Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:06

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө, жумушсуздук маселесине жана кадрлардын даярдыгына арналды.

Талкууга билим берүү министринин орун басары Муктар Орозбеков жана Эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинин статс катчысы Тынычбек Табалдиев катышты.





“Азаттык”: Бүгүн Кыргызстанга кандай кадрлар керек? Мамлекет аны кандай жолдор менен аныктайт?

Тынычбек Табалдиев: Бүгүнкү күндө СССР учурундагыдай пландоо түрдө жумушка орноштуруу жок. Бюджеттик мекемелер гана ишке орноштуруу кызматтарына арыздарын беришет, ошого туура келген адамдар ишке жөнөтүлөт.

Берген арыздардын 25 пайызы жумушсуздар, алар ал орундарга келбейт. Кыргызстанда жумушсуздар өтө көп болуп атканда 25 пайызы пайдаланбайт.

Экинчи тарабынан, биздин мыйзам буга эч кандай кепилдик бербейт. Себеби бизде 90 пайызга жакыны жеке менчик ээлери. Алардын бүгүнкү күндө кадр даярдоо жана жумушка кандай алаарынын механизми аныкталган эмес. Бир гана эмгек рыногу аркылуу аныкталат деп койгон.

Бүгүнкү күндө көбүн оңой-олтоң издөө, мамлекеттик органдарга расмий арыз бербестен каалаган эмгек акыны орнотот. Бул көмүскө экономиканын гүлдөшүнө көмөк түзгөн мыйзам.
Азыр жумуш орундун азайганынан бүтүрүүчүлөр иш таппай жатат. Кыргызстанда 52 жогорку окуу жай пайда болгон, анын 21и менчик, 31и мамлекеттик.

“Азаттык”: Андай болгондо жогорку окуу жайлар кантип кадрларды даярдайт, кандай негизде тандап, адистиктерди кантип бөлүштүрүшөт?

Муктар Орозбеков: Акыркы жылдары жогорку окуу жайларына мамлекет тарабынан 5700 бюджеттик орун бөлүнгөн. Бул бюджеттик орундун негизги бөлүгүн социалдык багыттагы – педагогдор, медицина багытындагы адистиктер түзөт. Андан ашкандары инженердик, тоо кенин иштетүү боюнча, курулуш, информатика багытындагы адистиктерди, мезгил талабына керектүү жогорку билимдүү адистиктерди даярдоого бөлүнгөн.

Райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынан берилген буйруктар боюнча ушул адистиктерге даярдыктар жүрүп жатат. Андан башка дагы келишимдик негизде ар бир абитуриент өзүнүн каалоосу боюнча башка адистик боюнча билим алып, дипломго ээ болгонго акысы бар.

“Азаттык”: Бирок ошол эле мезгилде быйылкы алгачкы маалымат боюнча мамлекет төлөп берем деген орундар да толбой калды. Жылыштырып толтурдуңуздар окшойт. Эмне үчүн балдар бюджеттик орундарга келбей жатат? Жогорку окуу жайлардан көңүлү калганы үчүнбү, же диплом кереги жок болуп атабы, же болбосо пландоо менен тажрыйба, практика менен окуунун айкаштыгы жоктуктан болуп атабы?

Муктар Орозбеков: Быйылкы жылы башка жылдардан өзгөчөлөнүп жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүнө өкмөттүн токтому менен республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гана кабыл алдык. Ошол себептен биринчи турда тепкичти жогору койгонубузга байланыштуу 2-3 турдун эсебинен ал толукталды.
Кепилдик жоктугунан жогорку окуу жайды бүтүп алып, иш жок, бирок эмгек акы табыш керек да, өзүн өзү багыш керек, анан биринчи туш келген жерде иштеп атышат.

“Азаттык”: Демек толбой калуунун себеби каалабагандыктан эмес, кабыл алуунун механизминин туура эместигинен болуп атабы, же талаптын жогору болгонунанбы?

Муктар Орозбеков: Быйылкы жылы биринчи жолу тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алганыбыз үчүн тестирлөөгө жалпы республикадагы 72 миң бүтүрүүчүнүн 40 миңи гана катышты. Ошол эле кезде быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу тестирлөөгө катышкандардын саны 10 миңге көбөйдү.

“Азаттык”: Ар бирибиз билебиз, техникалык билим эмес, юридикалык, экономикалык билим алган далай адистер жумушу жок жүрөт.

Тынычбек Табалдиев: Биздин министрликтин ишке орноштуруу жана миграция иштери боюнча ар бир райондо бөлүмдөрү бар. Ошол жерге кайрылыш керек. Биз алдын ала кепилдик бере албайбыз. Бирок инженердик орундарга өтө аз арыз түшөт, көбү сыртка кетип жатат.

“Азаттык”: Мурда жогорку диплом чоң кызматтарга жеткире турган, социалдык статус бере турган, кепилдей турган, барктуу бийиктик катары саналчу. Азыр диплом алгандардын саны өтө көп, бирок божомолдорго караганда алардын 30 эле пайызы ишке орношот экен. Муну жогорку окуу жайлардын билим берүү сапатынын төмөндүгү менен түшүндүрсө болобу, же кесипкөй адистер чыкпаганы үчүн дипломдуулар ишсиз болуп, анан аргасыз колунан келген ишин жасап жатканы тандоонун туура эместигинен болуп атабы?

Тынычбек Табалдиев: Үч жылдан бери Жогорку Кеңеште ишке орноштуруу боюнча мыйзам кабыл алынбай жатат. Ал мызамда иш берүүчүлөр массалык түрдө иштен кыскартуу болсо мамлекеттик органдарга берилет деп айтылган. Калган бош орундар болсо ал жөнүндө билдирилбейт.
Кыргызстанда эмгек рыногу жок. Бизде үч тараптуу келишим деген бар, ушуга жумуш берүүчүлөр ассоциациялары катышпайт.

Кыргызстанда адистерибиз ишке жетишпей жаткан учурда ушул мыйзамды тез кабыл алышыбыз керек. Бул эмгек рыногунун биринчи кепилдиги болот.

Бүгүн өлкөдө бардыгын эле бюджеттик акчадан чечебиз деген саясатка өтүп алдык. Андай эмес. Жумуш берүүчүлөрдүн акчасы болуш керек. Алар “бул жакшы окуган окучу, бизге келип иштейт” деп тандап кетиш керек. Ошондой кызыгуу, көзөмөл болбосо, жалаң бюджеттик акча менен проблеманы чече албайбыз.

Муктар Орозбеков: Бизде мурдагы эле Совет доорунан келаткан окуу жайлар көбөйсө көбөйдү, бирок азайган жок. Окуу жайлардын лабораториялык базалары бир топ оңолгон. Азыр жумуш орундун азайганынан бүтүрүүчүлөр иш таппай жатат. Кыргызстанда 52 жогорку окуу жай пайда болгон, анын 21и менчик, 31и мамлекеттик. Өкмөт 15ке чейин кыскартабыз деди. Азыр сандан сапатка өтүп аткан мезгил. Терс көрүнүштөр кээ бир жогорку окуу жайларда бар, ошолор менен азыр заман талабына ылайык күрөшүп жатабыз.

“Азаттык”: Жогорку окуу жайларда көп учурда студенттер окубайт, экзамен убагында акча беришет. Ушуну жоюу үчүн эмне кылыш керек? Дегеле эмне үчүн мугалимдер ушундай кадамга барышат?

Муктар Орозбеков: Муну жоюу биринчи кезекте ата-эненин милдети. Бир гана министрлик ушуну жойот дегенден алысмын. Ата-эне баласына китеп алууга акчаны берсин, ал жакшы окуганын көзөмөлдөп берсе, ушул илдеттен тезирээк арылат элек деген ойдомун.

“Азаттык”: Бүгүн жогорку окуу жайда окуганга караганда, куруучунун, тигүүчүнүн, ширеткичтин өнөрүн өздөштүрүп, ушул багытта иштеп кеткендер көп. Бул рыноктун талабыбы, же билим деңгээли жетишсиз болуп, колунан келген ишти жасап атабы?
Бүгүн өлкөдө бардыгын эле бюджеттик акчадан чечебиз деген саясатка өтүп алдык. Андай эмес. Жумуш берүүчүлөрдүн акчасы болуш керек.

Тынычбек Табалдиев: Кыргызстанда эмгек рыногу жок. Бизде үч тараптуу келишим деген бар, ушуга жумуш берүүчүлөр ассоциациялары катышпайт. Кепилдик жоктугунан жогорку окуу жайды бүтүп алып, иш жок, бирок эмгек акы табыш керек да, өзүн өзү багыш керек, анан биринчи туш келген жерде иштеп атышат. Бул жерден ширеткич, куруучулар иш таба албай, анан Орусия, Казакстанга кетип атат.

“Азаттык”: Сиз иштеген министрлик ушул багытта эмне иш аткарып атат?

Тынычбек Табалдиев: Жумуш берүүчүлөр бизге 10 пайыз эле арыз берет. Калганын биз мажбурлабайбыз. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш мыйзамга өзгөртүүнү тезирээк киргизиши керек. Ошондо эмгек рыногу пайда болот, ошол жерге эки тарап келет – жогорку окуу жайын бүткөндөр жана жумуш берүүчүлөр.

“Азаттык”: Бүгүнкү күнү рынок талап кылган кесиптер кайсылар, силерде мониторинг барбы?

Тынычбек Табалдиев: Бизде бүт министрликтер, жергиликтүү акимчиликтер менен 15 жылга чейин эсебибиз бар. Бирок бюджеттик мекемелерден башкасы бизге кепилдик бербейт.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан мыйзамды кабыл алуу ыктымалдыгы канчалык?

Тынычбек Табалдиев: Бул Жогорку Кеңештин, өкмөттүн саясаты болуш керек. Кээ бири “рынок экономикасында жумуш берүүчүлөргө биз эч нерсе дей албайт экенбиз” деп айтып атат. Чет өлкөлөрдө бар: рынок экономикасына жаңы кирип атканда ушундай методдор колдонулат, муктаж кылат, иш бериш керек, көзөмөл болуш керек. Бирок кимисин тандап алат - ага эч ким киришпейт, аны жумуш берүүчү өзү тандап алат. Бул мыйзамды тездеттириш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG