Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Жакында Кыргызстандын интернет сайттарында жайгаштырылган мектеп окуучулардын мушташы коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Адистер миграциянын айынан ата-эне мээримин, тарбиясын көрбөгөн балдар сырткы чөйрөдөн сабак алууда дешет.

Адистер миграциянын айынан ата-эне мээримин, тарбиясын көрбөгөн балдар сырткы чөйрөдөн сабак алууда дешет. Айрымдары бул маселени көз жаздымда калтырбай мамлекеттик деңгээлде чечүү зарылдыгын белгилеп жатышат. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары:

Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Сейит Жаанбаев

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, педагогика илимдеринни кандидаты Кадиян Бообекова

Базар-Коргондон мугалим Гүлайым Топчубаева

“Азаттык”: Тасмада кыздардын мушташы жарым саатка чукул тартылган экен. Кадиян айым, сизге эне катары суроо узатсам, бул кыздар өзүмдүн кызым болуп калышы мүмкүн деген сезим болобу? Ушул тасмадан кийин сиз кандай сезимде калдыңыз?

Кадиян Бообекова: Албетте коркуу пайда болду. Анткени ар бир эле ата-эне өзүнүн балдарынын коркунучтуу абалга, мушташка, же башка бирөөлөр тарабынан кемсинтүүгө дуушар болушу ар бир эле ата-энени коркута турган, түпөйүл кыла турган нерсе. Ошон үчүн коркуп жатабыз.

Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгы мектепте сөзсүз түрдө чагылдырылат, мектепте чагылдырылган нерселердин бардыгы окуучулардын ичинде, же мугалимдердин арасында көрүнөт. Мындай балдардын арасында агрессия, мушташуу, тартышуу, бөлүп салуу, же аларды кемсинтүү, жаман сөздөрдү айтуу, шылдың лакап ат коюу сыяктуу агрессиялык мамилелер үй-бүлө менен мектептин байланышынын жакшы эместигинен болууда. Анын үстүнө мугалимдер менен мектептин башкаруучулары тарабынан, же мугалимдер менен окуучулардын арасындагы коммуникациянын начардыгынан да болушу мүмкүн.

Агрессиялык мамиле жасагандардын көпчүлүгү үй-бүлөсүндө ошондой мамилеге дуушар болгон, же үй-бүлөдө баланын орду жок болгон, ата-энеси тарабынан кабыл алынбаган, эркелетилбеген, же “ашка жүк, башка жүк” катары көрүлгөн балдар көкүрөгүндөгү психологиялык кемчиликтерди мектепке барып башка бирөөдөн чыгарып, эс алат.

“Азаттык”: Гүлайым айым, Жалал-Абадда ушундай көрүнүштөр кездешеби?
Мурда жакшы киши болуу, коомго пайдалуу болуу баалуулугу бар болсо, азыр акча, күчтүү болуу баалуулук.


Гүлайым Топчубекова: Мен Базар-Коргондо жашайм. Айыл жерде да ушундай нерселер кездешип жатат. Мен ойлойм, мугалимдерди кемсинтип, интернетке тасманы чыгарууну окуучулар мода кылып алышкан, бири-бирине шыкак берип жатышат. Мында ата-эненин күнөөсү көп деп эсептейм. Себеби көпчүлүгү Орусияга баратып, бойго жеткен кыздар, балдарын туугандарына таштап кетүүдө. Ушундай терс нерселер көбөйүп атат.

Мектепте биз колубуздан келишинче иштеп атабыз, аялдар кеңеши бар, кыздарды чогултуп кеңеш беребиз. Ата-энеси Орусияда иштеп, ал жактан балдарына, кыздарына акчаны, телефон, кийим-кече жөнөтүп атат, ушул нерсе терс таасирин тийгизип жатат.

Бул өзүбүздүн башыбыздан өткөн нерсе, апаларыбыз дайыма жаныбызда жүргөн, алар бизге үлгү болгон. Ошол кыздардын ата-энесине барганда алар жоопкерчиликти мойнуна албай атат. Чет мамлекеттегидей кылып атасын, же апасын юридикалык жагынан жоопкерчиликке тартып, айыппул төлөтүш керек. Алар жоопко тартылбагандай болууда.

“Азаттык”: Мектептерде аялдар кеңеши ушундай көрүнүштөрдү тыйып жатасыңарбы?

Гүлайым Топчубекова: Айтабыз, ата-энесине дароо жеткиребиз, чогулуш өткөрөбүз. Он жыл мурдагы кыздар менен азыркы кыздардын психологиясы башка. Мектепте жакшы эле көңүл буруп, абдан терең маселе коюп, педкеңеште да, отурумда да көп айтып атабыз.

“Азаттык”: Мугалимдердин мындай окуяларды болтурбоодо ролу кандай?

Гүлайым Топчубекова: Колдон келишинче болтурбоого умтулуп атат. Бирок үйүнө барсак “эжемдин кызы эле, менин күчүм жетпей калды” деп айтышат. Алардын ата-энеси жанында жок.

“Кызга кырк үйдөн тыюу”

“Азаттык”: Сейит мырза, ушундай учурлар көбөйүп атат. Бул бир эле учур эмес, бир нече жолу ушундай тасмалар чыгып кеткен. Деги кайда баратабыз, балдар эле эмес кыздар да агрессияга алдырып атат?

Сейит Жаанбаев: Коомдогу оң, терс нерселердин бардыгы мектепте балдар аркылуу чагылдырылат. Бүгүнкү күндө айрыкча биздин кыздарыбыздын ушундай абалга келиши, жанагы роликтеги кыздардын сүйлөшүп, сөгүшүп атканы өтө коркунучтуу.
Биздин убакта балдар кыздарды талашып урушчубуз. Ал эми кыздар балдарды талашып урушканын уккан эмесмин.


Көп жылдардан бери жагдайларын карап, иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Орчундуу нерсе – мамлекет бүгүн таалим-тарбия маселесине көңүл бурбай калган. Турмуштун ачуу чындыгы: балдар көчөдө көргөнүн, укканын кайталап атпайбы.

Дагы бир жагдайды эске алыш керек экен, биз иликтөөлөрдү, сурамжылоолорду жүргүзүп көрсөк, рэкетчилик, атаман, топ башы болгон балдар да, кыздар да көбүнчө колунда бар, же бийликтеги ата-энелердин балдар-кыздары болуп чыгат. Себеби алар бир нерсе болсо “ата-энем жардамга келет” деп, артында бекем ишенич менен жанагындай иштерге барат экен.

Бизде билим берүү жөнүндө мыйзамыбыз бар, бирок тарбия жөнүндө мамлекеттик мыйзам жок. Дегеле Кыргызстанда мектептерге, мугалимдерге башыбызды ийип таазим кылсак болот. Тарбия жөнүндө мыйзам жогуна карабай биздин эжелер болгон тарбияны берип, ишин уюштуруп атат. Тарбия деген пунктту кайда мыйзамды ачып карап көргүлө деп бир да мугалим айткан жок. Бул жерде эмнени айтып атат? Бала менен иштөө, үйдөгү баланы тарбиялоо, үйдө балага көңүл бурулбай, бала өзү менен өзү калып, чөйрөнүн тарбиясын алып, ушундай жагдайга түшүп кетти.

“Азаттык”: Сиздер ата-энеге көбүрөөк басым жасап атасыздар. Бул жерде коомчулуктун да ролу жогору болуш керек. Кайдыгер мамиле кылгандай да сезилет. Кадиян айым, коомчулук ушул маселеде кандай роль ойнош керек, же эмне кылыш керек?

Кадиян Бообекова: Коомчулуктан мурун “эртеңки күндүн атуулдары кандай болуш керек, биз кандай жарандарды күтөбүз” деген суроо коюлганда биздин билим берүү системасында билим берүүнүн максаты жок. Демек биз азыр билим берип атабыз, эртеңки күнү менин кошунам, жанымдагы кишилер, же тууган-уругум кандай болсо бизге баары бир деген кайдыгер мамиле бар.

Мурда Советтер Союзунун идеологиясы күчтүү болгон үчүн эл тарбиялана берчү. Азыр болсо улуттук идеология да жок, билим берүүнүн максаты да жок. Ар бир сабактын максаты бар, бирок жалпы билим берүүнүн максаты жок. Билим жана тарбия берүүнүн максаты болбогону үчүн мага баары бир, иши кылып айлыгымды алсам болду деп атат, коомчулук муну билбеген үчүн коомчулук мугалимдерге, мугалимдер ата-энеге, ата-эне өлкө башчыларына шылтайт, иши кылып мен күнөөлүү болбоюн деген учурлар көп болуп атат.
Биз бүгүн кыргызча сүйлөгөндөн, кыргызмын деп айтуудан уялып калдык. Ошон үчүн биздин кыргыз деген тарбиябыз, каада-салтыбыз буларга сиңбей атат.


Мээримин, сүйүүсүн алалбаган үчүн, көкүрөгүндө калган тескери энергияны бир жерден чыгарыш керек, ал агрессия катары көрсөтүлүп атат. Бизде “кызга кырк үйдөн тыюу” деген бар болчу, баары тарбиялачу. Азыр андай кылалбайт, “сенин ишиң эмне” деп коет. Улуулар да “мага эмне” деген кайдыгер мамилеге өзүбүз да көнүп алдык.

Мектепте мугалимдер бардыгына жетише бербейт, ал үчүн мектеп психологдорун даярдаш керек. Мектеп психологдорун даярдай турган атайын программаны иштеп чыгыш керек жана билим берүүнүн максатын такташ керек. Билим берүүнүн максатынын тактыгы өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бирден-бир негизги себеби деп эсептейм.

Сөзү өтпөгөн ата-эне

“Азаттык”: Гүлайым айым, азыр окуучулар агрессивдүү болуп атабы, мектептеги психологдорго муктажбы?

Гүлайым Топчубекова: Азыркы мезгилде институтту диплом алыш үчүн гана эмес, өзү окуп, билимдүү психологдор керек. Эгерде мектепте психолог болсо бала апасына да, атасына да, мугалимине да айтпаган нерсени ошону менен бөлүшүп алат. Ал туура. Орусиядан келгенде кыздарын көрүп алып, бизге мектепке апалары ыйлап келет, 7-8-класстагы кыздардын апалары “менин күчүм жетпей калды, жардам бергиле” деп бизге кайрылат.

“Азаттык”: Эмнеге күчү жетпей калды, чөйрө, же адамдар өздөрү өзгөрүп атабы?

Гүлайым Топчубекова: Мурда бизге ата-энелерибиз үйдө тамак берип, кийинтип коюп, жакшы тарбия берсе ушул бакыт деп эсептейт эле. Азыркы ата-энелер болсо “мен эки кабат үй салышым керек, унаа алышым керек” дешет. Чындыгында мамлекет жактан мыйзам жок.

“Азаттык”: Сейит мырза, эмне үчүн ата-эне өзүнүн баласына тарбия бере албай, сөзү өтпөй атат?

Сейит Жаанбаев: Бала менен ата-эне бир пикирде, ата-баладай болуп сүйлөшүү, алар балдардын көйгөйүн угуп, бул эмнеге муктаж, буга эмне керек деген нерсе жок болуп атат. Ата-эне ойлоп атат, “кийиндирип-ичиндирип, чөнтөгүнө акча салып берип койдум, мен багып атам” деп.

Тарбия маселесин ата-эне менен эле мектепке түртө коюп, бир нерсе болсо мектептен сурап атабыз. Тарбия маселеси комплекстүү жалпыланган иш-чара болуш керек. Бул жерде Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Жаштар саясаты министрлиги, Эмгекке орноштуруу, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстандын келечеги боло турган адамды тарбиялай турган бирдиктүү, максаттуу программа керек. Ушундай бирдиктүү тарбиянын, бирдиктүү идеологиянын жоктугунан тарбия чар жайыт болуп, балдар көчөнүн тарбиясын алууда.

“Азаттык”: Анда сиздин оюңузча биздин чөйрөбүз бүт ошондой болуп кеткен турбайбы?
Орусиядан келгенде кыздарын көрүп алып, бизге мектепке апалары ыйлап келет, 7-8-класстагы кыздардын апалары “менин күчүм жетпей калды, жардам бергиле” деп.


Сейит Жаанбаев: Ооба, колубузду көкүрөккө коюп карайлы, Ош базарына, Аламүдүн базарына баралы, же “Дордой” базарына баралы, ошол жерде отурган эжекелердин сүлөшкөнүн, урушканын, бири-бирин кыйкырып чакырганын уксаң төбө чачың тик турат. Эртеден-кечке суукта базарда азабын жеп отурат да, анан үйүнө келип жаны кашайганда баласын урушат, “мен минтип таап атам, кыйналып атам, сен минтип жүрөсүң” деп баланы агрессивдүү түрдө басып атат. Коркунучтуусу биздин кыздар ушул абалга жетип калган.

Ошондуктан мамлекетте энелерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек. Жалгыз эле Кыргызстан аялдар конгресси бар. Ушулар жан талашып, “Сезим” жана башка кризистик борборун ачып алып иштеп атат. Эркектердин баары көчөдө калды. Мен айтып калам, бүгүнкү күндө биздин эркек балдарыбыз сайпана сыяктуу болуп калды. Себеби үйдөн апасы тарбиялайт, мектептин 90 пайызы эжекелер, бүт аялдын тарбиясын көрүп атпайбы. Эркек атанын тарбиясын көрбөсө бул да баланын психологиясына таасир берет эле. Ошондуктан биз мектептерде эрекек мугалимдер көбөйсө, атанын тарбиясы болсо деп айтып атабыз.

Кадиян Бообекова: Башкаларга окшобой калуу, өзүнүн ким экенин далилдөө деген сыяктуу жарыштар аябай көп болуп кетти. Агай айткандай, эркектердин ролу басаңдап, аялдардын ролу коомдо өскөн сайын, кыздар энелерин, же эжелерин туурап, "менин да ролум чоң болуш керек, мен башташым керек, билишим керек" деген сыяктуу башташат. Үйүндө бири-бири менен урушуп аткан болсо, ошону угуп аткан бала агрессияга кетет, анан сырттан, же телевизордон көрөт, бул кыз сонун мушташат экен, мен да ушундай болсом деген балалык кыял менен практикалаганга өтүшү да мүмкүн. Азыркы коомдо ушундай көбөйдү.

Мурда балдар кыздарды талашса, азыр тескерисинче

“Азаттык”: Мен башында да белгиледим эле, бир ата-эне ошол видеону көргөндө бул менин кызым эмес дегендей мамиле жасайт. Ошондон улам коомчулуктун кайдыгер мамилесинен ушундай болуп атабы деген ой туулат. Коомчулукту буга кайдыгер карабай, ушуну чогуу чечкенге үйрөтө алабыз?

Сейит Жаанбаев: Кызыктай болуп атат, коомчулук эле дейсиң, “ай кыз, кой” десең, сотко чейин сүйрөгөн балакет бар. Коомчулук эле эмес, жакында Бишкекте 11-класстын окуучусунун ата-энеси келип, мугалимин урушуп атат, “сен окутсаң жөн окуткуң, менин кызыма андай бол, мындай бол деп айтууга кандай акың бар” дейт, “тамеки чегет” десе, “сенин акчаңа чегип атабы” дейт.

Балдар өзүнүн милдетин билбей атат. Балдар эмнеге милдеттүү? Коомчулукта кыздар урушуп атканын көрсө да жанынан өткөн адамдар арачаласа эртең ата-энесин сүйрөп келет, “мени көчөдөн минтип айтты” деп. Ушундай чалкеш болуп атат. Биздин убакта балдар кыздарды талашып урушчубуз. Ал эми кыздар балдарды талашып урушканын уккан эмесмин.

Андан сырткары 52-мектептин кыздары бир кызды мыкаачылык менен сабап туруп, 3 метр бийиктиктен ыргытып ийип атпайбы. Биздин кыздарыбыз ушунчалык айоосуз мыкаачыга айланып баратканы курутуп атпайбы.
Эркек атанын тарбиясын көрбөсө бул да баланын психологиясына таасир берет эле.


Биз “кыздын жүрөгү назик, кыз кыздай болуш керек” деп айтабыз. Биздин кыздарыбыз мыкаачылык сезим өнүгүп баратат. Ушуга кантип жетип калды? Дагы бир нерсени баса белгилеп айтыш керек: азыр сүйлөп аткан кыздарыбызды карасак, сөзүнүн жарымы орусча, жарымы кыргызча, эмнени айтып атканын билбейт. Биз бүгүн кыргызча сүйлөгөндөн, кыргызмын деп айтуудан уялып калдык. Ошон үчүн биздин кыргыз деген тарбиябыз, каада-салтыбыз буларга сиңбей атат.

Үй-бүлөлүк тарбия да ушундай болуп атат, үйдөгү ата менен эненин ортосундагы сүйлөшүү, мамиле, алака балдардын тарбиясына өтө чоң таасир берет. Эгерде экөө бирин бири сыйлап, бири-бирине жакшы мамиле кылса бала ошону көрөт. Бардык ата-эне ойлонушу керек. Сүйлөшүп атканын уккан, көргөн ар бир ата-эне менин кызым эмес экен дебей, менин кызым ушундай болуп калса эмне болот деп ойлонуш керек. Мына ушундай абалга алып келгенден кийин гана таалим-тарбия жолуна коюлат.

Кадиян Бообекова: Атанын, эненин өзүнүн аброюнун, куттуулугунун коомдо жок болушу, үй-бүлөнүн куту качканы, эмне болсо да эптеп жашап кетишим керек деген максат коюп алышы, баалуулуктардын өзгөрүшү ушуга алып келди. Мурда жакшы киши болуу, коомго пайдалуу болуу баалуулугу бар болсо, азыр акча, күчтүү болуу баалуулук. Баары бир акча менен күчтүү болосуң.

“Азаттык”: Эми буга ата-энелер жоопкерчиликти алыш керекпи, бийликпи, коомчулукпу? Негизи эле бул маселени көз жаздымда калтырбай кантип жолун таап чечишибиз керек?
Биздин кыздарыбыз ушунчалык айоосуз мыкаачыга айланып баратканы курутуп атпайбы.


Кадиян Бообекова: Бул боюнча ата-энелер, коомчулук жана мектеп үч бурчтугу бири-бири менен тыгыз байланышып иштеши керек. Бул проблема бар, болот, мындан көбөйүп кетиши да мүмкүн. Көбөйбөшү үчүн мамлекеттик деңгээлде атайын чечим чыгарып, балдарды тарбиялоо, балага жакындашуу, бала менен ата-энелердин сүйлөшүүсү, балдар менен балдардын арасындагы коммуникация, сүйлөшүү, бири-бири менен тыгыз байланыш мамилелер боюнча атайын көрсөтүүлөрдү даярдап бат-бат берип турушубуз керек. Чет өлкөнүн согушкан, кан чыгарган тасмаларына караганда тарбиялык маанидеги программаларды көбүрөөк берип, талкууларды уюштурсак биз улутубузду сактап калабыз. Агай айткандай тилибиз болбосо, каада-салтыбызды сүйлөбөсөк биз кимбиз? Ааламдашуунун шартында биз өзүбүз болуп калышыбыз керек.

Сейит Жаанбаев: Акыркы 4-5 жылдан бери бул маселе көтөрүлүп келатат. Ошондуктан соттоо менен эч качан оңдой албайбыз, тескерисинче бузабыз. Бүгүнкү күнү биздин президенттин, өкмөттүн алдында идеологиялык бөлүм жок, алар жоюлуп кеткен. Байгазиевдин иштеп чыккан иши, ага канча мектеп мугалимдери катышты, канча сынактан өткөрдүк, ошол бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн кайсы кабинетинде жатканы белгисиз. Мамлекеттик деңгээлде өкмөттүн алдында атайын бир уюм иштеш керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG