы кандай болот? Анткени силердин мойнуңарда чындыгында эле биздин келечек артылып турат.







“Азаттык”: Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG