Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Быйыл Кыргызстандын орто мектептерин аяктаган 62 миң бүтүрүүчүнүн 52 миңден ашыгы Жалпы республикалык тест сынагынан өтүштү.

Жалпы республикалык тестте жогорку балл алгандар бюджеттик орундарга ээ болушса, босого чегинен өтпөй калгандар 30-июлга чейин ар кайсы жогорку окуу жайдан орун издеп, убара болушту.

Эмне үчүн Кыргызстанда тест сынагында жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдүн саны аз? Кызыл аттестат алган бүтүрүүчүлөрдүн тест сынагында төмөн баа алышынын себеби эмнеде? Тест сынагы кесип тандоого багыт бере алабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү сапатын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетине караштуу коллеждин директору Нурзат Жунушалиева катышты.

“Азаттык”: Марат мырза, быйыл Кыргызстандын орто мектептерин аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн эң алды 238 балл алды. Ал эми эң төмөн балл канча болду? Анан эмне үчүн жалпы республикалык тест сынагы жүргүзүлгөн акыркы бир топ жылдан бери бүтүрүүчүлөрдүн билим көрсөткүчү дээрлик жогорулабай жатат?

Марат Усеналиев: Биринчиден, жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру аяктагандыгын жана анын негизинде 4 604 абитуриент быйыл студент болуп катталганын кабарлай кетейин. Тилекке каршы, 328 бюджеттик орун бош калды.

Былтыр бюджеттик 618 орун бош калган. Толбой калган орундар мугалим, анын ичинен математика, физика, андан тышкары курулуш адистиктерине окута турган орундар эле. Эмнегедир быйыл курулуш адистигине да балдар аз келди.

Биздин оюбузча, предметтик сабак болгон математика жана физикадан өтүү кыйын болду. Үч турдан турган кабыл алуу 11-июлдан 30-июлга чейин болду. Биринчи турдан студент болууга укук берген талондорду алган айрым абитуриенттер 3-турга чейин кесип тандап, улам бир окуу жайды тандап жүрүшүп, эки жактан тең куру калгандар да болушту.

Быйыл гранттык 4 932 орунга 26 000 абитуриент ат салышты. Анын ичинен 2 610 абитуриент 1-турда катталды, 2 322 орунга 2-турда кабыл алынды, калган 779 орундун 451 орунун 3-турга катышкан абитуриенттер ээлешти. Тилекке каршы, 328 орун бош калды. Акыркы 3 жылдан бери эң төмөнкү балл 110 балл, предметтик балл 60 болуп жатат. Бул толук 3 деген баага билет дегенди билдирет.

Кызыл аттестатты жылына 3000 бала алчу, быйыл алардын саны 2 миңдей болду.

Тест сынагынын натыйжасында 50 бала алтын сертификат алышты, эң төмөн балл 35 - 47 балл болду. Кызыл аттестатты жылына 3000 бала алчу, быйыл алардын саны 2 миңдей болду. Чын эле Кызыл аттестатка татыктуу экендигин 214 бала ырастап берди. Студенттерди кабыл алуу быйыл өтө катуу көзөмөлдүн алдында өттү. Билим берүү министрлиги атайын көзөмөл башкармалыгын түзгөн. Башкармалык ар бир ЖОЖдо каттоо процессин көрсөтүп турду.

Тест сынагында билим деңгээл айыл менен шаарда окуган абитуриенттердин ортосунда катуу байкалды. Себеби, айылда окуган балдарды жакшы окуткан мугалимдер жок. Жада калса бюджеттин эсебинен окуган адистер да айылга барбай жатышат. Бул кемтикти жоюу үчүн өкмөттүн атайы токтому кабыл алынды. Анын негизинде быйылтан баштап бюджеттин эсебинен окуган адистер жиберилген аймагына барбаса, кеткен чыгымды толук түрдө кайра төлөп берет.

"Азаттык": Нурзат айым, кийинки жылдары Кыргызстанда так илимдер менен жогорку билимдүү адистиктерге суроо-талап абдан жогору болуп жатат. Бирок, тилекке каршы, гуманитардык илимге ыктаган жаштар көп болуп жатат. Ушундан улам инновациялык технологиялар тармагындагы адистерди даярдаган окуу жай катары сиздер үчүн болочок абитуриенттерди тандоодо кыйынчылык болгон жери жокпу?

Нурзат Жунушалиева: Биздин окуу жайда абитуриенттердин билимин текшерүүгө абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Абитуриенттин билим деңгээлин дыкат жана жеткиликтүү текшерүү үчүн 20 миңден ашык компьютердик суроо түзүлгөн. Талапкер акыркы суроого жооп берери менен канча суроого туура, канчасына туура эмес жооп бергенин дароо биле алат.

Бизге жыл сайын окуюн деп келген жаштардын саны көбөйүп жатат, алардын арасында курулуш технологиясы, электр тармагы менен камсыздоо адистиктерине окуюн деп келген талапкерлер абдан көп болду.

Быйылтан баштап бюджеттин эсебинен окуган адистер жиберилген аймагына барбаса, кеткен чыгымды толук түрдө кайра төлөп берет.

Бирок жаштардын билим деңгээлин текшерген тест сынагын, тактап айтканда, суроолорду түзүү, алардын сапатын жакшыртуу зарылдыгы бышып жетилди деген ойдомун. Аны Билим берүү министрлиги, окуу жайлар, башка тиешелүү мекемелердин адистери жана ата-энелер менен бирге эксперттик талкууларды жүргүзүп, анын негизинде жакшыртуу зарыл деген ойдомун. Анткени абитуриенттер алган билимин тест убагында тастыктап бере албай жатышат. Буга суроолордун көпчүлүгүнүн логикалык ой жүгүртүүгө негизделгени жана АКШнын кеңештеринин тесттеринин негизинде түзүлгөнү башкы себеп болууда. Жалпы тестирлөөнүн суроолору менен орто мектепте окутуу программасынын айырмасы чоң.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG